Раймер: Жарыяланган өткөөл баяндамабыз Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүдө биз көңүл буруп жаткан бир катар маселелерди камтыйт.
Биз шайлоо өнөктүгүнүн каржылануусуна, медиа чөйрө менен байланышкан кырдаалга, жалпы эле электоралдык жараянга көңүл буруп жатабыз. Анан албетте добуш берген күнү шайлоо бекеттерине көз салабыз.
Шайлоо өнөктүгүнө байкоо салуунун жүрүшүндө ага тиешеси бар тараптардын кеңири чөйрөсү менен да жолугуп жатабыз. Алар талапкерлер, саясий партиялар, өкмөттүн жана шайлоо администрациясынын эле эмес, жарандык коомдун, медианын да өкүлдөрү. Мунун баары бизге жараянды кеңири, ар тараптуу, терең анализдеп, баалашыбызга жардам бериши керек.
“Азаттык”: ЕККУ байкоочуларынын өткөөл баяндамасы 5-26-сентябрдагы аралыкты камтыптыр. Бул мезгил аралыгында шайлоо өнөктүгү сиздерге кандай көрүндү?
ЕККУнун байкоочулар миссиясына да административдик ресурс колдонулду, шайлоочуларга басым жасоо, добуш сатып алуу делген учурлар боюнча бир нече арыз түштү.
Раймер: Азыркыга чейинки үгүт өнөктүгүн өлкө боюнча саналуу эле талапкер жана алардын аймактык структуралары жүргүзүп жатат да. Эки талапкер башка талапкерди колдой турганын эл алдында ачык айтып чыкты. ЕККУнун байкоочулар миссиясына да административдик ресурс колдонулду, шайлоочуларга басым жасоо, добуш сатып алуу делген учурлар боюнча бир нече арыз түштү.
Кыргызстандын шайлоо мыйзамына киргизилген соңку өзгөртүүлөр талапкерлердин шайлоо коруна топтолуучу өздүк каражаттарынын, ыктыярдуу акчалай салымдардын көлөмүн кыйла көбөйттү. Бирок мыйзам өзгөртүлгөнү менен ал шайлоо өнөктүгүн каржылоо булактары боюнча маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылбайт.
Шайлоо мыйзамы массалык маалымат каражаттарын объективдүү маалымат таратып, талапкерлерге бирдей мамиле жасоого милдеттендирет. Бирок мыйзамдын бул талаптарынын аткарылышы үчүн массалык маалымат каражаттарына институционалдык мониторинг жүргүзүлбөйт экен.
“Азаттык”: Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун транспаренттүүлүгү, ачык -айкындуулугу Кыргызстан үчүн көптөн бери эле олуттуу маселе. ЕККУ байкоочулары шайлоо өнөктүгүнүн каржысында ачык-айкындык жок деген бүтүмдү буга чейинки парламенттик шайлоолор учурунда да чыгарган эле. Азыркы шайлоодо сиздер бул маселеге көңүл бурасыздарбы?
Раймер: Ооба, кандай шайлоо болбосун ага баа берүүдө, анын ичинде Кыргызстандын президенттик шайлоосунда да биз шайлоо өнөктүктү каржылоо маселесинин тескелишине жалпысынан көңүл бурабыз. Мен алдыда айткандай, мыйзамга айрым бир өзгөртүүлөр киргизилген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: Кыргызстандын шайлоолорундагы дагы бир талаштуу нерсе - административдик ресурс колдонуу. Азыркы президенттик шайлоодо бул маселени бийлик талапкеринин негизги атаандаштары, алардын жактоочулары, жарандык активисттер айтып жатышат. Шайлоонун ушул өңүтүн да карайсыздарбы?
Раймер: Албетте, биз жарыяланган өткөөл баяндамабызда шайлоо өнөктүгүндө мамлекеттик ресурс колдонулуп жатканы боюнча айыптоолор, ырастоолор болгону белгиленди. Буга көңүл бурууну албетте улантабыз.
“Азаттык”: Шайлоого эки аптага жетпеген убакыт калды. ЕККУ байкоочуларынын алдыдагы пландары кандай?
Байкоочулардын жыйынтык санын мен азыр так бере албайм. Бирок мен айткандай өлкө боюнча жайгаштыруу үчүн биз 350 байкоочу сураганбыз.
Раймер: Кыска мөөнөттүү байкоочуларыбыз, Кыргызстанга кийинки жумада келет. Алар өлкөдөгү кырдаал, биз көңүл буруп жаткан конкреттүү маселелер, шайлоого байкоо жүргүзүүнүн тажрыйбалары боюнча маалымат алышкандан кийин өлкө боюнча бөлүнүшөт. Шайлоо күнү бекеттердин ачылышынан тартып, добуш берүүнүн жүрүшү жана добушканалардын жабылышына чейин көз салышат. Шайлоо боюнча баштапкы баабызды добуш берүүнүн эртеси ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынан келген өнөктөштөрүбүз менен бирге беребиз. Шайлоодон сегиз аптадан кийин жыйынтык баяндамабызды чыгарып, анда шайлоо жараянына так жана кеңири баа гана берилбестен, жараянды жакшыртуу боюнча өз сунуштарыбызды да жолдойбуз.
“Азаттык”: Азыр мына Кыргызстанда ЕККУнун узак мөөнөттүү 26 байкоочусу иштеп жатыптыр. Кыска мөөнөттүү байкоочулардын саны канчага жетет?
Раймер: Биз ЕККУга мүчө мамлекеттерден кыска мөөнөттүү 350 байкоочу жөнөтүүнү өтүнгөнбүз. Бул планды ишке ашыруу боюнча акыркы милдеттенмелер азыр аткарылып жатат. Байкоочулардын жыйынтык санын мен азыр так бере албайм. Бирок мен айткандай өлкө боюнча жайгаштыруу үчүн биз 350 байкоочу сураганбыз.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.