Шайды оодарган шайлоо мыйзамдары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

22-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ар-Намыс» сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө парламентке өтүү чегин тогуз пайыздан жети, үч пайызга чейин түшүрүү жана 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн азайтуу сунуштары айтылды. Саясатчылар тогуз пайыздык босого баллдан өтө албай калган саясий күчтөр бийликке чоң маселе жаратышы мүмкүн экенин эскертишти.