Шайлоо - 2009: Үгүт өнөктүгүнүн алгачкы аптасы кандай жыйынтыкталды?

СДПнын өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин үгүт-жарнактары минтип шаардын борбордук көчөлөрүнө илинип, БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин үгүт-жарнактарын илүү кыйынга туруп жатканын айтып чыкты.

Шайлоо өнөктүгүнүн биринчи жумалыгы соңуна чыкты. Оппозиция Бакиев талапкер катары президенттик ыйгарым укуктарынан баш тартпагандыктан шайлоо кампаниясы маалында талапкерлер арасында теңсиздик орун алып жатканы айтууда. Оппозиция өз шайлоо штабынын чабалдыгын бийлик тарабынан бут тосууга шылтап, саясий упай топтогусу келгени тууралуу да пикирлер жок эмес. Ал арада президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жаткан “Таза шайлоо үчүн” уюму бүгүн шайлоонун өтүшү боюнча өзүнүн алгачкы баяндамасын жарыялады.
Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери - Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президентке ачык кат жолдоду. Анда бул жолку шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулуп жатканы жазылган. Катта ушу күндөрү жарнама агенттиктери Курманбек Бакиевден башка талапкерлердин шайлоо штабдары менен кызматташуудан коркуп, кызмат көрсөтүүдөн баш тартып жатканы да айтылган. Андыктан Бишкекте социал-демократтарга үгүт иштери үчүн жарнактарды илүү да кыйынга турууда. Эгер аларды илүүгө мүмкүнчүлүк болсо да ал шаардын ыңгайсыз булуң-бурчунан берилип жатат. Ачык кат ээлеринин айтымында, ошол эле учурда Бакиевдин үгүт-жарнактары үчүн Бишкектин так борборунан, шаардын башкы магистралдарынан орун тийүүдө.

Мындан улам социал-демократтар “талапкерлерге тең укук жана мүмкүнчүлүктөр берилет” деген жобону жүйөө кармап, өз үгүт материалдарын Бакиевдин плакаттарынын жанында илүүгө ниеттенишүүдө. Эгер алардын бул демилгесине тоскоолдук болчу болсо, партия шайлоого көз салчу байкоочулар менен эл аралык коомчулукка кайрылат.

Анткен менен президентикке дагы бир талапкер Токтайым Үмөталиева үгүт маалында өзүнө карата ушул өндүү теңсиздик мамилеге туш боло электигин билдирет. Анын айтымында, талапкерлердин уюштуруу штабынын чабалдыгынан улам чыгып жаткан мындай маселелерге саясий боек берүүнүн кажети жок. Үмөталиева президенттик ыйгарым укуктан баш тартпай шайлоого аттанган Бакиев өз мисалы менен өлкөдө укуктук талаа болбой жаткандыгын далилдеди деген пикирде.

- Ачык айтканда азыр кодекс (Шайлоо кодекси - ред.) менен Баш мыйзам карама-каршылыкта. Мындай шартта эки мыйзамдын тең иштөөгө акысы жок. Бул укуктук талаа жок дегенди билдирет. Ошол эле “азыр оппозициядабыз” деп жүргөн СДПнын өкүлдөрү ушул кодекске кол көтөрүп беришпедиби беле. Азыр албетте теңдик жок.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жаткан “Таза шайлоо үчүн” уюму бүгүн өз интернет баракчасында шайлоонун өтүшү боюнча алгачкы баяндамасын жарыялады. Ал баяндамага ылайык айрым оппозициялык партиялардан президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен жолугушууга эл аз санда келип жатат. Ал эми талапкер Бакиев менен жолугушууга бир нече миңдеген киши катышканы тууралуу маалымат берилген.

Долбордун жетекчиси Гүлмира Баратбаева үгүт өнөктүгүнун алгачкы жумалыгы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыгын берди.

- Административдик ресурсту колдонуу боюнча фактылар жок. Биз фактыларды карап жатабыз да. Азырынча кайсы бир мугалим, врач же аким арыз бере элек. Өкмөт тарабынан мажбурлап иш кылдырып атат деген сөз келе элек. Ошондуктан биз административдук ресурс колдонулуп атабы же жокпу, эч нерсе айта алган жокпуз. Бул эми шайлоо өнөктүгүнүн биринчи жумалагынын эле жыйынтыгы. Балким, кийинки жумада колубузга андай маалымат түшсө, биз аны кийинки жумалардын баяндамасына кошобуз.

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин Таластагы шайлоочулар менен жолугушуусуна бюджеттик кызматкерлерди атайын иш күнүнөн бошотуп, жергиликтүү жетекчилер күчтөп алып келишкенин жыйындын айрым катышуучулары буга чейин “Азаттыкка” билдиришкен.

Буга дейре мындай көрүнүш орун алат деп тынчсызданган социал-демократтар президентикке талапкерлер арасында теңчиликти камсыз кылуу үчүн шайлоо убагында президент ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп бериши керек деген талап менен Конституциялык Сотко арыз беришкен. Бирок азырынча Консот бул тууралуу эч кандай чечим чыгара элек.