ЕАЭБ: дараметти сынаган төрт жыл

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Еревандагы жолугушуусу.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден бери эмнеден утуп, эмнеден уттурду?

Өлкөнүн бул уюмга мүчө болуп киришинин төрт жылдыгында анын оң жана терс таасирлери "Кыргызстан ЕАЭБде: жыйынтыгы, тажрыйба жана перспективасы" деген практикалык конференцияда талкууланды.

Мында айрыкча Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганы, салыктык түшүүлөрдүн кыскарышы жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү көйгөйлөр аталды.

Тариф жеңилдигин алуудагы теңсиздик

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) шарттарына ылайыкташуусундагы кетирилген кемчиликтер, тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр Бишкектеги эл аралык конференцияда талкууланды.

Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан башка өнөктөштөргө караганда ЕАЭБдин тариф жеңилдиктеринен пайдалана албай калган жагдайларды мисал келтирди. Анын айтымында, Бажы биримдигинин алкагында тарифтик жеңилдиктерди берүүдө тең укуктуу саясат жок:

- Протоколу боюнча Казакстан бизге караганда бир топ төмөнкү чен менен 4 миңден ашуун аталыштагы товарларды жеңилдетилген бажы тарифи боюнча алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анын жанында биз ага атаандаштык түзө албайбыз. Муну ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Кыргызстанга карата тең укуктуу жана акыйкат мамилеси деп атоого болбойт. Тариф саясатында бир эле учурда ЕАЭБге жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон өнөктөш өлкөлөр Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун тарифин колдонушубуз керек болчу. Бирок биздин кээ бир өнөктөштөр өзүнө керек болгондо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, керек эмес учурда ЕАЭБдин тарифтерин колдонуп жатат. Бул тең укуктуу жана акыйкат атаандаштыкка алып келбейт. Автоунааларды үчүнчү өлкөлөрдөн жеңилдетилген тариф менен ташып келүү боюнча Армения мөөнөтүн үч жылга жылдыра алды. Бизге болсо мындай мүмкүнчүлүк берилбей калды. Бул эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду.

Ошол эле кезде парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирип, экспорт көбөйгөндүн ордуна, тескерисинче импорттун көлөмү чоңойгонун белгиледи. Буга депутат атамекендик өндүрүштүн атаандаштыкка туруштук бере албаган абалын атап, ЕАЭБ аймагынан эсепке алынбай кирген товарлардын агымы өсүп, салык чогултууда кыйынчылыктар орун алганын мисал келтирди. Анын айынан атамекендик өндүрүшчүлөр атаандаштыкка туруштук бере албай, жабылууга дуушар болгон учурлар бар экени белгиленди.

Дагы караңыз Депутат ЕЭКтеги министрлерге доомат артты


Депутат Акылбек Жапаров биримдикке кирээрдин алдында эске алынбай калган ошол жагдайларга токтолду:

- ЕАЭБдин ичинде бажы чек арасы болбогондуктан биздин аймакка товарлар эркин кирип жатат. Ошол эле кезде биз салыктын үч түрүн - кошумча нарк салыгын, сатыктан түшкөн салыкты жана акциздик салыкты чогултууда даярдыгыбыз начар экени көрүнүп калды. Анткени товарлар биздин аймакка келатканда эле аны көзөмөлгө албай калып, 2017-жылдын эсеби боюнча эле 20 млрд. сомдон ашуун кошумча нарк салыгын түшүрө албай калдык. Эгерде бизде фискалдаштыруу алдын-ала даяр болуп, электрондук эсеп-чот болгондо салыкты биздин аймакка киргенге чейин эле алдын-ала төлөтө турган тутумду иштеп чыгып койсок болмок. Ушул тутумду ишке киргизип койгондо эле Орусия менен Казакстандан кирчү товарлардан алынчу салыктан эле жылына 30-40 млрд. сом чогултат элек. Мына ошону жакшы өздөштүрө албай, алына турган пайдадан куру калып жатабыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЕАЭБ: экономиканы сынаган төрт жыл


Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Евразия Экономикалык Биримдиги бирөөгө жагабы же жакпайбы, ал чөлкөмдүк алкактан чыгып, геосаясий реалдуулуккка айланганын белгиледи. Ал кандай гана биримдик болбосун, ага мүчө мамлекеттердин ар биринин кызыкчылыгы болорун айтып, алар кайсы бир позициялар боюнча уттурса, кээ бир позициялар боюнча утаарын мисал келтирди.

Элчи Николай Удовиченко Кыргызстандын биримдикке кирген тажрыйбасын жыйынтыктай келип, өндүрүш кыймылга келип, экономика жандана баштаган тенденция бар экенин айтты:

- ЕАЭБди түзүүдө пайда болгон механизмдердин арты менен Кыргызстанда өндүрүштүк базаны жолго салуу жана өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мисалы, Кыргызстанда кумшекер тармагы иш жүзүндө кайра калыбына келтирилди. Шопоков менен Кантта эки завод иштей баштады. Курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш тармагы жанданды. Өлкө боюнча бир нече ишканалар ачылды. Текстиль, трикотаж жана бут кийим тигүү тармагы боюнча жаңы өндүрүш ишканалары ишке берилди. Мына ушуга окшогон бир катар конкреттүү мисалдарды келтире берсек болот.

ЕАЭБдин аймагында анын айрым мүчөлөрү тарабынан товарларга, капиталга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата киргизилген чектөөлөрдү алып салуу чаралары талкууланды. Буга былтыр жыл башында Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга же жеке ишкерлердин акча которууларына бир айда 100 миң рублга чейин коюлган чектөөлөр мисалга алынды. Ошондой эле биримдиктин аймагындагы фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл боюнча жасалма тоскоолдуктар боюнча кеп козголду.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров жүзгө чукул чектөөнүн жарымына жакынын алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калганын билдирди:

- ЕАЭБдин алкагында жүзгө жакын ар кандай чектөөлөр бар экени аныкталды. Евразиялык экономикалык комиссияда ай сайын каралып, тиешелүү чектөөлөрдү киргизген мамлекеттерге карата чечим кабыл алынып, аларды алып салуу талабы коюлат. Бүгүнкү күнгө карата элүүгө жакын ошондой чектөөнү алып салуу маселеси чечилип калды. Эң көбү негизинен соода жүгүртүү багытындагы чектөөлөр. Казакстан бизге карата ветеринардык чектөө киргизгенде, аны биз эквиваленттүү кылып чечтик.

Орусия, Казакстан, Беларус баштаган Евразия Экономикалык Биримдиги жумушчу күчүн, капиталды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо максатында түзүлгөн. Кийин буга Армения менен Кыргызстан мүчө болуп кирген.

Биримдикке чогулган жалпы бажы төлөмүнөн түшчү Кыргызстандын үлүшү 1,9% өлчөмүндө бекитилген. Арменияныкы 1,22, Беларустуку 4,86, Казакстандыкы 6,95, Орусияныкы 85,065% өлчөмүндө ар бир өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмүнө жараша бөлүштүрүлөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​