Депутат Элвира Сурабалдиева ыйгарым укук берилген министрлер Евразия экономикалык комиссиясында (ЕАЭК) тоскоолдуктарды жоюу боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой жатканын айтып, алар бекитилгенден бери парламентке отчет берүүгө да келбегенин сынга алды.
Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров министрлердин ишине баа берип, аларды чакыртып алуу эрежеси бир топ татаал экенин эскертти.
Шапар тепкен министрлер артка чакырылабы?
Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясында иштеген министрлерин артына чакыруу тууралуу демилгеси биримдиктин ичиндеги товарларды жөнөтүүдөгү тоскоолдуктарга байланыштуу маселе талкууланып жатканда көтөрүлдү.
Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинини мүчөсү Элвира Сурабалдиева Кыргызстандан чыккан товарларды Казакстан менен Орусияга жеткирүүдөгү кыйынчылыктарды чечүүдө Евразия экономикалык комиссиясында иштеген министрлер алсыздыгын көрсөтүп жатканын сындады.
Депутат бул уюмда өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албаган министрлерди кайра артына чакыртып алууну сунуш кылды:
- Резиденцияда «Евразия ишкерлер жумалыгы» болуп, ага Саркисян келсе, биздин ЕЭКтеги министрлердин бардыгы жүрүшөт. Биз аларды төрт жылдан бери «парламентке келип маалымат бергиле» деп чакырып жатабыз. Бирөө да басып келген жок. Эмнеге алар бизди тоготушпайт? Эмнеге алар бизге баш ийишпейт? Анткени алар 15-20 миң евро маяна алышат. Анан алар эмне кылып отурушат? Биз «Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт» деп жөнөткөн министрлер өздөрүнүн жеке компанияларын түртүп, ишкерлик менен алек болуп, шапар тээп жүрүшөт. Биздин товарлар ал жактан кайра артка кайтарылып жатат. Бул көйгөйдү биздин ошол жактагы министрлердин бирөө Евразия экономикалык комиссиясынын жыйындарында айттыбы? Жок. Ал министрлер биздин мамлекетти сатышты. Бул ачуу чындык. Аларды артка чакыртып алышыбыз зарыл. Бул маселени биз парламенттин жана өкмөттүн кароосуна алып чыгалы. Бизге мамлекеттин кызыкчылыгын саткан, өз кызыкчылыгы үчүн гана иштеген ЕЭКтин курамындагы министрлердин кереги жок.
Четке кагылган дооматтар
Ал эми Евразия Экономикалык Биримдигинин иштери боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Алмаз Сазбаков депутаттын койгон дооматын четке какты. Анын айтымында, Кыргызстандан көрсөтүлгөн министрлер ЕЭКтин жобосуна ылайык, уюмга кирген мамлекеттердин баарынын кызыкчылыгын эске алуу менен иштеп жатышат.
- Эч качан андай болгон эмес, - деди ал. - Биздин министрлер өздөрүнүн жеке менчик компанияларын реестрге киргизген жери жок. Милдеттерин так аткарып жатышат. Ошол эле кезде товарларды ташып жеткирүүдө же башка бир жагдайларда кандайдыр бир тоскоолдуктар пайда болгон учурларда ЕЭКте мыйзамдын алкагында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жүрүшөт. Кыргызстандын өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмалардын бардыгын эле аткарып келатышат. ЕЭКтеги министрлердин маяналары 15-20 миң евро дегени чындыкка коошпойт. Андан бир топ эле төмөн. Алар ал жакта жөн эле сейилдеп жүрүшкөн жок.
Кызматтан алуунун кыйынчылыгы
Бир катар талаш-тартыштардан соң Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде депутат Сурабалдиева көтөргөн бул маселени жалпы палатанын кароосуна алып чыгуу кийинкиге калтырылды.
Комитеттин төрагасы, депутат Салайдин Айдаров Евразия экономикалык комиссиясындагы Кыргызстандан көрсөтүлгөн министрлердин ишине баа берип, аларды артына чакыртып алуу оңой эмес экенин моюнга алды:
- Аларды артка чакыртып алуу процедурасы аябай узак жана татаал. Министрлерди артка эч ким чакыртып албайт. Бирок алардын иш мөөнөтү кийинки жылы февраль айында бүтөт. Ошондо гана кайтып келишет. Ага чейин аларды артка чакыртып алуу мүмкүн эмес. Муну уюмга кирген мамлекеттердин бардыгы менен макулдашуудан өткөргөнчө бир жылдан ашуун убакыт кетип калат. Макулдашууда ошондой шарттар камтылып, убагында жазылып калган. Министрлерди көрсөтүп, дайындоо бир топ жеңил. Бирок аларды кайра кызматынан алуу абдан татаал.
Логистикалык борборлордун талабы
Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын кызыкчылыгы жакшы корголбой жаткандыктан айыл чарба азыктарын жана кайра иштетүү товарларын экспорттоодо өндүрүшчүлөр менен ишкерлер кыйынчылыкка дуушар болгону айтылды.
Айрыкча товарларды лабораториялардан өткөрүп, сертификациялоо жана жоболоштуруу боюнча документтерди берүү эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү маселеси көтөрүлдү.
Логистикалык борборлордун биринин өкүлү Айбек Абылкасымов жүктү бир жерден текшертип, документтерин тариздеп, бир жерден жүктөөгө шарт түзүлбөй жатканын мисал келтирди:
- Биз учурунда логистикалык борборлорго документтерди берүүнү жөнөкөйлөштүрүп, «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизип берүүнү суранганбыз. Анткени биз тиешелүү документтерди чогултууда абдан көп убактыбызды жоготуп жатабыз. Ушундай бюрократиялык тоскоолдуктардын айынан көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болдук.
Мына ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Евразия Экономикалык Биримдигине айыл чарба азыктарын экспорттоодо «Бирдиктүү терезе» принцибин колдонууга шарт түзүү боюнча өкмөткө тапшырма берүүнү караган токтом долбоорун даярдады.
Токтом долбоорунун автору, депутат Экмат Байбакпаев ал логитикалык борборлордо бирдиктүү сертификациялоо жүргүзүүгө тоскоолдуктарды азайтып, алардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети логистикалык борборлорго сертификациялоо укугун берүү маселесине кайрылып келип, кийинки жыйындарда кароону чечти. Сертификациялоо иши Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан лицензиясы бар атайын лабораторияларда гана жүргүзүлүп келет.