Майып баланын билимге карай жолу татаал

Он жаштагы Азимжан Икрамов 2-топтогу майып экенине карабай мектепке өз алдынча барып окуп келет. Бирок жакындан бери мектеп баланы үйдөн окутууну сунуштап жатат. Ага окуучунун ата-энеси каршы. Алар ансыз да сүйлөөдөн артта калган баласын коомго аралашып үйрөнсүн деген максатта мектепке жөнөтүп жатканын айтышууда.

Отуз бала окуган класста Азимжан алдыңкы катарда отурат. Анткени анын кыймыл-аракетине мугалим байма-бай көз салып туруусу керек. Башка балдарга салыштырмалуу аны менен иштөө татаал экенин класс жетекчиси Кулпунай эже жашырган жок.

- Менин классымда эки окуучу инклюзивдүү билим берүү программасына кирген. Аларды үйдөн окутуу боюнча жогорку жактан тапшырма болгон. Ата-энелер ага макул болбой койгондуктан балдар менен чогуу окутуп жатам. 1-класста бул балдар менен иштөө өтө оор болчу. Азыр мурункуга салыштырмалуу бир топ жылыш бар. Мурун ата-энелеринин коштоосунда мектепке келсе, азыр өз алдынча каттай башташты. Азимжан Икрамов жакшы сүйлөй албаса дагы оюн түшүндүрүүгө аракет кылат. Класс ичинде кээде балдар менен урушуп, дептерлерин жыртып койгон учурлар болот. Ошол себептүү дайыма карап турам. Булардын балдар менен аралашып окуганы жакшы. Себеби, балдар менен жарышып баарын акырындык менен үйрөнөт.

№4 Бурханалы Шамшиев атындагы мектеп.

​Азимжан 10 жашта болгону менен эми гана 2-класста окуп жатат. Сүйлөө жөндөмү начар болгондуктан ата-энеси мектепке кечирээк беришкен. Бирок балдар менен аралашып, мектепке каттагандан тарта анда өзгөрүү бардыгын чоң атасы Икрам Арапов айтты:

- Неберем 6 айында катуу ооруп, күчтүү уколдордун жардамы менен сакайган. 2,5 жашында басты. Башкаларга тоскоол болбосун деп кечирээк окуттук. Мектепке каттагандан бери неберемде жылыш бар. Такыр сүйлөчү эмес эле азыр сүйлөй баштады. Жакында жогорку жактан "мындай балдар мектепте эмес, үйдө окутулсун" деген буйрук келиптир. Мен буга таптакыр каршымын. Мектепке өзү басып келген баланы кантип артка кайтарышат? Азимжан башка балдарга тоскоол болгон жок. Өзүн алып жүрүүсү жакшы эле. Класс жетекчисине ыраазымын, баламды жакшы тарбиялап окутуп жатат.

№4 Бурханалы Шамшиев атындагы бул орто мектепте 1200гө чукул бала билим алат. 2010-жылы билим уясында атайын долбоордун негизинде майып балдарды окутууга ылайыктуу бөлмө ачылган. Учурда бул инклюзикдик борбордо сегиз бала окуйт.

Инклюзикдик билим берүүдө маселе барып-келип эле маянага такалат дейт мектеп директору Гүлчехра Шарипбекова:

- Мүмкүнчүлүгү чектелүү эки окуучусу бар классты мугалим бир жыл бою талыкпай окутту. Ал эже "мага бул балдар менен иштөө кыйын болуп жатат, кошумча акча төлөп берсеңер" деп айткан. Эгерде балдар инклюзивдүү билим берүүгө тартылып, үйдө же атайын борбордо окутулса гана кошумча акча төлөөгө болот. Райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясы мектепке ушундай сунуш берген. Биз аны ата-энесине жеткизгенбиз. Бирок "мектепке келбесин" деген сөз жок. Азыр да окуучу келип окуп жатат.

Акыл-эси начар, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында тузүлгөн атайын комиссия карап чыгып, мектепке окууга уруксат берет. Дарыгерлерден, психологдордон жана педагогдордон куралган комиссия жылына бир жолу чогулуп, майып балдардын ата-энелеринен келген арыздарды карап, өз бүтүмүн чыгарат. Мындай мамиленин чоо-жайын аталган башкармалыктын башкы адиси Айнура Исаева мындайча түшүндүрдү:

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны миңден ашуун.

- Бизге арыз менен кайрылган майып балдарга атайын жолдомо беребиз. Алар жашаган жериндеги медициналык жайлардан бардык тараптан дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, диагнозун жаздырып келишет. Андан соң биз бул жактагы комиссия ал бала менен жекеме-жеке сүйлөшүп, ар тараптуу кабыл алуусун, жөндөмүн текшерип көргөн соң биргеликте мектепке барсын же үйдө окутулсун деген чечим чыгарып беребиз. Өз алдынча бара алган, эч кимге тоскоолдук кылбаган балдарга биз мектепке барганга уруксат беребиз.

Азимжан Икрамовду азырынча комиссиянын текшерүүсүнөн өткөрүшө элек. Бирок анын жакындары 2-топтогу майыптык документин алышып, өз алдынча дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүшкөн. Муну Икрам Арапов да ырастады.

- Невропатолог жана башка дарыгерлерден буга чейин текшерүүдөн өткөнбүз. Алар балаңыздын сүйлөөсү эки-үч жылга артка тартуусу мүмкүн. Бирок мектепке барып балдар менен аралашса өздөштүрүп кетет деп кеңеш беришкен. Мен ошол тактаманы мектеп жетекчилигине тапшыргам.

Райондук билим берүү бөлүмү Азимжан Икрамовго карата "мектепке келбесин" деген тапшырма берилбегенин билдирди. Комиссиянын текшерүүсүнөн өткөнгө чейин убактылуу чечимди мектеп администрациясы кабыл алат. Окуучунун ден соолугунун абалын текшерип, мектепке уруксат бере турган комиссия ушул жылдын апрель айында иштейт. Ага чейин Азимжан убактылуу мектепке каттап турат.

Сузак району боюнча 110 мектептин бешөөндө гана инклюзивдүү билим берүү борборлору уюштулган. Учурда райондо 1136 майып баланын 200дөн ашууну билим алат. Алардын элүүгө чукулу үйдөн окутулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.