Кыргызстан паспортун өзү жасайт

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик типография куруп, ал жерден кыргыз паспортторун жана башка мамлекеттик маанидеги документерди чыгарууну максат кылууда.
Азыркы учурда өлкө жарандарынын паспортун жеке менчик ишкана даярдаса, ал эми бланктар чет жерден келет.

5 миллион калкы бар Кыргызстанда типография куруу өзүн актабай турган демилге экенин айткандар бар.

Узун миллиондор

Кыргыз өкмөтү 17-июлдагы жыйынында мамлекеттик типографиянын долбоорун коомчулукка сунуштады. Өкмөт аппартынын бөлүм башчысы Марлен Маматалиев Кыргызстан мамлекеттик белгидеги документтерди жеке компанияларга жасатып, жылына чоң чыгашага учурап келатат дейт.

- Биз паспорттун кагазын жыйырма жылдан бери “Де ля ру” деген компаниядан алабыз. Ушул күнгө чейин ал фирмага жылына 250 миллион сом кетет. Андан тышкары мамлекеттик белгидеги документтер бар: диплом, күбөлүк, бажы декларациялар, айдоочулук күбөлүк жана акциздик маркалар. Ушунун баарына биз жылына 5 миллион доллар кетиребиз.

Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жыйырма жылда чет элдик фирмаларга паспорт жана башка белгилерди жасатуу үчүн Кыргызстан 800 млн доллар коромжу кылганын мисалга тартты.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик типографияны курууга 30-40 млн доллар керек болот. Аны курууга кызыкдар болгон бардык чет элдик компанияларды тендерге катышууга чакырып, бирок көзөмөл пакет (51%) 10 жылга чейин мамлекеттин колунда болуп, ал эми андан кийин биротоло өтөрүн айтууда.

Учурда кыргыз паспортун жеке менчик “Интел линкс” ишканасы жасаса, ал эми бланктарды англиялык “Де ля ру” компаниясы алып келет. Мамлекет ушул тапта “Интел линкс” аткарып жаткан паспорт жасоо, башкача айтканда жекелештирүү ишин да өздөрү колго аларын айткан. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дүйшөн Сатыбалдиев мындай дейт:

- Паспортторду жекелештирүү иши менен мамлекетке баш ийбеген “Интел линкс” деген жеке компания алектенет. Өкмөт ошол иштерди мамлекеттик ишкана жасасын деген чечим кабыл алган. 31-августтан тартып аны жасаган борбор ишке кириши керек.

Өзүн актабайт дешет

Бирок “Интел линкс” ишканасы Кыргызстанга типография куруу өзүн актабай деген ойдо. Ошондой эле ал Кыргызстанда жасалган бланктардын эл аралык стандарттарга жооп беришинен да күмөн санайт. Ишкананын жетекчиси Таалайбек Жумадылов буларга токтолду:

- Паспорт жасоо деген оңой маселе эмес. Бул адегенде эл аралык стандартка дал келиш керек. Ал эми эл аралык стандартка дал келиш үчүн пайдаланылган каражаттар жана программалык камсыздоолор да ошол талаптарга жооп бериш керек. Эл аралык тажрыйбада эгер калктын саны 20 миллион адамдан аз болсо, анда типография өзүн актабайт. Анткени буйрутма аз болуп, шаймандар толук кандуу иштебейт.

Жумадыловдун айтымында, алар ушул мезгилге чейин эл аралык стандартка дал келген 2 миллион чет элдик паспорт, 3 миллиондой ички паспорт жасаган.

Өкмөттүн өкүлү типография куруу өзүн актабайт дегенге кошулбайт. Марлен Маматалиев типография мамлекеттик коопсуздук үчүн да зарыл деп эсептейт.

- Мен изилдеп көрдүм. Дүйнөдө 180 мамлекеттин ичинен 120 мамлекет өзүнүн мамлекеттик белгилерин жасайт экен. Ал гана эмес 3,5 миллион гана калкы бар кичинекей Молдовада да бар.

Өкмөт бул типография жаңы жылдан тарта ишке кирет деген ишенимде. Эгер ал иштеп калса, паспорттордон тышкары ал жерде мамлекеттик маанидеги диплом, метирке, нике күбөлүгү, акциздик белгилер сыяктуу документтер жасалмакчы.