Эт чыккан жеринде каат

Ушул тапта Кыргызстанда бодо малдын этине болгон баа өсүүдө. Эт саткандар мунун себебин мал саткандардан көрүшөт.
Мал базардагылар болсо, малдарды чет өлкөлүктөр күргүштөтүп, көп учурда аткезчилик жол менен алып кетип жаткандыгын айтышат.

Борбор калаадагы арзан делген эт базарынын кире беришинде сатуучу Сайрагүл айым кардарларды чакырып турду:



Дагы илгерилеп, бодо малдын эти сатылган ыптасына бардым. Мында уй этин сатып оокат кылган Улан Киртенов буларды айтып берди:



Ал эми катарлаш турган жылкынын эти 300-330 сомго бааланып жатыптыр. Казы-карта, чучук жейм десеңиз бир килограммы үчүн 580-600 сом төлөйсүз.

Бүгүнкү күндө негизги керектеле турган эт баалары ушундай. Сатуучулар эт баасына малдын кымбаттыгы таасир берүүдө дешет.

Ал эми мал базарында козунун баасы 4 миң сомдон кем эмес, койлор 6-7 миңден жогору. Айрым чоңдору 15 миң сомго да чаап барат.

Бодо жаатында 2 жаштагы торпок 30 миң сомдун айланасында болсо, 300 килограмм эт бере турган уйларды 70 миңден кем сатышпайт экен.

Жылкы баасы бир аз төмөндөп калды, дейт жылкычы ишкер Нурдин Каримов:

- Тайлар бар 30 миңден өйдө, 45 миң сомго чейин. Жылкылар бар, асыйлары 50 миң сомдон өйдө. Эң чоң жылкыны 75 миң деп атам. 80, 100 миң сом деген жылкылар бар. Азыр бул арзандап калганы.

Эми айылдыктарга эле жакшы болуп атат. Бизге пайдасы деле жок. Кымбаттаса деле, арзандаса деле баягы эле пайда. Миң-эки миң сом кошуп сатабыз. Жүз миңдиктерине 3 миң сом кошобуз.

Сатуучулардын айткандарына караганда, мал баасынын жогорулашына эттин, малдын мыйзамдуу да, мыйзамсыз да сыртка чыгарылып жатканы себеп. Андан тышкары башка товарлардын, жем чөптүн баасынын өскөнү өбөлгө болууда.

Каримов: - Азыр эттин баасы 300 сом болуп атпайбы. Казакстанда 600-700 сом экен. Анан ким эле кымбат саткысы келбесин? Токмокко келген жылкынын көбүн казактар алып кетет. Мисалы, Токмокко бир базарда 500-1000дей жылкы келет. Ошонун көбүн казактар алып кетет.

Садыбакасов: - Малдан бөлөгүнүн баары кымбаттап кетпедиби. Мисалы, мына бир пресс чөптү “Эски толчоктон” 130 сомдон алып келип атабыз. Жем болсо асмандын башы.

Кыргызстанда калктын көпчүлүгү айылда жашап, мал кармайт. Төрт түлүктүн куну көтөрүлгөнү алар үчүн жагымдуу эле болуп жаткандай. Арийне, эт керектөөчү тараптын чөнтөгүнө олуттуу күч келип жатканын өзүн Эркин деп тааныштырган калаа тургуну айтып берди:

- Эттин даамын да унутуп калдык. Көп тамактарга эт кошпой картошка, жашылча эле жеп атабыз. Кымбаттагандан бери бир айда бир эле жолу эт алам. Көп болсо беш кило алам. Арзандатып бир нерсе кылыш керек.

Кыргызстанда эттин баасы аткезчилик жол менен сыртка ташуунун айынан да көтөрүлүп жатканын Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Динара Молдошева ырастады. Аталган агенттик эт баасын өстүрбөй кармап калуу үчүн өкмөткө бир катар сунуш киргизген.

Анын ичинде этти, малды сыртка сатууга тыюу салуу сунушу да бар эле. Бирок ал колдоо тапкан жок. Калган сунуштар боюнча өкмөт мындай бүтүмгө келди:

- Контрабанда боюнча өзүнчө тартип коргоо органдары карасын. Айыл чарба министрлиги фермердик чарбалар менен биргеликте фермерлерди өркүндөтүү боюнча программа түзсүн. Мэриялар муниципалдык түйүндөрдү ачып, эл менен түз иштесин деген чечим чыккан.

Муниципалдык түйүндөр демекчи, шаар бийликтери атайын жарманкелерди өткөрүп, ал жерден фермерлер товарын элге ортомчусуз сатса арзаныраак болмок дешет адистер.

Бул тажрыйба айрым чет өлкөлөрдө колдонулуп, жемишин берип келет. Шаар бийликтери мындай саамалыкты мурда аз-маз өткөрүшкөнүн менен, ушул тапта ал токтоп калгансыды.