Мурдагы “Алма” фестивалдарынан айырмаланып быйылкы иш-чара айыл чарба продукцияларынын жалпы жармаңкеси жана жеке ишкерлердин бетме-бет олтуруп бааарлашуусу менен коштолду. Ошондуктан, ага катышкан багбанчылар гана эмес дыйкандар дагы өздөрү башынан кечирип жаткан кыйынчылыктарды тартынбай ортого салышты.
Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын тургуну Наркүл Исраилова маданият тармагында эмгектенет. Бирок анын айтымында, ага окшогондордун арзыбаган айлыгына бүгүнкү күндө жансактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан, акыркы жылдары жумуштан кийин дыйканчылык менен алектенет.
- Жыйырма жылдан ашык стажыма карабай, эки миң сом айлык чектелген. Ал эч нерсеге жетпейт. Анан жанагинтип үлүш жерибизге картошка, сабиз, кызылча жана алма тиккенбиз. Мага көбүнчө үй-бүлөм каралашат. Айрым учурда эмгегибиз акталбай калып атат. Базар экономикасы ушундай экен, акыркы жылдары арзанчылык өкүм сүрүп, түшүмбүз өз баасынан төмөн сатылууда. Биз өндүргөн продукцияларыбызды Өкмөт экспорттогонго жардамдашса, анчалык кыйналмак эмеспиз. Түйшүгүбүз азайып, мээнетибиз кайтмак. Айла куругунда элет жеринде мал курап, кыйналганда ошолорду сатып, эптеп тиричилик кылып атабыз, - деди Наркүл Исраилова капаланган тейде.
Наркүл Исраилованын баамында, соңку убакта аз маянага чыдабаган мугалимдер, ошондой эле медицина кызматкерлери дагы кошумча каражат табуу максатында алма жана башка өсүмдүктөрдү өндүрүүгө көбүрөөк ыкташууда.
Эл аралык “Mercy Corps” компаниясынын директорунун орун басары Робин Кюрра алардын мекемесинин көп жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык алманын түпкү Мекени – Кыргызстан экендиги аныкталгандыгын жар салды:
- Бул ой башыбызда жаралганда, адегенде биз деле шектенгенбиз. Бирок акыры чындык салтанат курду. Азыркы алмалардын Мекени Кыргызстан экендигин ырастадык. Андан ары башка мамлекеттерге таркалган.
Өз сөзүндө Робин Кюрра “Mercy Corps” компаниясы Кыргыз алмасынын түшүмдүүлүгүн арттырып, бүт дүйнөгө даңазалоону, ушуга удаа айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү каржылоо жагын дагы кеңейтишээрин билдирди.
Антсе да, Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой кыштагынын тургуну, жеке ишкер Шааркан Эрова жергиликтүү өндүрүшчүлөр мамлекеттин колдоосуна абдан муктаж экендигин жашырган жок:
- Биз жалпы жонунан насыя менен иштейбиз. Эгерде Өкмөт кубаттаса, биздин Англияга, андан ары Европага чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгерде жанагындай үстөксүз жана узак мөөнөткө насыяларды таратышса, бизнесибизди өнүктүргөнгө абдан жеңил болмок, - деп кепке аралашты жеке ишкер Шааркан Эрова. – Көрүп атасыңар, азыр бизге жыйырма беш-отуз пайыз үстөгү менен насыя берип жатышат. Анын, чындыгында, зыяндан башка пайдасы жок. Ошондуктан, абдан чайналып атабыз.
Бирок Жумгал райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Сыпарбек Садыков айрым чет өлкөлүк уюмдардын көмөгү аркасында негизги кыйынчылыктардын баардыгы артта калгандыгын белгиледи:
- Бул Кочкордо жалгыз нарындыктар же ысык-көлдүктөр эмес жалпы кыргызстандыктар, а түгүл бүтүндөй Борбор Азиянын өкүлдөрү тажрыйбабызды бөлүшүп олтурабыз. Мына, азыр эле алманын Мекени Кыргызстан экендигин тастыкташты. Муну уккан чет өлкөлүктөр бизге ого бетер кызыгып, баркыбыз артып, чоң жумуштар бүтүп атат. Мурда Ысык-Көлдүн гана алмасын баалашчу. Мына, байкадыңар, сапаттуу алмалар Нарында деле өсөт экен. Ырас, мурда түшүмүбүздү сата албай кыйналчу элек. Жакындан бери . “Mercy Corps”, “Компаньон” компаниялары өндүргөн продукцияларыбызды эл аралык наркта сатканга көмөктөшүп, дыйкандарыбызды кубандырып келатат.
Сыпарбек Садыковдун кебине караганда, “Алма” фестивалынын кийинки кезеги Жумгал районуна ыйгарылды, ошондуктан, бул иш-чараны кеңири алкакта, эл аралык деңгээлде уюштурууга бүгүнтөн тартып аракеттенишмекчи.
Фестивалды корутундулап жатып Нарын облус губернаторунун орун басары Садырбек Сардарбеков төгөрөк үстөл убагында айтылган жүйөөлүү сын-пикирлер бийлик тарабынан сөзсүз эске алынаарына ишендирди:
- Кудай талаа кыргыздарга бейиш жерди буюрган экен. Жергебизде өсүмдүктөрдүн бардык түрү өсөт. Нарында илгеркидей дан эгиндерин эгүү азапка айланды. Ыгым-чыгымы көп, бирок кирешеси жок. Ага караганда алма тиккен пайдалуураак. Анткени, бир түп алмадан жүз кило алма жыйналат. Ар килосун үч сомдон сатканда да, багбанчы үч миң сом пайда көрөт. Ал эми он түп алмадан отуз миң сом жөн эле табылат. Ошондуктан, акыркы жылдарда Нарын өрөөнүндө эгин айдагандар кескин түрдө азайды. Эмгекчилердин басымдуулугу алма багын тиккенге бел байлап жатышат.
Облустук бийликтин өкүлү Садырбек Сардарбеков ырасташынча, мындан ары Кыргыз Өкмөтү жеке ишкерлерге камкордук көрүүнү күчөтөт, аны үчүн тараптар өнөктөш иретинде ачык-айкын иштешүүгө тийиш.