Кыргызстан-Малайзия: жаңы багыттагы кызматташтык

Кыргызстандын Индонезия, Малайзия, Бруней жана Таиланддагы элчиси Аскар Бешимов аталган өлкөлөр менен Кыргызстандын алака-катышы тууралуу маек курду.
“Азаттык”: Малайзия менен Кыргызстандын ортосунда буга чейин адал индустриясын өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылат деп, бирок ал демилгелер 2010-жылы токтоп калган эле. Азыр бул өлкө менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык карым-катнаш деңгээлине кыскача сереп сала кетсеңиз?

Аскар Бешимов: Туура айтасыз. Кыргызстанда 1997-2002-жылдары Малайзия менен кызматташуу абдан жакшы деңгээлге чыгып, бир топ ири долбоорлор башталган эле. Мисалы, Таш-Көмүрдөгү завод, "Ак кеме" мейманканасы, "Пишпек" мейманканасын да малайзиялыктар баштаган эле.

Бизде ислам принцибиндеги банктарды да биринчи кезекте ушулар ача баштаган. Ошондой эле адал индустрия боюнча маселе көтөрүлгөн. Бул абдан туура маселе болгон. Биз кайсы ислам өлкөсү менен кызматташпайлы, эч бир продукциябызды адал сертификаты жок, экспортко сата албайбыз. Ал үчүн лаборатория керек.

Эми Кыргызстанда 2002-2003-жылкы үй-бүлөлүк башкаруунун арты менен рейдерлик күчөп, чынын айтканда, биз малайзиялыктарды айдап чыгып, чочутуп алганбыз. Ошондон бери алар менен кызматташуу токтоп калган эле. Эми экинчи ирет жаңыча аракет кылып жатабыз.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Сиз массалык маалымат каражаттарында Малайзия менен кызматташуунун бир нече багыттарын, айтсак, каржы тармагын, ошол эле адал индустриясын, билим берүү жана аба байланышты айтып өттүңүз. Конкреттүү кандай сунуштар жөнүндө сөз болууда?

Аскар Бешимов: Биз Малайзия менен сүйлөшүү жүргүздүк. Алардын “Аэрофлоттон” 20 эсе чоң авиакомпаниясы бар. Ошолор “Куала Лумпур - Бишкек жана Бишкектен кайсы өлкөгө уча албасаңар, ошого уруксат бергиле, биз учалы” деген сунуштарын берип жатышат. Экинчиден, алар Кыргызстан аркылуу жук ташуучу кызмат уюштуралы деп жатат. Кыргызстанда андай ири кызмат жок.