Кыргызстан тышкы карызын Ооганстан аркылуу жоёбу?

Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард доларды чапчыды.

Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу программаларына катышуу менен Кыргызстан тышкы карызын оңой жана пайдалуу жоё алышы мүмкүндүгү айтылууда.
Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, бул программаларга кирүү менен Кыргызстан өз продукцияларын Ооганстанга сатуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ал эми адистер эл аралык уюмдардын эмес, оболу өлкө экономикасын көтөрүү менен тышкы карызды жоюу туура болот деген пикирде. Алар эл аралык уюмдар милдеттерди коюп, өлкөнүн аларга карата көз карандылыгы жаралат деп санашууда.

Карыз да жоюлат, экономика да өнүгөт

Каржы министри Акылбек Жапаров тышкы карызды жоюунун жолдору изделип жатканын билдирип, анын бири катары БУУнун Ооганстанга тынчтыкты орнотуу жана өнүктүрүү программаларына катышууну атады.

- Азыркы убакта Ооганстанды кайра куруу, бул өлкөнү тынчтык жолу менен өнүктүрүү боюнча БУУнун алкагында бир топ программалар бар. Ошол программаларга кирүү аркылуу тышкы карыздарды жоюуга аракет кылышыбыз керек.

Акылбек Жапаров ушу тапта эл аралык уюмдарга төлөп жаткан карыздын эсебинен курулуш материалдарын жана башка продукцияларды Ооганстанга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин ачыктады:

- БУУнун алдында бир топ фонддор түзүлгөн, ал жакка өнүккөн мамлекеттер каражаттарын салып жатат. Ошолор аркылуу Кыргызстанда чыгып жаткан курулуш материалдарын жана продукцияларды өндүрүп, аларды Ооганстанга жөнөтсөк болот. Сыртка төлөгөн акчабызды ушундай жол менен берсек болот. Бул абдан ылайыктуу болмок. Анткени, экономикабыз да өсүп, тышкы карызыбыз да жоюлмак.

Кыргызстан Ооганстанга эмне бере алат?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. доларга жакын. Акылбек Жапаров 2007-жылы эл аралык ХИПИК программасына кирүү менен тышкы карызды жоюу мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп, бирок аны эл колдобой койгондугун өкүнүү менен эскерет. Ал эгер Кыргызстан бул программага киргенде, бүгүнкү күндө 1 млрд доллар тышкы карызын жоюп алмак деген пикирде.

Ал эми көз карандысыз экономисттер тышкы карызды өлкөнүн экономикасын көтөрүү менен жоюу зарылдыгын билдирүүдө. Алар эл аралык долбоорлорго кошулуу менен Кыргызстан өзүнө жоопкерчиликти да алып калат деп эсептешет.

Экономист Азамат Акелеев буларды билдирди.

- Бекер эч нерсе жок да. Бир жагынан берип, экинчи жагынан алышат. Кандай гана жардамдар болбосун, алар канайдыр бир шарттар менен жүрөт. Саясий жана башка жактан болобу шарттар коюлат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Ооганстан боюнча ондогон эл аралык долбоорлорго Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлү бар экенин бидирүүдө.

- Ооганстандагы программаларга бизди кирбегиле деген деле эч ким жок. Бул программаларды биздикилер өздөрү түшүнбөй келатышат. Мисалы, биз ал жакка эмнелерди берсек болот? Ооганстанга азык-түлүктөр Пакистандан жана Индиядан келет. Бирок алар консерваланган азык-түлүктөр. Ушул жагынан атаандаштык жарата алабызбы же жокпу, белгисиз. Мисалы, Ооганстанда жол, мектеп, оорукана салган көп долбоорлор бар. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор да бар.

Айта кетсек, Кыргызстан быйылкы жылы тышкы карыз үчүн деп бюджеттен 106 млн. доллар каражат төлөйт.