Массажды билген ишсиз калбайт

Массаж

Кыргызстанда массаждын түрлөрү кеңири жайылууда. Ага жараша укалоочу кесибине кызыгып, окуп-үйрөнүп, аны кошумча жана негизги акча табуунун булагына айланткандар четтен чыгат. Ошол эле учурда мыкты массажчы катары таанылып, кийинчерээк өз мектебин ачкандар да жок эмес.

Массаж - акча табуунун жолу

Султан Эргешов кесиби боюнча медициналык кенже кызматкер. Окуусун бүткөндөн кийин Түркияга барып, кара жумушта иштеген. Укалоого ошол чет жерде жүргөн кезде кызыгып калганын айтып отурду:

- Бишкектеги медициналык окуу жайынын бүтүрүүчүсүмүн. Кесибим боюнча аз эле иштегем. Айлыгым аз болгону үчүн чет өлкөгө иш издеп кеттим. Түркияга, Италияга, андан кийин АКШга чейин баргам. Жалаң кара жумушта гана иштедим. Чет жакта жүргөндө массажисттердин мага караганда жакшы табарын көп эле көрдүм. Анан мен да ушул кесип менен иштөөнү чечтим. Кыргызстанга кайтып келдим. Медициналык билимимди текке кетирбейин дедим.

Массажист дайыма тажрыйба топтошу зарыл. Медициналык массажды жасаган укалоочунун манжасынын учунда көзү болушу керек.
Султан Эргешов

Учурда Султан укалоону өздөштүрүп, медициналык мекемеде иштеп жатат. Ал медициналык массаж классикалык укалоодон кыйла айырмаланарын белгиледи:

- Массаждын бир нече түрү бар. Бишкекке келгенден кийин классикалык массажды өздөштүрүп, мончодо иштеп жүрдүм. Ал жерде биз майды куюп эле укалай берчүбүз да. Медициналык массажды окугандан кийин көп нерсени үйрөндүм. Кишинин денесиндеги ар бир чекиттин маанисин билдим.

Султан Эргешов укалоону өздөштүрүп, анын түрлөрүн үйрөнүү үчүн алдына чоң пландарды койгонун да айтып берди:

- Укалоону өздөштүрүү оңой эмес. Ага чоң эрк, көп убакыт керек. Мисалы, мен бир айга сегиз миң сом төлөп окудум. Бирок бул кесипти өздөштүрүп алганга жатпайт. Массажист дайыма тажрыйба топтошу зарыл. Медициналык массажды жасаган укалоочунун манжасынын учунда көзү болушу керек. Ар бир булчуңдун ар бир чекитинде нервдер түйүлүп турганын сезе билүү керек. Буюрса, Кытайга барып окуп келсемби деген тилегим бар.

Хоббиден - кесипке

Учурда дүйнө жүзүндө массаждын түрлөрү жүздөп саналат. Алардын ичинен негизинен массаж: дарылануу максатында, гигиеналык, спорттук, косметикалык, балдар массажы, профилактикалык жана башка болуп бөлүнүп кете берет. Дарылануу максатындагы массажды мануалдык массаж деп да айтышат.

Беттеги бырыштарды үлүлдүн жардамы менен кетирүү ыкмасы - укалоонун дүйнөгө кеңири жайыла баштаган түрү.

Дүйнөдө үлүлдүн жардамы менен массаж жасоо өнөрү жайыла баштады

Ушул тапта Кыргызстанда "шатси" деп аталган жапон массажы жайыла баштады. Укалоонун бул түрүн негизинен кыз-келиндерге сунуштап жаткан Ширин Искакова бул өнөрдү жеке муктаждыгынан улам үйрөнүп калган.

Ширин алгач белгилүү укалоочу Медер Бишкектин мектебинен "император-каган" массажын үйрөнгөн:

- "Император-каган" массажын үйрөнүп калуума апам себепкер болду. Ден соолугу начарлап кеткенде, билимим жок эле көп ирет массаж жасап берчүмүн. Кийинчерээк окуп, үйрөнүп алып, андан кийин укалап жүрдүм. Кадимкидей жеңилдеп калчу. Апамдын көзү өтүп кеткенден кийин айрым тааныштар суранып калганда укалап жүрдүм. Кийинчерээк Казакстандан айымдар үчүн бетке массаж жасоонун сырларын атайын окуп, үйрөнүп келдим. Жапондордун укалоочу салону Бишкекте биринчи жолу ачылып жатат.

Ширин айым жапон косметикалык массажын үйрөнүп алган. Ал сулуулугуна кам көргүсү келген аял бетине маал-маалы менен массаж жасатышы керек деп эсептейт.

- Бул массажды он күн алганда беттин бошоп калган булчуңдары, көздүн үстүндөгү тери кадимкидей тартылат. Айымдар дайыма жаш, сулуу болуп жүрүшү үчүн мындай массажды жасатканы оң. Бул дары-дармексиз эле организмди эс алдырууга жардам берет.

Маектешибиздин айтуусунда, укалоочулук өнөр ал үчүн бир кезде зарылчылык, кийинчерээк хобби болуп жүрсө, жакындан тарта негизги ишине айланган:

- Азыр эми укалоо менин негизги ишим. Кесибим деп айтсам да болот. Бул ишти жаңы эле баштадык. Баасы деле башка салондордогу укалоонун башка түрлөрүнө караганда кыйла арзан.

Жапон ыкмасы менен жасалчу косметикалык массаждын бир сеансы 700-1000 сом, ал эми толук курсу 7-10 миң сомдун тегерегинде.

Косметикалык массаждын баасы салондордо сунушталып жаткан түрлөрү колдонулуучу бет майдын сапатына, баасына, укалоочунун өзүнүн тажрыйбасына жараша болот. Айрым салондордо атайын аппараттардын жардамы менен да массаж жасашат.

Укалоону үйрөтүү да бизнес

Массаждын Кыргызстанда кеңири жайылган түрлөрүнүн бири - бул император каган. Укалоонун бул түрүн окутуп-үйрөтүү сертификаты азырынча Медер Бишкекте эле бар.

Татуаж: төрт каштуу болуудан сактаныңыз

Татуаж: төрт каштуу болуудан сактаныңыз

Кыргызстанда да акыркы мезгилде туруктуу макияж, же каш менен эринге татуаж койдуруу модага айланды. Өспүрүм жана селкилердин көбү кашын терип, күн сайын боёп жүргөнгө караганда ушул жолду тандашууда.

Медер Бишкек император-каган массажын Кытайга барып үйрөнүп, атайын окутуучу күбөлүгүн алган. Он бир жыл убакыт аралыгында үч жүздөн ашуун шакирт даярдап чыгарганын айтып берди:

- Окуучуларым көбөйүп жатат. Үч жүздөн ашуун улан-кыз менден окуган болсо, азыр алардын жарымы ушул укалоочулукту кесип кылып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда иштеп жүрүшөт. Орусияда, Түркияда, араб өлкөлөрүндө, Америкада, Европа өлкөлөрүндө да иштеген шакирттерим бар.

Император-каган массажынын кадимки классикалык массаждан айырмасы чоң. Анда укалоо адамдын денесиндеги акупунктуралык чекиттерди баскылоо менен жасалат:

- Биздин окуу цигун менен коштолот. Анткени, цигун менен машыгып, медитацияларды жасаганда адамдын ички туюм-сезими аябай өрчүйт. Бул массажда чекиттерди табууга, энергетикалык каналдарды сезүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Айрым окуучуларыбыз энергияны айдаганды да билишет. Укалоо өнөрүн цигун, тай-цзи өнөрлөрү менен кошо өздөштүргөн айрым шакирттерим дарылоочу укалоонун сырларын терең өздөштүрө алышат.

Цигун менен машыгып, медитацияларды жасаганда адамдын ички туюм-сезими аябай өрчүйт. Бул массажда чекиттерди табууга, энергетикалык каналдарды сезүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Медер Бишкек

Ушул тапта Бишкекте массажчылык өнөрдү анын түрүнө жараша түрдүү убакта ар кандай баага үйрөнсө болот. Алсак, мончодо, эс алуучу жайларда сунушталып жүргөн классикалык массажды айына үч миң сомдон баштап он миң сомго чейин төлөп үйрөнүүгө болот. Ал эми косметикалык массажды да татаалдыгына жараша айына он-он беш миң сомдон жогору акы төлөп үйрөнө аласыз. Император-каган массажын жасоону үйрөнүү түрүнө жараша ар кандай бааланат:

- Укалоонун бир нече түрлөрүн окутам. Мисалы, чыгыш өнөрлөрүн кошо окуса кымбатыраак. Орточо 5 миң сомдон миң долларга чейин деп айтсак болот. Эгер кыргызча эмес, башка тилде окууну каалагандар чыгып калса, алар үчүн баа мындан да кымбатыраак болот, - деди Медер Бишкек.

Адистердин айтуусунда, медициналык массажды бул жаатта билим албаган адамдар жасабашы керек. Ал эми массаждын башка түрлөрү акча табуунун, айрым учурларда аны окутуп-үйрөтүп, ишкерлик кылуунун да булагына айланганын айтып өттүк.

Айрым маалыматтар боюнча, учурда кыргызстандык мигранттар Түркияда, Орусияда жана башка алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдө укалоочу болуп, акча таап жүрүшөт. Жакында эле Ошто "Чыгыш кесипкөй укалоочулардын ассоциациясы" коомдук бирикмеси түзүлдү. Бул массажисттердин Кыргызстандагы алгачкы бирикмеси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.