Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, өлкө калкынын саны беш миллиондон ашса да, анын экономикалык активдүү катмары эки миллиондун тегерегинде. Быйыл 96 миң киши жумушсуз деп каттоого алынган. Алардын басымдуу бөлүгү - дипломдуу жаштар.
Жыл сайын Кыргызстан 30 миңдин тегерегинде жогорку билимдүү адис даярдайт. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги алардын беш миңге жакынын гана иш менен камсыздоого кепилдик бере алат. Калган 30 миңге чукул бүтүрүүчүнүн айрымдары ишке орношсо, кээ бири дипломун кучактап, чет жерге кеткенге мажбур. Мындан улам адистер гуманитардык тармактарга караганда кызматчы кесиптерге суроо-талап 70-80% жогору болгонун белгилешет.
Алдыдагы беш жыл аралыгында Кыргызстандын эмгек рыногунда талап кылынуучу адистердин катарына агро-өнөр жай, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жай тармагынын бүтүрүүчүлөрү кирет.
Кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөр жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн эске алуудан сырткары, өз кызыкчылыгы менен жөндөмүн да эстен чыгарбаш керек.