Парламент сүткорлукка каршы

Чакан насыя алып, аны төлөй албай калгандардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш

Жогорку Кеңеште “Сүткорлукка чек коюу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Улуттук банк ал долбоорго каршы чыгууда. “Ата Мекен” фракциясы Улуттук банк бир нече компаниянын кызыкчылыгын коргоп жатат деп айыптады.
“Сүткорлукка чек коюу жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгууга микрокредиттик мекемелер менен жарандардын ортосундагы чыр-чатактар себеп болгон.

Долбоордун демилгечилери мыйзам аркылуу насыя берүүчү мекемелердин опсуз үстөк пайыздарынан кардарларды коргоону көздөшкөн.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров долбоордун маңызы тууралуу буларды билдирди:

- Бул мыйзам аркылуу чектөөдөн ашкан үстөк пайыз менен насыя бербегиле деп чектегенибиз жок. Маселен, биз азыр 40% тууралуу айтып жатпайбызбы. Эгер адамдар бири-бири менен, же мекеме менен келишип, 50% үстөгү менен насыя алса деле ал анын укугу. Бирок эртеңки күнү сот менен чечиле турган чыр-чатак чыгып кетсе, бири төлөбөй коюп же башка нерсе боло турган болсо, сотко барса, сотто 40% ашыгын өндүрүп бербейт. Бизде буга чейин мындай болуп келген: мисалы, 100 миң сом насыя аласың, ал 300 миң, 400 миң болуп, 4-5 эсеге чейин өсүп кеткен.

Кочкоровдун айтымында, мыйзам микрокредиттик мекемелер эле эмес, күрөөкана, банк жана башка финансылык мекемелерге тиешелүү болот.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Улуттук банк долбоорго каршы чыгып, адамдардын кызыкчылыгын эмес, чет өлкөлүк микрокредиттик мекемелердин кызыкчылыгын коргоп жатат деп айыптоодо.

Улуттук банк өз кезегинде мындай мыйзам кабыл алынса, инвесторлордун ишеними кетет деп эсептейт. Улуттук банктын банктык эмес финансылык мекемелерди көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ибраев:

- Бул ички жана тышкы инвесторлордун ишенимин кетирет. Кредиттик бирикмелердин жана микрокредиттик мекемелердин насыяны аз беришине, элдин насыя алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө алып келет. Үстөк пайыздар өсөт. Көмүскө насыя берүү жагы көбөйөт. Мунун баары мыйзам максатына жетпей, тескери натыйжа алып келишин кепилдейт.

Ибраевдин айтымында, Улуттук банк бул мыйзам керек деп эсептейт. Бирок мыйзам Улуттук банк лицензия берген финансы-кредиттик мекемелерге тийиштүү болбош керек.

Депутаттар тескерисинче, дал ушул микрокредиттик мекемелерди кайсы бир деңгээлде чектөөнү көздөп жатышат.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, Кыргызстанда кожоюндары чет өлкөлүк болгон “Компанион”, “Финка”, “Локсус” жана башка микрокредиттик мекемелер көп. Алар өз мекенинде Кыргызстандагыдай үстөк пайыз жана оор шарттар менен насыя бербейт.

Кыргызстандагы ишкерлер бирикмелери жана микрокредиттик уюмдар бул мыйзам долбоорго каршы чыгышкан. Алар мыйзам долбоору микрокредиттик мекемелерди сүткорлор менен теңештирип салат. Анын кабыл алынышы көмүскө насыяны күчөтөт, инвесторлордун агымын токтотот деп билдиришүүдө.

Микрокредиттик мекемелер жана ишкерлер бул мыйзамдан Улуттук банктын көзөмөлүндө турган финансы-кредиттик мекемелердин чыгарып салууну өтүнүшүүдө. Алар Жогорку Кеңешке мыйзамдуу кабыл албоо боюнча кайрылуу да жөнөтүшкөн.

Азыркы мезгилде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алууга даярдоодо.