Кондитердик өндүрүш өнүгүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 600дөн ашуун ишкана тамак-аш өндүрүш тармагында иштейт. Анын ичинен кондитердик тармакта иш алып барган он бештей ири ишкана бар.

Арасында жасаган азыгын жакынкы чет мамлекеттерге экспорттоп жаткандары да кездешет. Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө болгондон бери Кыргызстандын чакан рыногун Орусия менен Казакстандын таттуулары ээлеп, жергиликтүү өндүрүшчүлөр кыйынчылыкка туш болуп жатканы айтылып жүрөт.

Батирде башталган ишкердик

Он бештей кондитердик ишкананын ичинен өндүргөн товарын сыртка экспорттоп жаткандары саналуу эле. Алардын бири "Куликовский кондитер үйү" компаниясынын тарыхы таңкыстык күчөгөн 90-жылдарга барып такалат. Союз урап, өлкөдө кондитердик комбинаттар, нан-булочка заводдору жабылып, адамдар бул кенемтени колунан келишинче толтурууга аракет кылып жаткан учурда Олег Куликов жубайы экөө үйүндө "Илбээсин сүтү" же көпчүлүккө "Птичье молоко" деп таанылган тортту жасап, сатуу менен кондитердик чыйырын башташат. Кызыгы, алардын экөөнүн тең кондитер адистиги боюнча билими жок болчу. "Куликовский кондитер үйү" компаниясынын башкы директору Денис Гайворонскийдин "Азаттыкка" эскергени боюнча, Олег Куликовский бул тортту апасынын рецепти менен жасап келген:

- Ооба, баары 90-жылдары "Миң түркүн" дүкөнүнүн жанынан башталган. Олег Куликов жубайы менен ошол дүкөндүн артындагы үйдө жашачу экен. 1991-жылдан 94-жылга чейин тортторун ошол квартирада жасап, "Миң түркүн" дүкөнүнүн алдында сатып келишкен. Алар экөө тең кондитер эмес болчу, бирок Олег Куликов тамак жасаганга кызыккан, жакшы көргөн киши болгон. Ал аскерге барганда да, өзүнүн полктошторуна апасынын рецепти менен "Птичье молоко" тортун жасап берип жүргөн экен. Бул торт ошол эле рецепт менен азыр да компания даярдаган таттуулардын башында, "чоң атанын торту" деген аталыш менен турат. Ал дагы эле Союздун стандарты менен бышырылат. Бул торт легендага айланган десек да болот.

Учурда ишкана беш миң чарчы метр аянтты ээлеп, Кыргызстандын ичинде бир катар шаарларда атайын дүкөндөрүн ачууга жетишкен. 2011-жылы "Куликовский кондитер үйү" деп өзгөрүп, 2014-жылдан бери өндүрүмдөрүн Казакстандын, Орусиянын жана Кытайдын Үрүмчү шаарына экспорттоп келе жатат. Компания азыктарын Бишкектеги заводунан гана даярдап, -18 градуста тоңдурулган боюнча, чет өлкөлөрдөгү жана ички шаарлардагы дүкөндөрүнө жеткирет. Денис Гайворонский таттуулардын сакталуу мөөнөтү үч ай экенин айтты. Ишкана тапкан кирешесинен мамлекетке 14% салык төгөт.

"Куликовский кондитер үйү" ишканасы - Кыргызстанда торт жасаган көптөгөн ишканалардын бири. Азыр ага атаандаш болууга умтулган компаниялар көбөйүп, алыскы Нарын, Баткен аймактарында да иштеп жаткан ишканалар бар. Мисалы, Нарында чакан ишкана ачып, элди торт сыяктуу таттуулар менен камсыз кылуу аракети кызуү жүрүп жатат. Мындан мурдараак ишкерлер үй шартында гана өзү билген тортторду жасап, тааныштарына гана сатып келишсе, азыр Нарында кадимки стандартка жооп берген чакан контитердик цехтер пайда боло баштады.

Иллюстрациялык сүрөт.

​Ал эми жаңы жылдын алдында Баткендин базарларынан тез бузулуучу эки тонна тамак-аш Тажикстанга кайтарылды. Баткен облусунун борборундагы базарды текшерүү учурунда Тажикстандан алынып келген торт жана кондитердик азыктар бузулуп кеткени аныкталган.

Баткен облусунун аймагында кондитердик азыктарды чыгаруучу 26 чакан ишкана иштейт. Ошого карабай, алып сатарлар жаңы жыл, 8-Март сыяктуу майрамдарда Ош, Кызыл-Кыя шаарларынан кошумча торт жана башка таттууларды алып келип сатышат. Баткен облусунда былтыр 450 млн. сомдук тамак-аш өндүрүлгөн, анын кайсы бир бөлүгүн кондитердик азыктарды өндүргөн орто жана чакан ишканалар түзөт. Жаны жыл арапасында облустук бийлик атайын тиешелүү кызматтар менен тез бузулчу тамак-аш саткан соода жайлардын жана көчө бойлоп сатылып жаткан шириндиктерди текшерген. Баткен облустук мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыйканали Жунусалиев анын жыйынтыктарын айтып берди.

- Санитардык абал сакталбай сатылып жаткан торттордун 50% Тажикстандан келет. Бул боюнча коңшу өлкөнүн ишкерлерине эскертүү да берилген. Ошого карабай эч кандай чаптамасыз, өндүргөн ишкананын дайын-дареги, сактоо мөөнөтү тууралуу маалыматтар жок сатыкка чыгарылган торттордун дээрлик баары чек арадан аткезчилик жол менен киргени аныкталып, сатыктан алынган.

(Сүрөт "Азаттыктын" сынагына катышкан авторго таандык)

Кондитер адистери жетишсиз

Адистердин айтуусунда, Кыргызстанда кондитер тармагы тиешелүү адистердин жетишпестигинен аксайт. Бул тармакта иштөөчү атайын адистерди окутуп-даярдоочу саналуу гана кесиптик лицейлер болбосо, тамак-аш жагынан жогорку технологиялык билим берүүчү окуу жайлар мурунку убактарда жокко эсе болчу. "Бишкекмомпосуй" же "Бимом" деп аталган кондитердик ишкананын ээси Муратбек Ибраевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, Разаков атындагы университет менен "Манас" кыргыз-түрк университети акыркы бир нече жылдардан бери бул тармакта адистерди даярдоого киришти:

- Бизге кондитер чеберлери жетишпейт. Бизде аларды даярдоочу 2-3 окуу жайы бар. Бирок алардан окуп чыккан улан-кыздардын билими, адистиги учурдун талабына жооп бербейт. Билим берүү министрлиги башка тиешелүү министрликтер менен чогуу бул окуу жайларды өнүктүрсө болмок. Кадрларга талап чоң, имараттары чоң. Талаптагыдай адис ала албаган соң, кондитерлерди биз өзүбүз окутуп, үйрөтүп, керек болсо чет мамлекеттерге жиберип окутууга аргасызбыз. Экинчиден, жогорку билимдүү тамак-аш технологодору жок. Бизде акыркы жылдары гана айрым окуу жайлар бул кесипке окута башташты.

Муратбек Ибраевдин айтуусунда, кондитердик азыктарды даярдоочу мештер да өтө кымбат турат. Түркиядан, Кытайдан же башка жактардан алынып келе турган бир эле мештин баасы 100 миң доллардын айланасында турат. Бул техникалар менен иштөөчү адистер да дээрлик жок.

"Тиешелүү кондитер адистер жетишсиз" деген маселени "Куликовский кондитер үйүнүн" башкы директору да козгоду. Анын айтуусунда, жаштар кондитерлик кесибине кийинки убактарда бир аз кызыга башташты:

- Окуу жайлардын базасы начар. Билим берүү системасы баягы эле союз убагындай. Акыркы эки-үч жылдан бери бир аз өзгөрүү, өсүш бар. Жаштар өздөрү кызыгып, тажрыйбасын өнүктүргөнү келе башташты. Бизде бир нече жыл иштеп, бул тармактын сырларын үйрөнүп алып, өздөрүнүн жеке иштерин ачып кеткендери да бар.

Атаандаштык күч, туруштук берүү - оор

"Бишкекмомпосуй" ишканасы өндүрүшүн 2008-жылы таттуу печеньелерди жасоо менен баштаган. Бирок убакыттын өтүшү менен ишкана печенье жасоодон момпосуй жасоого өткөн. Ишкананын ээси Муратбек Ибраевдин пикири боюнча, Кыргызстандын базары чакан, ошол чакан базарды да Орусия менен Казакстанда чыгарылган момпосуйлар ээлеп кетип, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө оңой болбой жатат:

- Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин жергиликтүү кондитерлерге оор болуп калды. Биздин базарларды Орусия менен Казакстандын таттуулары ээлеп кетти. Бизде момпосуй чыгарган саналуу эле компания бар, "Ата", "Яшар" жана башкалар. Булар да кошумча рынок издеп, Монголияга, Тажикстанга экспорттоого аракет кылышты. Ал жактарда деле ушундай эле атаандаштар бар. Өкмөт бул жагынан бизге колдоо көрсөтүшү зарыл. Жок дегенде сырттан алынып келе турган чийкизатка бажы төлөмдөрүн азайтып берсе жакшы болмок.

Муратбек Ибраевдин айтуусунда, кыргызстандык өндүрүшчүлөр өндүргөн таттуулар нукура азыктардан жасалганы менен артыкчылык кылат:

- Биздин чоң артыкчылыгыбыз - кондитер азыктарын жасоодо колдонула турган кыям, аны даярдоочу кургатылган жемиштер арзан. Накталай, күн нуруна бышырылып, кургатылат. Мына ушул жагынан биз орусиялык, казакстандык атаандаштар менен теңдеше алабыз. Ушул кыямдардын эсебинен биздин азыктардын өздүк баасы арзан болуп, атаандаштарга туруштук берип жатабыз.

Иллюстрациялык сүрөт.

​Ошентсе да, таттуу жасалуучу чийкизат, түрдүү кошулмалар чет мамлекеттерден алынып келет. Бул дагы алардын өздүк наркына таасир этип, баасын көтөрөт.

Учурда Бишкектин өзүндө таттуу жасаган бир нече ири ишкана бар. Алардын арасында элге таанылып калган "Ата", "Яшар", "Чыгыш таттуулары", "Таттуу империясы", "Наис", "Биздин марка" жана башка компаниялар белгилүү. Бир жылдары кеңири белгилүү болуп, аты тараган "У Зины" торт фирмасы кийинчерээк сок өндүрүшүнө өтүп кеткени айтылып жүрөт.

Жер-жерлерде болсо ар бир аймакка таанымал болуп, өнүгүп жаткан кондитердик ишканалар да көбөйүүдө. Мисалы, Жалал-Абадда "Багери" компаниясынын торттору сапаттуу деп бааланса, Ошто "Сулайман", "Ширин", "Бай бол" компанияларынын таттуулары бааланат. Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында "Азия торттору" деп аталган чакан ишкананын таттууларына суроо-талап жогору.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлык иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы өнөр жай тармагында 204 млрд. сомдон ашуун суммада азык өндүрүлгөн. Анын ичинде кондитер тармагында өндүрүлгөн азыктар өткөн жылдын октябрь айында дээрлик 4 миң тоннага жеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.