Ошондуктан ал каржы рыногуна валюталык интервенция жасоого зарылдык жок деп айтты.
Адистер каржы рыногундагы олку-солку кырдаал созулуп кете турган болсо, Улуттук банктын акча-валюталык резерви интервенция кылууга жетпей турганын болжолдошууда.
Чукул секирик...
Бишкекте 25-август күнү түшкө жакын акча алмаштыруу жайларында бир АКШ долларынын сатылышы 67 сомго чыкты. Мындан эки күн илгери эле бир АКШ доллары 64-65 сомдун айланасында сатылып жаткан болчу. Бирок учурда Улуттук банктын сайтында бир АКШ долларынын алмаштыруу курсу 65 сомдон деп көрсөтүлгөн. АКШ доллары өткөн бейшембиде кескин кымбаттап, быйылкы апрель айынан бери биринчи жолу эң жогорку чекке жеткен. Буга чейин бир АКШ доллары 62 сомдон сатылып жаткан. Улуттук банк сомдун кунсузданышын теңге менен рублдин баасынын кескин түшүп кеткени менен түшүндүргөн. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга карабастан каржы рыногуна ири интервенция жасоого зарылдык жок деп эсептейт:
- Валюта рыногунда сомдун басаңдашы байкалууда. Бул тышкы каржы рыноктордогу терс жагдайлардын таасиринен улам келип чыкты. Жыл башынан бери сомдун алмашуу курсу 10,3 пайызга өстү. Бирок ага карабастан кечээ 24-августа биздин Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди 8 пайыз менен кармап турууну чечтик. Бүгүнкү күндө Улуттук банк каржы рыногун жайгарып, интервенция жасоосу үчүн зарылчылык жок. Бирок эгерде кырдаал кескин өзгөрө турган болсо, биз интервенция жасоого толук даярбыз.
Учурда Улуттук банктын валюталык резерви 1 миллиард 950 миллион АКШ долларын түзөт. Быйылкы жыл башынан бери чет элдик валютаны каржы рыногуна сатуу жана сатып алуу боюнча он алты ирет интервенция жасалган. Жалпысынан 179 миллион АКШ доллары сатылып, 44 миллион кайра сатылып алынган. 2014-жылы 500 миллион АКШ доллары сатыкка чыгарылып, кайра 220 миллион сатылып алынган. Мына ошондо Улуттук банктын валюта запасы 280 миллион долларга кыскарган.
Сомду сактоого кудурет жетеби?
Экономист Таалайбек Сапаралиев каржы рыногундагы олку-солкулук көпкө уланса, сомдун кунун кармоого күч жетпей турганын айтты:
- Эгерде каржы рыногундагы олку-солкулук создугуп кетип, сом өзүнүн кунун жоготууну уланта бере турган болсо, аны кармап туруу үчүн Улуттук банк интервенция менен улам эле чыга берүүгө дарамети жетпейт. Бул жагдай курчуп кетсе оор эле болот. Анткени биз эмес, биздикинен экономикасы бир топ жогору Казакстандын теңгени кармап турууга күчү жетпей, анан аны эркин калкууга коё бербедиби. Анан эми соода алакасы мына ошол өлкөлөр менен болуп жаткан соң, ал жактагы абалдын бизге таасири болбой койбойт.
Доллардын агымы
Кыргызстанга сырттагы эмгек мигранттарынан келчү валюталык акча которуулардын өлчөмү 25 пайызга чейин түшкөн. Мындан сырткары өлкөгө чет өлкөлүк валютанын агымын алып келчү кытайлык товарлардын реэкспорту кескин кыскарган.
Бул жагдай Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен түшүндүрүлгөн болчу. Бирок коммерциялык банктарда айланган чет элдик валютанын өлчөмү 300 миллион АКШ долларына барабар. Муну менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валютага болгон таңкыстык жок деп ишендирди:
- Биздин өлкөгө чет өлкөлүк валюта өкмөт сырттан тартып келген насыялар, гранттар жана биздин чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуулары аркылуу келет. Мындан сырткары чек ара ачылгандан баштап тышкы экспорттун эсебинен чет элдик валютанын агымы көбөйө баштады. Анткени бизден чыгарылган товарлар чет элдик валютада сатылат да.
Ага карабастан, Улуттук банк Орусияда, Казакстанда жана Кытайдагы каржы рыногундагы олку-солкулук кыргыз сомуна кыйыр түрдө таасир этүүсүн жокко чыгарбайт. Улуттук банк өлкөдөгү инфиляциянын деңгээлин 5-7 пайыздын деңгээлинде кармоону убада кылууда.