ЕАЭБ Беларустагы жыйында мындай аракеттер экономиканын бир катар тармактарына олуттуу зыян алып келерин белгилешти. Бирок биримдиктеги ири мамлекеттер өткөн жылдан бери өз валюталарын коё берип, валюта урушун жүргүзүп келет. Кыргыз бийлигинде да сомду коё берүү кыйыр колдоого алына баштады.
Бир жагынан Орусия менен Казакстандын өз акчаларын атайылап арзандатуусун түздөн-түз валюта урушу деп атоо кыйын. Анткени валюталардын арзандоосунун түпкү себеби дүйнөлүк базарда мунай, металлдарга баанын кескин түшүп кетиши жана Орусиянын Батыш менен санкциялык чектөөлөрү, жалпы эле эки мамлекеттин экономикасынын чийки зат экспортуна көз карандылыгы, экономикасы жетиштүү жайыла албагандыгы аталып келет.
Мына ушундай себептерден улам орус рублинин арзандоосу дүйнөдө, анын ичинде Евразия экономикалык базарында орус товарларына ыңгайлуу шарт түздү. Мындай ыңгайлуу шартта орус товарлары Казакстанга агылып, казакстандык өндүрүүчүлөр теңгени арзандатуу аракетине өтүштү. Натыйжада казак өкмөтү өткөн жылы февраль айында теңгени 20% арзандаткан. Быйыл абал ого бетер оорлоп, теңгегеге басым күчөгөн август айында Казакстан өз валютасын эркин агымга коюуга аргасыз болду. Анын учурунда теңге 30% жакын кунун жоготту.
Жума башында Беларуста жолуккан Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары валюта урушун да талкуулашкан. Анын соңунда кандай чечим кабыл алынганын орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев мындайча билдирди:
- Азыркы шартта жарыша девальвацияга баруу туура эместигин түшүндүк. Улуттук валютаны арзандатып, тышкы соодада кыска мөөнөткө артыкчылыкка жетүү азгырыгына алдырбайлы дедик. Бул жол опурталдуу. Анын аягы бир катар тармактардын оош-кыйыш болушуна алып келет.
Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев Евразия экономикалык биримдиктин аймагында кыргыз ишкерлери жана товарлары үчүн шартты жакшыртуу талап кылынарын ырастады.
Валюта урушу болсо Евразия экономикалык биримдигинде азырынча токтой турган түрү жок. Маселен, кыргыз бийлиги валюта саясаты импортту эмес, экспортту колдоого багытталышы керектигин көбүрөөк айта баштады. Бул сомду арзандатууга карай кадам ташталышы керек дегенди туюндурат.
Экономика министри Олег Панкратов мына ошол эле Беларуста кошуна мамлекеттердин валюталары арзандап кеткенде, биздин валютанын туруктуу калышы жергиликтүү өндүрүшчүлөр жана экспортерлор үчүн пайдалуу эместигин, валюта саясаты экспортту колдоого да багытталышы керектигин билдирген.
Жакында эле жарыяланган өкмөт башчы Темир Сариевдин экономикалык программасында да экспортерлорду колдоо, демек, сомду девальвациялоо кыйыр түрдө болсо да жактырылган.
Кыргыз бийлигиндеги мына ушундай маанайды байкаган кыргыз сому акыркы күндөрү долларга карай күчүн жогото баштады. Улуттук банк дагы азырынча интервенция жасап, курсту кармоого киришпей турат. Мына ушундай шартта шаршемби күнү Бишкектеги айрым акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 68 сомго жакындады.
Калк ичинде болсо сомдун курсу парламенттик шайлоодон кийин чоң ылдамдык менен төмөндөйт деген каңшаар аралап жүрөт.
Улуттук банк өз кезегинде сомдун курсунун кескин төмөндөөсүнө жол бербөө анын негизги милдеттеринин бири болуп кала берерин билдирүүдө. Улуттук банктын маалымат кызматынын жетекчиси София Балакина сомдун курсун экспортту колдоого карай ыңгайлаштыруу саясаты өкмөттө көбүрөөк айтылып жаткан менен Улуттук банк өз саясатын өзгөртпөйт деди:
- Кыргыз Республикасы тандап алган валюта режимин аткаруу үчүн, Улуттук банк акча алмаштырууда эркин агым саясатын уланта берет. Мындай курс 1993-жылы тандалып алынган. Ага ылайык Улуттук банк акча курсун катуу көзөмөлдөбөйт. Акча курсун аныктоодо чектөөлөрдү койбойт. Курсту суроо-талапка жараша базар аныктайт. Бирок курс кескин өйдө-ылдый боло баштаса, Улуттук банк интервенция менен чыгып, кырдаалды жөнгө салат.
Бүгүнкү күнгө карай Улуттук банк интервенция менен чыга элек. Курска таасир этүү үчүн ал 27-июлда интервенция менен чыгып, 3 млн. 200 миң доллар сатып алган. Андан бери валюта базарындагы операцияларга катыша элек.