Келерки жылы абал кандай болот? Өкмөт экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизе турган кандай тобокелдиктерди көрүп турат?
Өкмөт келерки жылдын экономикалык саясатын аныктаган бюджет долбоорун жактырып, аны парламент кароосуна жиберүү алдында турат. Мына ошол документке караганда, келерки жылы Кыргызстандын экономикасы 6.2% өсөт деп болжолдонгон.
Бирок андай өсүштү камсыздоого тоскоолдук кыла турган жети тобокелдик күтүп турганы аталган. Алар дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук, алтынга баанын өзгөрүп туруусу, Бажы биримдигине кирүүдөн пайда боло турган оош-кыйыштар, республиканын сырттан ташыла турган буудай, унга көз карандылыгы, күтүлгөн инвестициянын келбей калышы, негизги соода өнөктөрдүн бири болгон Орусия менен газ, күйүүчү май сатып алууда бекем келишимдердин жоктугу, ошондой эле аба ырайынын начар болушу.
Албетте, булардан сырткары да экономиканын өсүшүнө таасир эткен эң орчундуу факторлор бар. Ал азыркы кезде күч алып бараткан энергетикалык кризис жана жаман башкаруу же коррупция. Бул факторлор азыркы кезде экономикага терс таасир эткен эң орчун проблемалардан болуп турганы белгилүү.
Экономист Сапар Орозбаков Кыргызстандын экономикасы Орусия жана Казакстандын таасиринде экенин эске салат:
- Орусияда, Казакстанда кырдаал кандай болсо, ошого жараша өзгөрүүдө. Эми Орусия өзү изоляцияда турса, анысы аз келгенсип Бажы биримдигине киргизем деп, бардык товарларыбызды албай койду. Баарын сертификат менен өткөрөсүңөр деген чечим чыгарып койду, анан товарлар өтпөй калды. Анан бизде каяктагы өсүш болсун?
Сапар Орозбаков ошондой эле кыргыз өкмөтүндө максаттуу экономикалык саясат жок деп сынга алды:
- Кыргызстандын бийлигинин аң-сезимдүү, максаттуу саясатынын таасирин байкаган жокмун.
Дүйнөлүк экономика менен алтынга баанын бири-бири менен байланышы бар. Алтын экспорту менен экономикасынын көрсөткүчтөрүн түзөп турган Кыргызстан аларды тобокелчиликтердин биринчи катарына кошуусу түшүнүктүү.
Ал эми Бажы биримдигине кирүү менен баалар өсүп, инфляция күчөйт жана соода алакасы начарлайт деп болжолдонууда. Анткени Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен республикадагы баалар Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөгү баалар менен теңделип, инфляцияга таасир этери күтүлөт. Ал эми сооданын начарлашына Бажы биримдигинин алкагында Кытай жана башка өлкөлөрдүн товарларына тоскоолдуктардын көбөйүшү таасир этмекчи.
Булардан сырткары Кыргызстан өкмөтү белгилеген негизги тобокелдиктердин бири бул - сырткы буудай жана унга көз карандылык. Айыл жана суу чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Анара Беккулиеванын маалыматы боюнча, Кыргызстан өзүн нан жана ун азыктары менен 59.1% гана камсыз кылат. Бул өткөн жылда айыл чарбасында дурус көрсөткүч болгон мезгилдеги абал. Ал эми быйылкы жылы андан дагы төмөн болушу күтүлөт дейт Беккулиева:
- Кургакчылыкка байланыштуу көрсөткүчтөр азайышы күтүлөт. Ал жылдын жыйынтыгы менен чыгат. Бирок божомолдор боюнча былтыркыга байланыштуу төмөн. Биз өзү буудай данына көп жылдан бери эле импорттон көз каранды болуп келатабыз.
Анара Беккулиеванын айтымында, буга Кыргызстан буудайынын сапатынын жогору эместиги да терс таасирин тийгизип келатат.
Кыргызстан экономикасын тобокелчиликтин талаасына түрткөн дагы бир жагдай катары негизги соода өнөктөрдөн күйүүчү май жана газ сатып алуу шарттарынын бир нукка салына электиги аталган. Кыргызстан дээрлик 100% күйүүчү майды Орусиядан алат. Аны бажы төлөмсүз алуу үчүн жыл сайын жаңы келишимдерди түзүп келет. Газ жагынан да “Газпромго” Кыргызстан толук көз каранды болуп калды. Ошондуктан Каржы министрлиги бул факторлорду келерки жылда экономиканын өсүшүн тобокелчиликке сала турган фактор катары атагандай.