Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:30

Кытай компаниясы кыргыз мунайына кызыгууда


Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү мунай кудуктары.
Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү мунай кудуктары.

Кытайдын өзүндө мунай, табигый газ жетишсиз болуп, океандан газ казып алууга инвестиция жумшаганы турганда Кыргызстандагы мунай кендерин изилдөө укугун Кытайдын Ронгшенг аттуу ири компаниясы 282 миллион долларга сатып алды.

Кытайдын Ронгшенг оор өндүрүш ширкетинин алдындагы New Continental Oil and Gas компаниясы Кыргызстандын Фергана өрөөнүндөгү Майлуу-Суу 4, Чыгыш Избаскент, Избаскент, Чаӊгыр-Таш, Чыйырчыктагы мунай кендерин иштетүүнүн 60 проценттик укугун 282 миллион долларга сатып алды деп кабарлайт Rigzone маалымат борбору. Эми Кытайдын аталган компаниясы бул беш аймактагы мунай запастарын иштетүүгө чоӊ үмүткөр экенин жар салып, чалгындоо иштерин баштаганы турат.

Ронгшенг Кыргызстандын энергетика секторуна инвестиция жасоо менен бул тармакка кирүүнүн мыкты жолу мунай запастарын чалгындап, өндүрүү болуп турганына ынанганын билдирди. Өлкөнүн түштүгүндөгү мунай запастары жайгашкан бул беш аймак көз карандысыз эл аралык үчүнчү компаниялар тарабынан кирешелүү чалгын жайы катары бааланды. Ал эми Ронгшендин башкаруучу директорлор кеӊешиндеги Sinopec Henan Oilfield компаниясы Кыргызстандын өнүгүүүсү үчүн бул долбоордун салымы чоӊ болорун белгиледи.

Биздеги табигый кен байлыктарга чет элдик инвестицияны алып келүүдө ошол жерде жашаган элдин кызыкчылыгы биринчи орунда туруп, башка журттун инвесторлору алгач жергиликтүү калк менен тил табышпаса, өндүрүш иши солгундап, кедергиге учурарын Кыргызстанда көп жылдан бери кен байлыктар тармагында изилдөө жүргүзүп келген антрополог-окумуштуу, профессор Дэвид Гюлетт “Азаттыкка” мындайча айтты:

- Менин оюмча, мындай кырдаалда маанилүү делген эки нерсеге көӊүл буруш керек. Кытайдын инвесторлору биринчиден жергиликтүү коомчулук менен тыгыз алакада болушу зарыл. Эгерде кен иштетүү же дагы башка өндүрүш иштерине инвестиция жумшай турган болушса, анда ошол өндүрүшкө жакын жайгашкан кыштактын, айылдын же аймактын эли менен байланышып, аларга өзүлөрү аткарып жаткан иштин маӊызын, максатын жана мамлекетке келчү кирешени жакшылап түшүндүрүп бериши керек. Жергиликтүү элдин кызыкчылыгы колдон келишинче биринчи планда турганы оӊ. Мына ушунун баары ийгиликтүү ишке ашуусун мамлекеттик структуралардын киришүүсү менен аткарса болот.

Кыргызстандагы табигый газ жана мунайдын запасы башка коӊшу өлкөлөргө салыштырмалуу ченелүү болгондуктан, бул тармакка инвестициянын келүүсү, айрыкча Кытайдын ири компанияларынын кызыгуусу бир эсе кубанычтуу көрүнүш болгону менен мурдагы тажрыйбалар көрсөткөндөй, чет элдин инвесторлору өндүрүштү баштардан мурда алгач элдин тилин табуусу маанилүү деп эсептейт Дэвид Гюлетт:

- Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн газ сыяктуу табигый кен запасы көп болгондуктан, ири компаниялар ар дайым аларга көп көӊүл буруп келет. Кыргызстан бул секторун өнүктүрө албаганын бирден бир себеби да мындай запастарынын аз болуусу. Эгерде энергетика секторуна инвестиция тартуу жаатында керектүү бардык реформалар мыйзам ченеминде жасалса, эффективдүү ишке ашып, чет элдиктерге пайда алып келгидей болгондо гана көӊүл бурушат.

Борбор Азиянын Фергана өрөөнү мунай менен газдын запасына бай келип жана аймактагы геологиялык шарттар да аталган кен байлыктарды өндүрүүгө жагымдуу экенин эл аралык серепчилер айтып келет.

Геологиялык чалгындоолор бул жердеги чийки мунайдын жалпы көлөмүн 276 миллион тонна деп божомолдоодо. Анын ичинен 97 миллион 130 миӊ тоннасы колдонууга жарамдуу. Калган 88 миллион 340 миӊ тоннасы запастагы мунай болуп саналат. Ал эми мунай запасына бай беш аймактын бардыгында инфраструктура жана экономика өнүгө элек. Эл аралык мунай чалгындоочу эксперттер бул долбоордун мунай өндүрүү жаатында өтө кирешелүү болорун айтышууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG