Кимдин ичинде ит өлөт?

Иллюстрациялык сүрөт.

Кырк күнгө чейин созулган катуу суукту кыргыздар «кыш чилдеси» деcе, анын тескерисинче ушундай эле кырк күнгө созулган жайдын эң ысык күнүн «жай чилдеси» деген. Сууктун пирин Чилде Баба деп койгон. «Чилде» деген сөз бизге фарс тилинен кирген.

«Ачык ооз» деп коёт. Сөздү ичине сактай албаган, угары менен башка бирөөлөргө айтканча шашкан, сыр жашыра албаган кишилерге карата айтылган сөз.

«Ага бекер айтыпсың, ачык ооз эле, эми эртең эле элдин баары угат эмеспи» дейт.

Ушул эле маанини билдирген «оозу ачык», «оозу бош» деген сөздөр да бар.

Дагы караңыз Жүрөк тууралуу жүз сөз

«Ачына айланып, тогуна толгонуу» дегенди да көбүбүз биле бербейбиз. «Апабыз өз балдарындай эле асырап алган алты жетимдин да ачына айланып, тогуна толгонуп мамиле кылып жүрүп өмүрү өттү» дейт. Бул сөз - жакшылыгына да, жамандыгына да бирдей мамиле кылуу, баккан балдарын өгөй деп да, өз деп да бөлбөө, бирдей күйүү, бардык түйшүктөргө кайыл болуп, бардык кыйынчылыкка чыдоо дегенди билдирет.

«Аягы асманга чыгуу» деген сөз бар. Мисал келтирели. «Аны бийлик сүттөн ак кылып, канчалык жаап-жашырганы менен бир күнү аягы асманга чыгып, кылган кылыктарынын баары элге айкын болду» дейт. Бети ачылуу, маскара болуу, ойрону чыгуу деген мааниде.

«Башын ачуу» деп койгон. Бир мааниси - илгери бирөөгө кудалап койгон кыздын «башын ачып» ортодогу убаданы кайра жандыруу, жокко чыгаруу. Экинчиси - күйөөсү өлгөн жесирдин «башын ачып» эркиндик алып берүү, анын жолун «бошотуу», эми мындан ары өз тагдырына өзү ээ болгудай мүмкүндүккө ээ кылуу дегендик. Мисалы: «Күлүйпанын башын ачтык, эми каалаган кишисине бара берсин». Же «Эри өлгөнүнө бир жылдан ашып кетти, эми анын карасын алдырып, башын ачып коёлу деди Сарымсак» дейт.

Дагы караңыз Мите сөздөр - эне тилдин душманы

«Башын ачуу» дегендин мындан башка дагы жалпы эле турмуштагы талаш-тартыш, журтту кыжаалат кылган маселенин чоо-жайын тактап, ачык-айкын чечип алуу дегендик. «Баягы иштердин башын ачып коёлу деп, кадырлуу кишилер келиптир» дейт.

«Башын байлоо» деген да бар. Бирөөгө кыстоо менен аялдыкка алып берүү, баш коштуруп коюу. Экинчи мааниси - өз эркинен ажыроо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу.

«Бетине көө жабуу» деп коёт. Каралоо, элге уят кылуу, маскаралоо. «Бул башынан бери эле ушундай, далайдын убалына калып, ак жерден каралап, түрмөгө кестирип келатпайбы» дейт. «Анын ойлонуп сүйлөбөгөн сөзү парламенттин бетине көө жаап келатат» дейт.

Мунун «Бетине көө сыйпалуу» дегени да бар. «Айыпсыз жерден бетине көө сыйпалып, кадыр-барктан ажырай жаздаган бейкүнөө адамдарды көрүп туруп чыдай албадым» дейт.

Дагы караңыз Жакшы келсе - кут, жаман келсе - жут

«Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» дейт. Жок нерселерди ойлоп таба берүү, эч негизсиз эле чыр чыгаруу, атайын кыйкым таап, ыксыз күнөөлөө, айыптоо. Касымалы Жантөшевден мисал келтирели. «Эптеп бирөөнү айыптагысы келген неме бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бүргөндөн май сызгырып алгысы келет эмеспи» дейт.

«Ичи тар» дейт. Башкалардын ийгилигин, жетишкендигин көрө албаган, өзү көптөн бери ошондой ийгиликке жетүүнү самап, бирок жете албаган, анан ызаланып, кыжырданып, өзү жасай турганды ошол бирөө жасап салгандан кийин жини келип, ичи тарып, пейили бузулуп, жамандыктан башка нерсе издебей калгандык. «Дүңбай болгондо да намаз окуп туруп, көчөгө чыгаары менен бирөөлөрдүн үстүнөн ушак-айың таратып, кыжынмайды адат кылып алган кейбир болбодубу» дейт.

Бул маанидеги сөздүн «Ичине ит өлүү», «Ичине кара таруу айланбоо», «Ичи күйүү», «Ичи таруу», «Ич күйдү болуу» деген түрлөрү бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.