Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Жакшы келсе - кут, жаман келсе - жут


Жайлоо.
Жайлоо.

«Жут» деген сѳз бар. «Жакшы келсе - кут, жаман келсе - жут» дейт. «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» дейт.

Бизде «Жолой» десе, көбү «Манас» эпосундагы Жолой балбанды түшүнүшү мүмкүн. Бирок «жолой» деген кыргыздын сѳзү, «үрп-адат, таалим-тарбия, жашоо-турмуш салты» дегенди түшүндүргѳн да сөз экен.

«Кыргыз 30 жылдан бери жолоюна түшө албай жатат» дейт. Кыргыз 30 жылдан бери ѳзүнүн түпкү маданиятына, жашоо жолуна түшѳ албайт жатат дегенди билдиргени.

Эми мындан улам «жол» деген сөзгө келели. Кадимки эле жол. Жалгыз аяк жол, таш жол, темир жол, асфальт жол, аба жолу ж.б.

«Кан жол» десе кан таамп калган жолду эмес, эң башкы жолду, чоң жолду, эч качан кыймыл үзүлбөгөн жолду түшүнсөк болот. Мисалы Бишкек-Ош жолун, Бишкек-Торугарт жолун «кан жол» деп айтсак жарашат.

«Жол белги» дейт. «Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болсун!» дейт. «Кудай жолуңарды ачсын!» дейт. «Жолоочу болсоң жол алгын, жортуулчу болсоң кой алгын!» деген бар. «Жинди менен жол кошпо, суу куйбагын толбоско» дейт.

«Жолдошун жолго таштап кетти» дейт. Орус тилиндеги «Млечный путь» дегенди кыргыздар илгертен эле «Саманчынын жолу, Куш жолу же Кой жолу» деп атаган. «Ата жолун куугула» десе, «ата жолун жолдогула» дегени. Бир эле «Жолуң болгур!» деген сөз айтылышына жараша эки бөлөк маанини түшүндүргѳн учуру болот. Мисалы «Жолуң болгур!» десе жолуң ачылсын деген каалоо-тилегин билгизип жатса, ушул эле сөздү «О, жолуң болгур десе!» деп терс мааниде нааразы болуп айтат.

«Жондомо» деген сөздү колдонбой келатабыз. Мисалы «Анын жазганы жондомо болуп калыптыр» десе, «анын жазганы үстүртөн болуп калыптыр» дегенди түшүндүрѳт экен. Мисал келтирели. «Аныкы жондомо макала экен» десе, тайыз жазылган, жакшы иликтенбей жазылган макала экен дегенди түшүндүрѳт.

«Жөмө» деген сѳздүн маанисин да анча билбей калдык. «Сөздү башкага жөмөп кетти» дейт. «Сөздү башкага буруп кетти» дегени экен. «Шыкаалабай жөмөп аттым» десе, «мээлебей аттым» дегенди билдирет экен. «Жөмөлөп айтпайсыңбы» десе, кыйытып, ишарат берип айтпайсыңбы дегенди билгизет экен.

Кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөргө башка сөз уланып, ар кандай маанидеги сөзгө айланып кеткенин көп кездештиребиз. Мисалы кадимки эле «жөө» деген сөзгө сөз улап көрөлү. «Жөө күлүк» десе, кишинин күлүгүн, «жөө аскер» десек, пехотадагы жөө аскерди түшүнөбүз. «Жөө жомок, жөө-жалаң, жөө жылан, жөө туман, жөө чечен, жөө эңиш» жана башкалар бар.

Илгери маани-маңызы жок докладды «Жөө доклад» дечү экен.

Фарси тилинен кыргыз тилине кирип, өз сөзүбүзгө айланып кеткен «жуда» деген сөз бар. «Абдан, эң» деген сыяктуу сөз маанисин күчөтүп айтыш үчүн колдонулат. Мисалы «Сонун экен бу да деп, сорпосун ичтим жуда деп» дейт. Же «Нарын, Жумгал жактагы эл жуда келди Кочкорго» дейт. «Байгамбар Кудай эмес, Кудайдан жуда эмес» дейт. «Пайгамбар Кудай эмес, бирок Кудайдан кийинки эле кудурети бар киши» дегени.

«Жут» деген сөз бар. Биринчи мааниси - малдын ачкадан кырылышы. «Жакшы келсе - кут, жаман келсе - жут» дейт. Экинчи мааниси - этиш. «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» дейт.

«Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт» дейт. «Алды-жуттум замандан качан кутулабыз?» дейт.

«Жут» сөзүнүн аягына «а» тыбышы кошулса, «жута» болот. «Жуткан жутабайт» дейт. «Эл жутады» дейт. «Баатыр мактанса бир октук, бай мактанса бир жуттук» дейт. «Көп түргө бөлүнгөн курт апаат, көп динге бөлүнгөн журт апаат» дейт. «Апаат» деген араб тилинен бизге кирген сөз, азап-тозок, кайгы-муң, кырсык-кыргын… дегенди түшүндүрөт. "Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда" деп кыргыздын таамай айткан макалы бар эмеспи. Анын сыңары алакандай кыргыз бүгүн ар кандай динге кирип алып ажырымга түшкөнү жалганбы?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG