Үйдө ит-мышык кармоо жөнүндө эреже жок

Бишкектеги ит базар. 2013-жыл

Бишкекте итке таланган тургун тартип кызматтары ит ээсине чара көргөн жок деп даттанып жүрөт. Милиция болсо аракетсиздигин Кыргызстанда үй жаныбары үчүн анын ээсинин жоопкерчилигин караган мыйзам жок деген жүйөнү келтирүүдө.

Статистика боюнча башкалаада былтыр үч миңге чукул адамды ит каап алган. Дарыгерлер учурда ээси бар, байлануу иттен жабыр тарткандар көбөйүп жатканын айтышууда.

Бишкек шаарынын тургуну Жазгүл Турдалиева былтыр 30-ноябрда таң эрте жумушка баратып, Совет жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде эки итке таланган. Окуя тууралуу ал буларды айтып берди:

- Күн сайын жумушка ошол көчө аркылуу өтөм. 30-ноябрда ишке кетип баратсам маңдайымдагы чоң үйдөн эки ит чыга калды. Бирөө алабай тукумундагы дөбөт экен. Качканга жетишкен жокмун. Экөөлөп талап мен өзүмдү жоготуп, кыйкыра баштадым. Дагы жакшы өтүп бараткан адамдар таш, таяк менен уруп, арачалап калышты. Мен коркуп, үйдөгүлөргө чалдым. Атам менен сиңдим келип, жолдон өтүп бараткан кош бойлуу эже да биздин жаныбызда туруп калды. Эки иттин кожоюну бардар жашайт экен. Дарбазасын көпкө такылдаттык. Тажады окшойт бир маалда ээси чыгып, кайра бизге атырылды. Каалгасын чоң кылып ачып койду эле эки ити атам менен сиңдимден өтүп чуркап келип, жаныбыздагы эжени талап кирди. Иттердин кожоюну болсо "кет" дегенге жарабай карап турат. Биз "милицияга беребиз, бул эмне кылганыңар?" десек, кайра сөгүп-сагып, “бул жерден кетпесеңер, дагы талатам” деп коркутту.

Иттен жабыркагандар ошол эле күнү дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Жазгүл Турдалиева милиция тиешелүү мыйзам жок деген жүйө келтирип, ит ээсине чара көрбөй койгонуна нааразы болууда:

- Кыргызстанда мыйзам иштебейт тура. Ишти Свердлов райондук милициясынын Эркин Иманалиев деген тергөөчүсү караган. Бирок итти кантип жазаламак элек деп такыр кыймылдабай койду. Ал эми иттин ээси догдурга кеткен чыгымды төлөмөк турсун менден кечирим сураганга жараган жок. Берки эже ооруканада жатса бир жолу барып, кечирип сурамыш болуп, миң сомдой акчага дары алып бериптир. Ошол бойдон итин деле жок кылган жок. Биз айла жок тааныштарды салып атып, Свердлов райондук прокуратурасына кайрылганбыз. Алар кайра тергөөчүнү чакырып, ага табыштады. Ал болсо баягыдай эле эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Мен жазган арызды жок кылып жибериптир. Берки эженин гана арызы калыптыр. Азыр менин колумда дарыгерлердин ит капканы жөнүндө маалым каты турат.

Жогорку Сотко чейин арыздан, эмне кылсаң ошо кыл деп жабыркагандарды тоготпой койгон учурлар да кезигет. Бирок колдо багылган иттер эмделип тургандыктан кутурма илдети жугат деген коркунуч жок.
Данагүл Абдыгулова

Окуяда жабыркаган Лира аттуу келин айы-күнүнө жетип, ушул күндөрү көз жара турган болгондуктан аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Милиция менен жаныбарлардын кожоюнунан да бул иш боюнча маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Бишкекте ит каап алган учурлар жаңы конуштарда көп учурайт экен. Шаардын четинде жайгашкан Көк-Жар айылындагы Алапаев көчөсүнүн жашоочуларынын да жол жээгиндеги хан сарайлар ээлерине нааразылыгы күч. Алардын бири - Илмараны да ит тиштеп алган.

- Балдарыбыз сабакка өткөн көчөлөрдө орун алган хан сарайларда килейген иттер бар. Кышында ушундай үйлөрдүн биринин ити жолго чыгып кетип, бутумду тиштеп алды. Балдардын коопсуздугунан коркуп, 900 метрдей жерден аларды тосуп алып, кайра узатып турабыз. Ал аз келгенсип жолбун иттер да көп. Биздин конуш Аламүдүн районуна карайт. “Тазалык” ишканасына кайрылып, аларды атып бергиле десек, бизге тиешелүү эмес деп ынабай коюшту. Айыл өкмөткө айтып эле жатабыз, бирок натыйжа чыга элек.

Дагы бир тургун Дария Нурбаева адамга тиш салган ит ээлери эч кандай жаза албай жатканын айтууда:​

- Хансарайлардын дарбазалары автоматтык түрдө ачылат эмеспи. Ээси ишке кеткенде же бир жакка чыкканда, ити көчөдө жүрө берет. Көчөдө элдин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Ал жерден балдар эмес, чоң адам өткөндөн коркот.

Бишкекте акыркы кезде жолбун иттер да көбөйгөнү айтылууда

Ошол эле маалда ит баккандардын баарын эле жоопкерчиликсиз деп айтууга болбойт. Көк-Жар айылынын тургуну Гүлнара адамдардын коопсуздугу баарынан жогору коюлушу керектигин, өзү ит бакканы менен ал башкаларга коркунуч келтирбей турганын маалымдады:

- Биз күчүк багабыз. Бирок ал элге коркунуч жаратпайт. Мына бул коңшуларымдын да үй жаныбарлары бар. Алар дайым байлануу турат. Сыртка кое бербейбиз.

Бишкекте ит каап алган жарандар алгач шаардык спорттук медицина борборуна кайрылат. Аталган борбордун дарыгер-рабиологу Данагүл Абдыгулованын айтымында, былтыр үч миңге чукул адам кайрылса, быйыл жыл башынан бери алардын саны миңге жакындады. Жолбун иттерге караганда, ээси бар иттен жабыркагандар көбөйүп жатат:

- Бизге келип, ит ээси менен соттошуп, ызылдашып жүргөндөргө күбө болобуз. Алардын айрымдарынын сотуна да катышып калдык. Бизде айбанаттардын ээсинин жоопкерчилиги боюнча мыйзам жок да. Муну билип алгандар Жогорку Сотко чейин арыздан, эмне кылсаң ошо кыл деп жабыркагандарды тоготпой койгон учурлар да кезигет. Бирок колдо багылган иттер эмделип тургандыктан кутурма илдети жугат деген коркунуч жок. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү ит ээлерин мыйзам чегинде кантип жазаласа болот деп көп сурашат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде айбандын ээсине карата жаза колдонуу маселеси жазылган эмес. Бирок юрист Нурбек Абдалиев ит талап жатканын көрүп, эч кандай чара көрбөгөн кожоюн жазага тартыларын, ал эми капыстан элге асылган учурунда айыппул төлөп кутулуп кетерин билдирди:

- Тилекке каршы, ит талап, адам өмүрү кыйылган учурлар да жок эмес. Булар Кылмыш кодексинин жалпы талаптарына ылайык, жоопко тартылат. Атайын айдактаса ошого жараша, итин коё берип, бирок капыстан каап алса, иш ошого жараша иликтенип жаза чектелиши керек. Алар иттерин көчөдө алып жүргөн учурда мурунтук тагып, өзгөлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбоого милдеттүү.

Бишкекте 2007-жылы мектеп окуучусун мартабалуу аткаминерге таандык турак үйдөн чыккан ит алкымдан алып, бул окуя наристенин өлүмү менен аяктаган. Баланын туугандары иттин ээси жазасыз калганын айтышкан. Ал эми иттен жабыркап, ооруканага түшкөндөр ондоп саналат. Былтыр Кыргызстан боюнча 10 миң 300дөн ашуун адам ар кандай жаныбарлардын кол салуусунан жабыркап ооруканага кайрылса, анын 84 пайызын ит каап алган.