Интернет үй-бүлөгө жик салууда

Адистер акыркы кезде интернет айынан урушкан жубайлар көбөйгөнүн айтышууда. ("Азаттыктын" иллюстрациясы).

Британиядагы Slater and Gordon Lawyers юридикалык фирмасынын иликтөөсүнө катышкан түгөйлөрдүн 25% жок дегенде жумасына бир жолу Фейсбуктун айынан урушарын айтышкан.

Мындан улам изилдөөчү адистер Твиттер, Фейсбук, Вотсап, Одноклассники жана башка социалдык тармактар адамдарды тааныштырган да, ажыраштырган да күчкө ээ болуп калганын белгилешет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да социалдык тармактарды колдонгондордун саны өсүүдө. Соңку учурларда дал ушул социалдык тармактардын айынан кайрылган жаш түгөйлөр көбөйүп жатканын жергиликтүү психологдор белгилеп жатышат. “Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы интернет аркылуу табышкандардын тагдыры менен тарткылыгы туурасында болмокчу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда калктын 70 пайызында интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми дүйнөлүк желени колдонуп жаткандардын саны 4 миллиондон ашты. Барган сайын социалдык тармактарга киргендердин саны көбөйүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Социалдык тармактар табыштырган, тартыштырган тагдырлар

Интернет тааныштырат, ажыраштырат...

Бүгүнкү күндө Фейсбук жаш курагына карабай бардыгына бирдей баарлашуу аянтчасына айланды. Окуучулар менен студенттерден тарта белгилүү саясатчыларга чейин өздүк баракчаларына жашоосунда болуп жаткан түрдүү маалыматтарды жайгаштырып турат. Бир топ психологдор социалдык тармактарды ашкере колдонуу бетме-бет отуруп баарлашууну, бири-бири менен мамиле түзүү жөндөмүн жок кылат деп кооптонушат. Ал тургай бир катар түгөйлөрдү дал ушул Твиттер, Фейсбук, Одноклассники, Мой мир, Инстаграмм табыштырса, дал ушулар эле кайра аларды араздаштырып, ажырашууга чейин жеткирүүдө.

Социалдык баракчалар үй-бүлөдө көйгөйдөн качуунун бир жолу, психологиялык үңкүрчө десек да болот. Бирок муну менен эле маселе чечилбейт.
Самат Аалканов

Британиядагы Slater and Gordon Lawyers юридикалык компаниясына кайрылган кардарлардын басымдуу бөлүгү оту күйүшпөй калган себебин социалдык тармактар менен байланыштырган. Аталган мекеме уюштурган сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, ар бир жетинчи британиялык түгөй убактысынын көбүн социалдык тармактарда арнаганы үчүн ажырашуу тууралуу ойлонгонун айтышкан. Жубайлардын 25 пайызы жок дегенде жумасына бир жолу социалдык тармактар айынан кайым айтышарын белгилешсе, дээрлик 60 пайызы аялы же күйөөсүнүн баракчасынын сыр сөзүн (паролун) билет жана анын кимдер менен сүйлөшүп, мамиле түзүп жатканын көзөмөлдөөгө аракет кылышат экен. Ааламдашуу маалындагы ушундай эле маселе Кыргызстанды деле кыйгап өткөн жок. Чай үстүндө да жубайлардын эки бурчта телефонун чукулап отурганын көп эле кездештирүүгө болот.

Бишкектеги жеке клиникаларда психолог болуп иштеген Самат Аалканов интернет же социалдык тармактарга көз каранды жаштар барган сайын көбөйүп жатканын белгилөөдө.

- Азыр тегерегибизди карасак, көп адамдардын ар кайсы социалдык тармактарда профилдери бар. Ушул эле адамдар күн өткөн сайын убактысын интернетте көбүрөөк өткөрө баштады.

"Агенттин айынан араздаштык"

Мисалы, Алтынай менен күйөөсүнүн мамилесине интернет, тагыраагы агенттеги сүйлөшүү жарака түшүргөн.

- Жолдошум бала бакчада иштечү. Уктап калганда телефонун карасам бир жаш келин менен жазышып, ага жылуу, эркелеткен сөздөрүн ыроолоптур. Биздин биринчи уруш ушунун айынан чыккан. "Мен үч баланы төрөп берсем да ушундай сөздү сенден уккан эмесмин. Бир-эки күн тааныш болгон немеге жалынасың" деп ойготуп алып урушкам. Колумда беш айлык баламды көтөрүп турганыма карабай, "Менин телефонумду текшергендей болуп калдыңбы?" деп аябай урган.

Кыргыз коомчулугуна Фейсбук, Твиттерден эртерээк жеткен Mail.ru социалдык желесинин баарлашуу тиркемеси (агент) Жазгүлдүн үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизиптир.

- Бир жолу агент аркылуу классташым менен сүйлөшкөнүмдү көрүп калды. Анда классташымдын бардык суроолоруна жооп берип, ачык сүйлөшкөн элек. Ошондон кийин кызганып, анын айынан мамилебиз начарлап кетти. Арзыбаган нерсе үчүн үй-бүлөнү бузбайлы деп бири-бирибизге убакыт да бердик. Кийин анын телефонунан мурдагы сүйлөшкөн кызыбы же классташыбы айтор бир кыз менен кат жазышканын көрүп калдым. Менден өч алгысы келди окшойт деп унчукпай калдым...

Психолог Аалкановдун белгилешинче, көп жубайлар үйдөгү көйгөйдөн качып же аны унутуу үчүн социалдык тармактарга кирерин белгилейт. Бирок бул маселени чечүү ордуна урушту огобетер ырбатып жибериши ыктымал.

Акыркы кезде интернет жубайларды араздаштырууда (Иллюстрация)

- Социалдык тармактарда отургандар башка жашоого киргендей болуп калат. Ал жакта өзүнүн башка образын түзүшү мүмкүн. Гүлдөр, бактылуу үй-бүлө, жакшы жумуш менен жакшы пост, акылдуу сөздөрдү жазып... Бирок жашоосунда көйгөйү чачтан көп. Айла жок алар башка жерден жаңы нерсе издеп баштайт. Ошондуктан социалдык баракчалар үй-бүлөдө көйгөйдөн качуунун бир жолу, психологиялык үңкүрчө десек да болот. Бирок муну менен эле маселе чечилбейт.

Жеке тажрыйбамда көп үй-бүлөдө ушул проблема бар. Бири-бирин көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Түгөйүнө такыр ишенбейт. Ошондуктан адам жубайына, ириде өзүнө ишенгенди үйрөнүшү керек. Эгер күйөөсү же аялы көп убактысын интернетте өткөрсө, башка бирөө менен сүйлөшкөн кызык болсо ага эмне же ким себеп болушу мүмкүн ошону ачык айтышы керек. Бизге жаш түгөйлөр, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөр же баш кошконуна 10 жыл толо элек үй-бүлөлөр көп кайрылат. "Түгөйүм жашырынып Фейсбук, Вотсап, Одноклассникиге кирип башкалар менен жазышат, ошон үчүн кызганам, өзүмдү жаман сезем" деп келгендер арбын. Аккаунттарды чогуу өчүрдүк, бирок ал кайра ачып алды деп да айтышат. Кээ бири күйөөсү менен урушкандан кийин экөө эки бөлмөгө кирип алып башкалар менен жазышып баштаганын айтышат.

Жогорудагы мисалдар социалдык тармактарга киргендердин баарынын эле үй-бүлөсүндө уруш-талаш болот дегенди билдирбейт. Психолог Аалкановдун белгилешинче, бул ар бир адамдын өзүнө байланыштуу маселе. Мисалы Фейсбукта 3,5 миңден ашуун “досу”, Твиттерде 7 миңден ашуун окурманы, Инстаграммдын активдүү колдонуучусу, телеканалдардын биринде алып баруучу болуп иштеген Нурайым Рыскулова социалдык тармактардын айынан жолдошу менен кер-мур айтышкан учур болгонун эстей албайт.

Иллюстрация

- Жолдошум экөөбүз социалдык тармактардын айынан урушкан эмеспиз. Ал дагы Инстаграмм, Фейсбуктун активдүү колдонуучусу десем болот. Үйдө бир гана эреже бар. Биргелешкен иш-чараларда, тамактанууда, сүйлөшүп жатканда биз телефон колдонбогонго аракет кылабыз. Анын ордуна жандуу бетме-бет отуруп сүйлөшүүдөн рахат алабыз. Ал эми мен жазып жаткан тема боюнча жолдошумдан кеңеш сурайм, көрсөтөм. Ошондуктан бардык нерсе ар бир адамдын өзүнө жана ишенимине байланыштуу деп ойлойм. Албетте социалдык тармактарда башкалардын кызыктуу жана кызыксыз ар кандай азгырган сүрөттөрү бар. Эгер адамдар бири-бирин жакшы көрүп, түшүнүп жана ишенген үчүн баш кошкон болсо, түгөйүнүн кайда отурганы аларга маанилүү эмес.

Анткен менен айрым эркектер же молдокелер аялына, балдарына интернетке кошула турган телефон колдонууга уруксат бербегени маалым болду. Муну айрым аалымдар ачык эле жалпы жыйындарда да айтып, үгүттөп келет. Жаңы үлгүдөгү телефону болгон күндө да алар Вотсап колдонушпайт.

“Азаттык” буга чейин мургаптык келиндин интернеттеги таанышуу тууралуу айткандарын жарыялаган. Гүлкайыр аттуу келин кабарчыбыз Жаңыл Жусупжан менен маегинде агент аркылуу таанышып, алданып калган кыздын окуясын айтып берген эле.

Ушундан улам социалдык тармактарга көз каранды болуп байлангандар туурасында тамашалуу роликтер да тартылып жүрөт. Анткен менен социалдык тармактар тез маалымат алуунун жана таратуунун эң ыңгайлуу жолу катары сыпатталат.

Кыргызстанда жарым жылда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны беш миңге жакындаган. Социологдордун билдиришинче, эки айрылыш жолго түшкөндөрдүн көпчүлүгү жаштар.