Жарандык активист Мавлян Аскарбеков 25-октябрда Фейсбуктагы жеке баракчасына "Шайлоодон кийин №50 тергөө абагынан "террористтерди" атайын качырып, экономикалык оор абалдан, кымбатчылыктан алаксытуу максатында элге шоу көрсөтүштү" деп жазган. Прокуратура муну бийлик өкүлдөрүнө карата айтылган өтө оор айыптоо деп баалап, эгер Аскарбеков түрмөдөн качуу чын эле атайын уюштурулганын билсе, муну ким жасаганын тартип коргоо органдарына айтып бериши керек деп суракка чакырган. Башкы көзөмөл органынын расмий өкүлү Нурлан Тагаев “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Аскарбеков жеке баракчасына №50 тергөө абагындагы террористтерди бийлик өкүлдөрү атайын качырган деп жазыптыр. Эгер ал так маалымат билсе, ошонун негизинде чынжырча түзөлү деп атайын прокуратурага чакырылган. Ага бул маалыматты кимден алдыңыз, сиз жазган бийлик өкүлдөрү кимдер деген суроолор берилди. Суракта аталган маалымат жеке ою экени билингенде ал коё берилди.
Жарандык активист жана оппозициячыл жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков прокуратуранын суракка алышы мыйзамсыз экенин айтууда. Анын айтымында, бийлик сөз эркиндигин чектеп, сын айткандарды куугунтуктап жатат.
- Биринчиден, Фейсбук жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелбейт. Экинчиден, мен ал жерге жеке пикиримди гана жаздым. Бул менин конституциялык укугум. Прокуратура менин укугумду бузуп, мыйзамга каршы иш жасап жатат. Ооба, түрмөдөн качуу окуясы атайын уюштурулган оюн деп жазгам. Ал билдирүүмдө он күндө өлгөн 13 кишиге ким жооп берет деп да суроо койгом. Мындай сындарды күн сайын миңдеген адамдар жазып жатпайбы. Бул жаш саясатчылардан турган “Жаңы муун” уюмунун өкүлдөрүнө карата бийликтин саясий кысымы деп эсептейм.
Мавлян Аскарбеков мүчө болгон “Жаңы муун” саясий кыймылы ушул окуядан кийин интернеттеги социалдык тармактар сөз эркиндигинин негизи деген темада талкуу өткөргөнү жатышат.
Бийлик Фейсбукту тизгиндегиси келеби?
Буга чейин УКМК ырчы Бек Борбиевге Фейсбукка жазган билдирүүсү үчүн расмий эскертүү берген. Анда ырчы өз баракчасында “Мегаком” уюлдук операторунун өзбекче тейлөө кызматына каршылыгын билдирген. Атайын кызмат муну улут аралык кастыкты козутуу катары баалаган.
Ошто бир жаран экстремизмге шектелген Рашод Камоловдун интернеттеги сүрөтүнө “жакты” белгисин басканы үчүн милицияга сурак берген. Адистердин баамында, интернетке жазган көз караш үчүн атайын кызматтар суракка чакырган учурлар коңшу өлкөлөрдө, Орусияда да кеңири жайылууда.
Медиа эксперт Турат Акимов интернеттеги социалдык тармактар мыйзам боюнча жалпыга маалымдоо каражатына кирбесин эске салып, ал жактагы маалымат үчүн суракка алуу сөз, ой эркиндигин чектөө деп билет.
- Аскарбеков бийликке же өкмөткө каршы чакырык салган эмес. Өзүнүн жеке пикирин билдирүүгө ар бир адам укуктуу. Мамлекет мындай мүмкүнчүлүктү чектеген эмес. Фейсбукка жазып койсо эмне болуптур. Бул таза эле куугунтук.
12-октябрдын түнүндө Чүйдөгү №50 тергөө абагында өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана кылмышка шектүү эки адам төрт түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Кийин алардын үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Дароо колго түшүрүлгөн беш адамдын үчөө түрмөдө эки сутка ичинде табышмактуу жагдайда көз жумган. Кылмышкерлерди кармоо операциясы он күнгө созулуп, жалпысынан 13 кишинин өмүрүн алган. Набыт кеткендердин экөө жай тургун болчу.