"Улгайганда майып балам менен көчөдө калдым"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Роза Нурмухамбетова 39 жаштагы майып баласы менен жашайт. 67 жаштагы байбиченин айтымында, кайгы ага кабаттап келген. Уулу күтүүсүз дартка чалдыкканда үй-жайынан ажыраган. Үч жылдан бери ар кимден жардам сурап, батирден батирге көчүп азап тартып келет. Көчөдө калган эне-баланын ишенгени кенедей пенсия жана арзыбаган жөлөк пул.