Жаш мугалимдин кыялын чектеген дарт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
25 жаштагы Айзада Cагынбек кызы 12 жылдан бери полиартрит оорусу менен күрөшүп келет. Айзада өзү жашаган Кемин районунун Алтымыш айылына коңшу жайгашкан айылдагы мектепте англис тилинен сабак берген жалгыз мугалим болчу. Бир жыл мурун турмушка чыгып, балалуу болгон келин төрөттөн кийин оорусу күчөп, баспай калат. Анын жолдошу келинди майыптыгынан улам баласынан баш тартып, таштап кеткен. Төшөктө жаткан Айзада кайрадан мектепте балдарга сабак берүүнү, баласын колго алып, басуу кыялы менен жашап келет.