Өлкөнүн айрым менчик орто мектептеринде электрондук журнал жана электрондук күндөлүк кеңири пайдаланыла баштады. Алар жөнөкөй журнал жана күндөлүктөн эмнеси менен айырманалат жана кандай өзгөчөлүктөрү бар?
Людмила Емдын кызы Бишкектеги жалпы билим берүүчү жана тарбиялоочу "Рефал" аттуу менчик мектепте окуйт.
Людмила жоопкерчиликтүү эне болууга аракеттенип, кызынын окуу процессин электрондук күндөлүк аркылуу көзөмөлдөп турат: кайсы сабактан кандай баа алганын, мектепте кандай темаларды өткөнүн жана үй тапшырмага эмне берилгенин интернетке кирип билип турат:
- Негизи кызым жакшы окуйт, бирок аны карап, жардам берип туруш керек да. Кээде кызым күндөлүккө үй тапшырманы жазганды унутуп калат, же мектепке келип, журналды барактаганга убактым болбой, чогулуштарга катышпай калам... Бул жерде болсо интернетке кирип, кызым кайсы сабактар боюнча жакшы окуп жатканын, кайсыларында бир аз артта калып, кандай программаларды өтүп жатышканын каалаган жерде интернетке кирип биле алам. Күйөөм мектепке барып, анча деле убакыт бөлчү эмес эле, азыр болсо өзү да кирип, бат-баттан карап турат. Кыскасы абдан ыңгайлуу жана сонун система экен.
Мектеп бул системага өткөнүнө бир жыл болуптур. Окуучулар менен ата-энелер үчүн бул электрондук күндөлүк деп саналаса, мугалимдер үчүн электрондук журнал экен. Бул билим берүүчү мекеме санариптик ыкма менен кошо мамлекеттин талабына ылайык кагаз журнал жана күндөлүктөрдү кошо пайдаланат.
Мугалим болуп иштеген Элзат Ибакова башында кыйналып, көнө албай жүрүп, аны толтуруу үчүн далай убакытты короткон учурлар болгонун айтып, күндөлүктүн өзгөчөлүктөрүн белгиледи:
- Бул негизи мугалим үчүн да, окуучу үчүн да жеңилдик болот экен. Мисалы, мугалим тапшырмасын жазып койсо, окуучу унутуп калышы мүмкүн. Анан окуучу “эмне үчүн мен 10-ноябрда 2 алып калдым?” деп сураганда, мен электрондук журналды ачып, "мына, бул тапшырманы өтүптүрбүз, сен жооп бербей 2 алып калгансың”, же “сабак өтүп жатканда мен бул көнүгүүнү сурагам, сен 2 алып калгансың” деп далилдеп берем.
"Андан сырткары окуучу эки-үч-төрт тапшырманы аткарып, ар бири үчүн өзүнчө баа коюуга жөнөкөй журналда орун жок болсо, электрондукта дайыма орун табылат", - деп кошумчалады Элзат Ибакова.
Мектептин директору Альтаф Вахитов мындай системаны Москванын мектептеринен көрүп, анан өз мектебинде ишке киргизүүгө бел байлаптыр.
Электрондук журнал жөн эле бааларды жана үй тапшырмаларды көргөндөн тышкары ооруп калып же кандайдыр бир себептерден улам сабактарга келбей калган учурларда балдар системага логин жана сыр сөз аркылуу кирип, дистанттык түрдө сүрөт, видео, аудио жана текст аркылуу өтпөй калган темалар менен таанышса болот дейт мүдүр Альтаф Вахитов:
- Биздин оюбузча, ата-энелер мугалимдерге окшоп баласынын окуу процессине тең катышып, көзөмөлдөп туруш керек. Эгер чейректин аягында ата-энелер келип, дооматтарын айтса, системага кирип ар бир бааны эмне үчүн алганын чечмелеп, көрсөтсө болот. Бул система жөнөкөй журналдарга караганда алда канча көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Заман өзгөрүп жатат, жаңы технологиялар күн сайын чыгып атат. Анан замандан артта калбай, керектүү технологияларды киргизгенге аракет кылып, колдонуп атабыз.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, өлкөдө мындай система азырынча кээ бир менчик мектептерде гана колдонулат.
- Буга абдан жакшы карайбыз жана оюбуз бар. Менчик мектептерде колунда бар ата-энелер мындай система менен балдарын текшеришет, дүйнөдө мындай практика бар. Эми ошолор боюнча бизде пландар бар, биздин адистер кеңешип, билим берүү жагында жаңы технологияларды киргизүү боюнча пландарыбыз бар.
“Каражат маселеси менен буга байланыштуу тиешелүү стандарттарды иштеп чыккандан кийин келечекте Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мамлекеттик мектептерде иштейт”, - деп кошумчалады Кендирбаева.