Воинов менен Мамановдун сырдуу камалышы

Рустам Маманов.

Коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воиновдун кармалышынын чоо-жайы ачык айтылбай жатат.

Расмий бышыктала элек кабарларга караганда, буга кытайлык ишкерлер менен жер талаш себеп болушу ыктымал.

Чоо-жайы айтылбаган кармоо

Коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воинов камалганы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-майда билдирүү таратты. Бирок алар кайсы кылмыш иштин негизинде кармалганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов төмөнкүдөй кыскача маалымат берүү менен чектелди:

УКМК.

- Эки жаран буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка маалыматтар айтылбайт.

Расмий бышыктала элек кабарларга караганда, Воинов менен Маманов Бишкектеги жер жана курулуш чырына байланыштуу кармалышы ыктымал.

Азырынча Мамановдун жакындары менен байланышууга, адвокат жалданган-жалданбаганын билүүгө мүмкүн боло элек. Ал эми белгилүү коомдук жана спорт ишмери Александр Воинов кармалган Рустам Воиновдун тууганы болорун "Азаттыкка" айтты:

- Бирок анын ишмердигин, камалышынын себебин билбейм, - деди Александр Воинов.

Курулуш чыры кармоого себеп болушу мүмкүн

Рустам Маманов коомчулукка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, меценат, "Замандаш" партиясынын мурдагы теңтөрагасы катары таанымал. Аны менен кошо камалган Рустам Воиновдун аты-жөнү коомчулукка белгилүү эмес. Интернет булактарында ал B.LC аттуу курулуш компаниясынын негиздөөчүсү экени тууралуу маалыматтар бар.

Рустам Воинов менен Гао Жин Вей аттуу кытай ишкеринин ортосунда чыр чыкканын 2017-жылы февралда “Дело№” гезити жазган. Ал макалада мүлккө ээлик кылуу маселесинен жана курулушка сарпталган каражаттан улам тараптар ортосунда талаш жаралганы айтылган.

2016-жылы “Синхуа” деген курулуш компаниясы менен Воиновдун ортосундагы жаңжал Бишкектин Свердлов райондук сотунда, андан кийин шаардык сотто, Жогорку сотто каралган. Териштирүү учурунда юрист Таалайгүл Токтакунова кытайлык ишкерлерге адвокат болгон. Ал азыркы кармоо ошол ишке тиешеси болушу мүмкүн деп божомолдойт:

Таалайгүл Токтакунова.

- Воиновдун жер тилкеси сатылганы боюнча чыр болгон. Соттун чечими менен кытайлык инвесторлордун мүлкү алынып коюлган. Ал мүлк бир ресторан жана турак жай комплекси эле. Ошого байланыштуу кармалышса керек.

Мыйзам боюнча, "тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн", "күнөөсү далилдене электигине байланыштуу" деп кармоонун чоо-жайы айтылбайт. Шектүү кишинин аты-жөнү да толук жарыяланбашы керек. Бирок УКМК Маманов менен Воиновдун атын айтып жатпайбы. "А" дегенден кийин "Б" деш керек да. Кайсы ишке байланыштуу, кандай берене менен кармалганын айтууга тийиш.

Токтакунова жогорудагы иш аябай талаш менен коштолуп, Мамановдун да аты аталып жүргөнүн, сот чечими кытайлык инвесторлорду нааразы кылганын кошумчалады. Ушундан улам "кытай тарап ишти кароону өтүнгөн болушу мүмкүн" деген да божомол бар.

Түкшүмөл себептер

Ал арада Воиновго таандык экени айтылып жаткан B.LC компаниясы "курулуш документтеринде жооптуу кишилердин колун жасалмалаган" деген сөз чыкты.

"Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик компаниясынын директору Адылбек Исмаилов бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына эки айдай мурун кайрылганын билдирди:

- Азыркы B.LС компаниясы Мамлекеттик экотехинспекция кызматкерлери менен жасалмалашкан. Финполго расмий кайрылгам. Иликтеп, аныкталмайынча бир нерсе дегенге болбойт. Бирок бул жерде Маманов менен Воиновдун кандай байланышы бар экенин да билбейм.

49 жаштагы Рустам Маманов 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында депутат болгон, улуттук каада-салт жана маданиятты өлкө ичинде жана чет элде даңазалоого көмөк көрсөтүп жүрөт. “Улут жүзү” коомдук фондунун башчысы. 2014-жылы мектеп окуучуларына бирдиктүү форма тандоого демөөрчүлүк кылган. Бир канча жыл бою “Замандаш” партиясына теңтөрага болуп, 2015-жылы партиядан чыккан. Буга ал "партия өз идеологиясынан четтеп кетти" деген жүйө себеп болгону айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.