Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал декларацияда көрсөтүлбөгөн, ар түрдүү моделдеги чөнтөк телефондор болгон.
Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү тартипте декларациядан өткөрүлбөгөн, ар түркүн моделдеги чөнтөк телефондор жүктөлгөн автоунааны кармашкан. Товарларды Бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл пунктунан текшербестен каттоодон өткөрүп беришкени иликтөөдө аныкталганын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Маалыматка караганда, жүктүн наркы 30 миллион сомго жакын деп бааланды.
- УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү документи жок, дүйнөлүк маркалардын жасалма товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аныкталган маалымат боюнча бажы органдарынын кызмат адамдары бул товарлардын ээси менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, бажы мыйзамдарын бузуу менен импорттолгон товарларды көзөмөл пунктунан текшербестен эле каттоодон өткөрүп беришкен, - деди Рахат Сулайманов.
УКМК аткезчилик жол менен Кыргызстанга өткөн жүктү кармоо учурундагы видеону жарыялады. Видео тасмадан машинеде "Sony" үлгүсүндөгү телефондор жүктөлгөнүн көрүүгө болот.
Факты боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 204-беренеси (“Аткезчилик”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланып жатат.
Мамлекеттик бажы кызматынын тартип коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Акылбек Жумабеков аткезчиликти аныктоо иши алар менен бирге жүргөнүн белгилеп жатат. Анын айтымында, Кыргызстанга Кытайдан келген товарлар документте "термос" деп белгиленген. Текшерүүдө ал 11 200 чөнтөк телефон жана кийим-кече экени аныкталды.
- Бул Кытайдан Кыргызстанга кирген телефондор. Алардын аталышы бажы төлөмдөрүн азыраак төлөш үчүн башка товар катары жазылып киргизилген. Ал эми телефонго уруксатты өзүнчө алыш керек. Калган кийим-кечек үчүн бажы төлөмдөрү аябай көп болот. Жүк бул жакка кирерде кагаз жүзүндө "термос" деп көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик бажы кызматы бул факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.
Кыргызстанда бажы кызматы эң коррупциялашкан тармак экени көптөн бери айтылып жүрөт. Былтыр октябрдагы кыргыз-казак чек арасындагы кризис учурунда Евразия өкмөт аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып жатканын билдирип чыккан. Жыйында аткезчилик товарлардын айынан ЕАЭБ миллиард доллар экономикалык зыян тартып жатканы айтылган.
Ушундан кийин жарандык активисттер бажы системасындагы коррупцияны тыюу жана бул органдардагы маалыматты ачыкка чыгаруу максатында атайын топ түзгөн. Бул топтун мүчөсү Рита Карасартова аткезчиликти, жемкорлукту жоюш үчүн кирди-чыкты товарларды каттоо, кабыл алуу системасын оңдоо зарыл деп эсептейт.
- Биз Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин көп товарлар аймакка транзит катары кирет экен. Мисалы, Беларустан кирип, "Кыргызстандан чыгып кетебиз" деп документ жасатып, чындыгында ал Орусияда, Беларуста, Казакстанда калып, бизге жетпей да калат экен. Жөн эле "Кыргызстанга кирип чыкты" деген гана документти алып, кол койдуруш үчүн акча берип кетет экен. Бажы биримдигине коррупциясы көп мамлекеттер менен биригип алганыбыз да "бул көрүнүш менен күрөшүп, чыгып кетебиз" дегенден алыстатып жатат.
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.
Былтыр жыл соңунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисин алмаштырып, жемкордукка каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялаган. Мындан көп өтпөй мекеменин жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынып, быйыл январь айында бажы төлөмдөрү кыйла арбыганы айтылган.
Расмий кабарга ылайык, Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткен.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бажыдагы коррупция түп-тамырынан бери жоюларына ишенбейт. Бирок ал автоматташтыруу жолу менен жемкорлукту азайтса болорун белгиледи.
- Адам уруксат бере турган жерде ушундай коррупциялык коркунучтар бар, ордун таап жатат. Аны тамыры менен кошу жулуп, жогото албайбыз. Бирок азайтууга боло турган жол-жобо бар. Мисалы, учурдун талабына ылайык көбүрөөк автоматташтыруу принцибине өтүш керек. Кайсы жүк кандай чыгат - Кытай тарап жашырбайт да. Аны түзмө-түз байланыш кылып койсо бир топ жеңил болот эле. Жүк Кыргызстанга киргенде автоматтык түрдө компьютерге келип турса, көзөмөл кылсак болот. Ага чейин адамдын азайтууга, көбөйтүүгө, башка нерсе кылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Быйыл март айында УКМК бажы жана салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциялык схеманын бети ачылганын жарыялап, буга байланыштуу жети кишини камакка алган. Бул Кытайдан импорттолгон товарларга тиешелүү экени айтылган.
Мындан тышкары, Казакстандын күч органдары ири операция жүргүзүп, Кыргызстан жана башка өлкөлөр менен чек арадагы бажыда аткезчилик менен алектенген эл аралык кылмыш тобунун бетин ачканын жарыялаган. Операция учурунда Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана эки кыргыз жараны камакка алынган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.