Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Кыргызстанга 354 жүк ташуучу унаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды


Кыргыз-казак чек арасында турган жүк ташуучу автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасында турган жүк ташуучу автоунаалар.

Кыргызстанга импорттолгон “DAF”, “MAN”, “IVECO”, “SCANIA” жана башка үлгүдөгү 354 жүк ташуучу автоунаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Анын маалыматында айтылгандай, бул транспортторго бажы бекетинде ЕАЭБдин тышкы соода экономикалык товардык номенклатурасынын “8704” коду берилиши керек болчу. Бул кодго бажы төлөмү товардын бажы наркынын 10% түзөт. Бирок жогоруда айтылган автоунаалардын баарын декларациялоо учурунда аларга “8701” – трактордун коду берилип калган. Соңку кодго эч кандай бажы төлөмү алынбайт.

Мындай жол менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бажы бөлүмүнүн кызматкерлери билип туруп 354 даана автоунааны трактор катары катташкан. Натыйжада мамлекетке 30 млн. сомдой бажы төлөмү түшпөй калган. Бул фактылар 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-ноябрына чейин болгон.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгоду. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG