Аны DOXA art-group тобунун адистери жасашты. Арт-эстеликте адам укуктарын урматтоого чакырган тексттер жазылган.
Калдайган көз айнек алыстан эле элдин көзүнө чалдыгып, кишинин кызыгуусун арттырат. Инсталляцияны орнотуп жаткан DOXA арт-тобунун өкүлү Сергей Келлер ал композициянын маани-маңызы тууралуу буларды белгиледи:
- Биз бул инсталляцияны адам укугун коргоо долбоорунун негизинде ишке ашырдык. Ал өзүнө шаар тургундарынын көңүлүн бурдурууну, адамдардын көз карашын бир чекитке топтоону максат кылат. Ошондуктан көз айнек алыс жактан эле көзгө көрүнө тургандай өтө ачык түстө боёлгон. Ага жакын келип, көз айнектин жанына тургандан кийин инсталляциянын экинчи бир бөлүгү көрүнөт. Ал 3D форматында жазылган жердеги сүйлөм. Ал бир чекиттен караган адамга гана окулат. Мында “Өз укугуңду коргоо үчүн аны билүү керек” деп, кыргыз жана орус тилинде жазылып турат.
Сергей Келлер буга чейин DOXA арт-тобу Чоң-Кеминде туристтердин көңүлүн буруу максатында “Чоң кетмен” эстелигин койгонун, бирок учурда Кыргызстанда бул искусство дээрлик өнүгө электигин, анын өнүгүшүн каалай турганын белгилеп кетти.
Жолдон өтүп бара жатып аталган арт-эстеликтин жанына токтогондордун бири, шаар тургуну Динара Айтымбетова өзүнө андагы жазуу өзгөчө таасир эткенин айтты:
- Ачуу чындык жазылган. Себеби өз укугун билбеген адамдар, тебеленип-тепселип, кор болуп келет. Керек болсо кээ бир үй-бүлөлөрдө күйөөлөрү аялынын укугун тебелеп, тепсейт. Бул жерден чындап эле өз укугубузду коргоо үчүн аны билүү зарыл экенин эстейсиң. Көз айнек бул көздү сактоочу, коргоочу буюм. Көз болсо чындыкты көргөнгө болот. Ушул жерде мунун баары символикалуу жасалгандай.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Деген менен ар кандай материалдан, ар кандай көлөмдө жасалган мындай эстеликтер тууралуу адистер ар башка пикирде. Кыргызстан сүрөтчүлөр кошуунун төрагасы Таалай Усубалиев искусствонун бул түрүн жактырбагандардын бири. Адистин айтымында, инсталляция салттуу сүрөт өнөрүнө карама-каршы келет:
- Бул Европадан келген агымдардын бири. Биздин кыргыз сүрөтчүлөр мурдатан келаткан салттуу ыкма менен иштешет. Май боек менен сүрөт тартып, айкел курушат дегендей. Инсталляция батыштан келип, азыр биз үчүн жаңы нерсе болуп атат. Анын да ар кандайлары болот экен. Мага 1998-жылы Германияга барганда бир инсталляцияны көргөзүшкөн. Килтейген бир жыгачка мыктарды кагып коюптур. Мен ушул сыяктуу бирдемелерди көп деле түшүнө бербейм.
Усубалиев инсталляция - сүрөт өнөрү боюнча жетиштүү билим албаган көчө сүрөтчүлөрүнүн искусствосу деген пикирде.
Анткен менен искусство изилдөөчүлөр инсталляцияны заманбап искусствонун бир түрү деп таанышат. Анын башаты ХХ кылымдын башында пайда болгон сюрреалисттер, дадаисттердин чыгармачылыгына барып такалат, бирок бул агым постсоветтик өлкөлөргө эгемендик жылдары гана келди дейт искусство таануучу Арзыгүл Кутуева:
- 90-жылдардан кийин Кыргызстанда видео инсталляция кеңири тарап, алгачкылардан болуп көргөзмөлөргө коюла баштаган. Бүгүнкү күндө скульптуралык инсталляциялар жаралып жатат. Негизинен Кыргызстанда азыр бул искусство өнүгө элек. Бул багытта иштеген көрүнүктүү сүрөтчүлөрдү да айта албайм. Себеби бизде инсталляция чанда гана пайда боло калат. Инсталляция өзүнүн жанрдык мүнөзү боюнча кылымдарга калчу искусство эмес. Ал азырак убакытка даярдалган чыгарма. Убактылуу композицияларга коюлушу мүмкүн.
Арзыгүл Кутуева учурда Ата-Башы районуна коюлган аттын башы, Кеминдеги кетмен эстелик, Бишкек шаарына коюлган көз айнек Кыргызстандагы көрүнүктүү скульптуралык-инсталляциялык чыгармаларга кирерин белгиледи.
Жаштар аллеясына коюлган алп көз айнек Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун жаштар программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.