Кыргыз музыкасы жаз ыргагында

Америкалык Ари Роланддын жаз тобу Бишкекте.

Борбор калаада “Жаз - Бишкек - Күз” фестивалы өтүп, Америкадан келген Жаз оркестри концерт тартуулады. Алардын аткаруусундагы жаз менен кыргыз музыкасы да жаңырды

Жаз улуттук колоритте

Жаз фестивалы Бишкекте 2006-жылдан тарта өтүп келет. АКШ элчилиги менен “Борбор Азия Арт-Медиа” коомдук фонду уюштурган быйылкы төртүнчү жаз концерти Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда болду.

Бу жолу фестивалга америкалык Ари Роланддын төрт кишилик жаз тобу келген экен. Алар сахнага чыккыча “Аура”, “Salt Peanuts” жана KVK топтору ар кандай стилдеги музыкаларын көрүүчүлөргө тартуулашты. 14 жаштагы Аяна Касымова атактуу жаз ырчысы Этти Жеймстин репертуарынын бир ырды созолонто ырдады.

Тыныгуу маалында “Аура” тобунун жетекчиси Таалай Бейшеев менен көзмө-көз жолуктук. Ал келечекте кыргыздын өзүнө таандык, улуттук колориттеги жаз музыкасы пайда болот деген ойдо:

- Мурдагы жылдары комуз, чопо чоорлорду кошконбуз. Кыргызда төкмөчүлүк өнөр бар да. Жазга окшошуп кетет. Менимче, убакыттын өтүшү менен кыргыздын өзүнүн жаз музыкасы пайда болот.

Жаз кыргызда болгонбу?

Америкалык Ари Роланддын жаз тобу буга чейин Кыргызстанга бир нече жыл мурда келип кеткен экен. Ари мырза акыркы кезде Кыргызстанда жаз музыкасы катуу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз музыкасынын ыргагы жазга аябай окшош:

- Комуз, кыл кыяк, ооз комуз, чоордун үнү аябай жагып калды. Аларды үйрөнүү мен үчүн татаал. Ал үчүн Кыргызстанда эки жылдай жашаш керек. Негизи кыргыз музыкасы жазга окшошуп кетет экен. Менимче, кыргыз музыкасы менен жаз айкалышса башкача бир жаңы стил пайда болчудай. Жаздын өзгөчөлүгү ушул, башка музыкалар үчүн дайыма ачык, оңой кабыл алат.

Ари Роланд 16 жашында тажрыйбалуу контрабастчы катары таанылган экен. Тобунда өзүнөн башка үч киши бар. Тенор-саксафончу Крис Байарс, альт-саксафончу Зейд Нассер жана урма аспапта ойногон Кит Балл. Үчөө келбей жатып Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жерин” өздөштүрө коюшканын көргөздү.

"Кыргыз жери" жаз коштоосунда



Ари Роланд сөз арасында кыргыз жеринин керемет экенин дагы кыстара кетти:

- Нью-Йоркто жүргөн кезде “Манасты” дайыма окуп турам. Эмнегедир кыргыз тоолорун аябай жакшы көрөм. Анан лагман дегенде эт-бетимен кулаган жайым бар. Мен үчүн идеалдуу жер бул - Кыргызстан.

- Будисттер айтмакчы, мурунку жашооңузда кыргыз болсоңуз керек?-деп тамашага чаптырып суроо узаттык:

- Балким (күлүп)...

“Жамгыр” жаздын коштоосунда

Ари мырзанын тобу “Устат-шакир” элдик ансамблинин коштоосунда бир нече кыргыз обондорун жаз ыргагында ойношту. Айрыкча Түгөлбай Казаковдун “Жамгырын” аткарышканда зал ичинде керемет маанай пайда болду.

Концертке 78 жаштагы пенсионер Капар Бегалиев дагы келген экен. Бул музыкага болгон сүйүүсү студент кезде ойгонгонун айтат:

- 50-жылдары Политехникалык институтта окуп калдым. Союз мезгилинде жазга тыюу салынгандыктан жашыруун укчубуз. Жашыруун бийлечүбүз. Мугалимдер көрсө урушат эле. Азыр эми жыргал заман да. Каалагандай уга бергиле.

Ал эми концертти уюштурган “Борбор Азия Арт-Медиа” коомдук фондунун менеджери Бермет Нуруева жаз эки эл достугун чыңдоого жардам берет деген ойдо:

- Биз жазды Кыргызстанда өнүктүрүү максатын көздөйбүз. АКШ элчилиги бизге жардам берип жатат. Элдин маданиятка болгон кызыгуусун музыка аркылуу ойготуп, бийик искусствго жол ачкыбыз келет.

Жаз XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында африкалык жана европалык музыка айкашынан жаралган экен. Маданиятта чек жок турбайбы. Океандын ары жагынан келген жаздын алатоолук күйөрмандары жыл өткөн сайын арбып баратат.