Саляновдун өлүмүндөгү саясий өңүт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылды.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн териштирген сот иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланышы керек болчу. Бирок 28-июнга дайындалган бул сот иши кылмышка шектүүлөрдүн адвокаттарынын сот жараянына келе албай калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улан Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатканын 26-июнда маалымдаган.

Маркум Улан Саляновдун тууганы Чынара Турдалиева милиция мурда иликтебей келген жаңы жагдайлар ачыкка чыгып жатканына токтолду:

«​Жакында эле Москвадан ошол ишти уюштуруучу катары саналган адам Кыргызстанга алып келинди. Аны суракка алып жатышат. Кылмышты уюштуруучу тергөөгө жаңы жагдайларды айтышы мүмкүн. Бүгүн ошол кылмышты уюштуруучу катары эсептелген адамдын катышуусунда сот иши болмок. Ошого байланыштуу биздин адвокат бул ишти кайра тергөөгө жөнөтүү боюнча сотко өтүнүч келтирмек. Себеби эки күн мурун ИИМ "бул кылмыш ишинде саясий буюртма болушу мүмкүн экенин четке кага албайбыз" деген версияны расмий жарыялабадыбы».

Дагы караңыз Саляновдун соту: башкы күбө көрсөтмө берди

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрь айында башталган болчу. Кийин бул кылмышка шектелип, Эрмек Осмонкулов кармалган. Андан соң бул ишти уюштурууга катышы бар адам катары Токмок шаарынын тургуну Асанэмир Абыкулов Орусияда кармалып, бирок анын Кыргызстанга алып келиниши чечилбей жаткан.

Ички иштер министрлиги жакында кылмышка шектүү Асанэмир Абыкулов Орусиядан алып келингенин 24-майда жарыялаган. Мындан сырткары үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев 2018-жылы августта Екатеринбург шаарынан кармалган.​

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу

Маркум Улан Саляновдун досу Нурлан Ибраимов башында эле бул иште саясий буюртма болгону тууралуу күмөн саноо болгонун айтып, бирок милиция аны кадимки карактоо катары иликтеп келгенин белгиледи:

«​Ал чоң бизнес менен алектенип, көп акча тапкан ишкер болсо бир жөн. Жөнөкөй эле жигиттин үйүнө кирип барып, атып кетип жатышса, албетте, бул иш саясатташкан деп ойлобой коюуга мүмкүн эмес. Ал өзүнүн жашоосу менен жашап, эч кимге зыянын тийгизбей, майда тиричилик менен алектенген адам эле. Машинелерди оңдоп, кайра сатчу. Милиция башында "бул ишти аны карактагысы келгендер жасаган" деген божомолду айтты. Бирок анын карактай турган чоң акчасы жок болчу. Анын акчасы болсо жок дегенде үйүнүн коргонун бүтүрүп, дарбазасын коёт эле. Досубуз кезинде эжесине жардам сурап кайрылып, эч убакта жумуштарын бүтүрүүнү суранган эмес».

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жакында Орусиядан алып келинген кылмышты уюштурууга катышы бар адам катары шектелген Асанэмир Абыкулов суракка алынып, бул ишке буюртма берген тарап боюнча көрсөтмө бергени тууралуу маалыматты айта элек. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова инисинин өлүмүн «саясий буюртма» деп келет.

Айыпкер тарап позициясын айта элек

Ошол эле кезде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүн уюштурууга шектелип жаткан Асанэмир Абыкуловдун адвокаты Икрамидин Айткулов анын коргоосундагы жаран ушул күнгө чейин көрсөтмө бере электигин билдирди:

«​Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Азыр бизде бул боюнча маалымат жок. Аны эми суракка алышат. Бирок азыркы күнгө чейин ал көрсөтмө бере элек. Мен бул боюнча азырынча «ооба» же «жок» деп айта албайм. Мен азырыча андан кабарсызмын. Ал көрсөтмө бере элек».

Маркум Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан деген шек менен кармалган Эрмек Осмонкулов ага чейин Ошто ишкерди карактоого шектүү экени ачыкка чыккан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.