Кадыралиевден ыдык көргөндөр колдоо күтөт

Канжар Кадыралиев

Канжар Кадыралиевдин ишинде жабырлануучу катары өтүп жүргөндөр ал үй камагында жүрүп алып, жабырлануучуларга кысым көрсөтүп жатканын билдиришүүдө.

Жабырлануучулар Кадыралиевдин мыйзамсыз иштери боюнча соттук териштирүү да улам жылдырылып жатканына нааразы болуп, бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун президенттен өтүнүштү.

Канжар Кадыралиевге ашканасын, үйүн тарттырып жиберген ишкер Мирлан Жолдошов президентке кайрылып, өзүн Кадыралиевдин мыйзамсыз аракеттеринен, коркутуп-үркүтүүлөрүнөн коргоп берүүсүн өтүндү:

- Өткөн жылы Октябрь райондук сотунда карала баштаган сот иши белгисиз себептер менен улам бир судьянын колуна өтүп, жылып келди. Кийинчерээк ишти Бишкек шаар сотуна жиберишти. Ошентип, ар кандай себептер менен сот башталбай жатат. Биз мунун артында Канжар Кадыралиев жана анын сот тармагындагы тааныштары турат деп ойлойбуз.

Мирлан Жолдошовдун айтуусунда, Канжар Кадыралиев Ош шаарындагы “Улан” деп аталган ашканасын тартып алып, аялына жаздырып алган. Ал эми кафенин ордуна деп берген жер тилкесине үй тургузулгандан кийин тартып алган деп билдирди.

Ашкана Канжар Кадыралиевге козголгон кылмыш ишинен улам, Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган. Мирлан Жолдошевдин келинчеги Замира Сатыбалдиеванын айтуусунда, учурда чиедей болгон балдары менен ошол ашканада күн кечирүүдө.

Жабырлануучу Мирлан Жолдошев Канжар Кадыралиев үй камагында жүрүп, өзүнө каршы доо арыз жазып бергендердин баарын коркутуп-үркүтүп, соттук териштирүүнүн башталышына тоскоолдук кылып жатат деп айтты:

- Сот башталып жатканда эле Кадыралиевдин адвокаты бир шылтоону айтып туруп, сотту жылдырып келатат. Он беш күнгө жылат, бир айга жылып кетет. Ошентип эле жылып келе жатат.

Бирок бул дооматты Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов четке какты. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, улам бир судья алмашып, процесс каралбай жылып жатуусуна Кадыралиевдин эч кандай тиешеси жок:

- Соттор алмашып отуруп, азыр канчанчы сот карап жатканын да билбей калдым. Бирөө карап жатса, аны командировкага жиберип, башкасына берет. Ал кайра башынан карап жатса, кайра башкасы алат. Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Жабырлануучулар өздөрү да сот процессине келишпейт. Соттун улам жылып жатканына биздин эч кандай тиешебиз жок.

Соттук териштирүү өткөн жылы июнь айында Октябрь райондук сотунда башталмак. Ошондон бери түрдүү себептер менен жылып келүүдө. Учурда бул иш Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованын карамагында турат.

Акыркы соттук жараяндардын биринде Канжар Кадыралиевдин адвокаттары ишти Ош облусуна которуп берүүсүн соттон өтүнүшкөн. Адвокат Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, буга соттук териштирүүнүн улам жылдырылуусу себеп болгон:

- Акыркы соттук жараянда биз ишти Ошко которулсун деп өтүнүч келтирдик. Анткени иштин баары Ошто болгон. Ошондуктан, иш жасалган жеринде каралсын.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин мыйзамсыз иштерине даттанып, 2014-жылы бир нече киши күч түзүмдөрүнө кайрылган. Бир топ арыздардан улам Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы ээлеген кызматынан бошоткон.

Кадыралиевдин иштери тууралуу “Азаттык” да иликтөө жүргүзүп, атүгүл бул ишти мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган.

Кылмыш иши козголгон Канжар Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, өткөн жылы март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле. Жогорку Сот алгач анын баш коргоо чарасын №1 тергөө абагында өтөөнү чечим кылса, быйыл январь айында үй камагына алмаштырган.