Соттор менен криминалдын "өнөктөштүгү"

Иллюстрация

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым соттор уюшкан кылмыш топторунун пайдасына чечим чыгарып жатканын айыптады.

Жээнбеков сот тармагында кээ бир иштерге чекит коюлбай, судьялардын үстүнөн арыз көп түшүп жатканын айтты.

Кооптуу коңгуроо

Соттук реформа боюнча кеңештин 27-декабрда өткөн жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сот органдарында мүлк талаш же башка бир чарбалык дооматтарга байланышкан кээ бир иштерге 10-15 жылдан бери чекит коюлбай келе жатканын сынга алды.

Президент Жогорку сот жоопкерчиликти өзүнө алуудан качып, татаалдашып кеткен иштерди кайра кароону жергиликтүү сотторго жөнөтүп жиберүүнү адатка айлантып алганын билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сот тармагындагы кооптуу коңгуроо катары судьялар уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алып, алардын пайдасына чечим чыгарган көрүнүштөр арбын экенин белгиледи:

- Айрым соттор уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн чет элдик жарандардын жана инвесторлордун мүлкүн тартып алуу максатында мыйзамсыз чечимдерди чыгарган учурларга күбө болдук. Фемиданын кээ бир кызматкерлери соттун көз карандысыздык принцибин жоопкерчиликсиз мамиле катары кабыл алып, адилетсиз чыгарган чечимдери коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Мына ушуга байланыштуу көп арыздар түшүп жатат. Өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөр өлкөбүздөгү инвестициялык жагымдуулукту начарлатып, сырттан келе турган каражаттын азайышына себеп болууда. Анын жалпы экономикабызга залакасы тийип жатат. Биз бул жагдайларга өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Урматтуу соттор, эми мындайды токтоткула.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков: Сот реформасына кайдыгерлер жазаланат

Соттордун кезеги

Муну менен президент Сооронбай Жээнбеков кээ бир адамдарды эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган соттор соңку мезгилде мыйзамга жатпаган чечимдери үчүн өздөрү дагы камакка алынып жаткан учурлар бар экен кыйытты.

Президент 2018-жылы август айында Бишкектин Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны кызматтан бошоткон. Жакында эле Жаркеева мындан эки жыл мурда чыгарган сот чечими боюнча камакка алынды.

Дагы караңыз Сот өкүлдөрү да камала баштады

Башкы прокуратура ага чейин Ош шаардык сотунун жана Ош облустук сотунун төрт судьясына карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов кандай учурда соттун чечими мыйзамсыз деп табыла турганын айтып берди:

Курманбек Осмонов.

- Бурмалап чыгарган чечимдин аягы жакшы болбойт. Тергөө органдары соттун чечимине “мыйзамдуу” же “мыйзамсыз” деп баа бере албайт. Аны Жогорку сотко чейинки инстанциялар айтышы керек. Ошол төмөнкү инстанциядагы чечим бузулуп, жокко чыгарылып, "бул мыйзамсыз, акыйкатсыз чечим болгон" деп тапса - ошондо гана “мыйзамсыз чечим чыккан” деп айтса болот. Эгер анын чечими күчүндө турса, эч ким жокко чыгарбаса - анда тергөө органдарынын бул чечимге баа бергенге акысы жок.

Ишкердин мисалы

Криминалдын басымы астында жана сот чечимдеринин негизинде мүлкүнөн ажыраган ишкерлердин бири Рустам Нурматов президенттин соттордун рейдерликке көмөктөшүп жаткан учурлары тууралуу айткан сөзүн өз учурунда көтөрүлгөн маселе катары кабыл алды.

Ишкер Рустам Нурматов 2016-жылы Ош шаарынын чок ортосундагы 30 сотых жерин тарттырып жиберип, соттор менен кылмыш тобунун курмандыгы болгонун мисал келтирди:

- Президент аябай туура маселе көтөрдү. Сот тармагында реформа болуп, сот тутумун өзгөртпөсө болбой калды. Мен өзүм дагы соттун туура эмес чечиминин негизинде жер тилкемди тарттырып жиберген маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылгам. Криминалды пайдалануу менен менин жеримди арзанга баалап, мажбурлап саттырган келишимди буздургам. Кийин ошол боюнча соттор жер тилкесин ашкере кымбат баада саткан деген негизде экинчи тарапка чечим чыгарып салышкан. Менин жер тилкемди дагы жанагы камакка алынган Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарган чечимдегидей схема боюнча тартып алышкан.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева келерки жылдан тарта жаңы укуктук тутумдун ишке кириши менен ачык-айкындуулук камсыздалып, сот чечимдериндеги айрым калпыстыктар жөнгө салынат деп ишендирди.

Дагы караңыз Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Жогорку соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева соттордун ишмердигин баалоо жана алардын чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселеге учурда өзгөчө басым жасалып жатканын белгиледи:

- Бир судьянын аракети менен бүтүндөй бир сот тутумунун абалына баа бере албайбыз. Кылмыш иштери козголгон соттордун тергөө иштеринин жана соттук териштирүүлөрүнүн жыйынтыгына жараша чара көрүлөт. Бизде соттордун ишин баалоо дагы бар. Анда негизинен канчалык деңгээлде кандай чечимдер чыкканы жана төмөнкү инстанцияларда кабыл алынган сот чечимдери Жогорку соттон кандайча бузулуп калганы териштирилет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2018-жылы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими менен беш судья кызматтан четтетилген. Ошондой эле тогуз судьяга сөгүш жарыяланып, жыйырмасына эскертүү берилген. Жалпысынан быйыл жыл башынан бери беш судьяга кылмыш иши козголду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.