1-августта Ички иштер министрлиги жарым жылдык ишинин жыйынтыгын талкуулап, кылмыштуулукту азайтуудагы төмөн көрсөткүчтөрү үчүн бир катар облустук, шаардык милиция башчыларына сын-пикир айтылды. Бул тууралуу маалымат тараткан ИИМдин расмий сайты, бирок, министр Улан Исраилов мекеменин жарым жылдык ишине канааттандырарлык деген баа бергенин кабарлады.
Исраиловдун күттүргөн реформасы
Расмий маалыматка караганда, быйылкы жарым жылда 13 миң кылмыш катталып, анын 12200ү боюнча иш козголгон. Мурунку жылдары жасалган кылмыштарды кошкондо милиция быйыл 11000ден ашуун кылмыштын бетин ачкан.
Анткен менен байкоочулар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш чабал жүрүп жатканын белгилешүүдө. Серепчи Төлөгөн Келдибаев мунун өзү кылмыш жасаган, соттолгон адамдардын саясий турмушка тоскоолдуксуз аралашуусуна шарт түзүп жатат деген ойдо:
- Майда-чүйдө мушташуу, телефон уурдамай сыяктуу кылмыштар азайышы мүмкүн. Бирок, чоң-чоң кылмыштардын бети ачылган жок. Кылмышка каршы чечкиндүү күрөш жүргөн жок. Чоң кылмышкерлер акталып чыгып кетүүдө. Айылдык кеңешке депутат, айыл өкмөт башчы болуп атышат. Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иштерди жүргүзүүдө. Аларды бийликке, саясатка келтирбөө жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган жок.
Бул өңдүү жагдайды опурталдуу санаган экс-баш прокурор Кубатбек Байболов мыйзам бузууларга карата кенебес мамиленин калыптанып жатышында коомчулуктун да күнөөсү бар дейт:
- Илгери кылмышкер, мыйзам бузгандар корунуп турчу. Азыр, тескерисинче, эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, чайга чакырылып калбадыбы. Кылмыштуулуктун жаңы түрлөрү пайда болуп, анын чоңдору мамлекеттик башкарууга кийлигишип, саясий чөйрөгө таасир берип атпайбы. Башканы кой, ала качуу, жаш балдарды зордуктоону тыя албай койдук, анан күчтүүлөрүнө кантип алыбыз жетет.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов ИИМ кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан иштерин жогору баалап, сын-пикирлерди колдогон жок:
- Акыркы 20 жылда канчалаган талап-тоноо, өлтүрүүнүн айынан жүздөп эмес, миңдеген ата-энелер сыздады. Баяман Эркинбаев, Сурабалдиевдей кыйын жигиттер атылып кетти. Эми акыркы алты жылда ушундай чуулгандуу иштер болдубу? Бул деген ИИМдин кылмышка каршы кандай жыйынтык көрсөткөнү эмес. Бул деген алардын алдын алуу иштерин жакшы жүргүзүп жатканынын белгиси.
Ал ортодо Чүй аймагындагы криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү Алтынбек Ибраимовдун акталганы, “Карышкыр” деген ат менен “мыйзамдагы ууру” атыккан Мурсалим Өмүрзаковдун Орусиядан Кыргызстанга депортацияланганы тууралуу маалыматтар ар кандай талкууларга жем таштоодо.
Кара-Суу райондук сотунун 6-июлда бир жарым жылдык тергөөдөн кийин Ош облустук башкармалыгынын кызматкери, полковник Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталып кармалган Кадыр Досоновду акташы да чоң талкууларды жараткан.
Өлкө түштүгүндө өзгөчө таасири бар делген Кадыр Досоновдун акталышын айрымдар аны шайлоого жакын атайын чыгарышты деген пикирин социалдык тармакка жазышкан болчу.
Ошол эле кезде милиция алар кармап, камакка алган кылмышка шектүүлөрдү бошотуп жибергени үчүн сотторду айыптаган учурлары болгон.
Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоо демилгелери апрель ыңкылабынан бери жетекчи алмашкан сайын күн тартибине коюлуп келгени менен, анын жыйынтыгы байкала элек.