Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата сөз сүйлөгөн президент учурда өлкөдөгү аскердик реформа ийгиликтүү ишке ашканын белгилеп, армия өлкөнү коргоого жөндөмдүү деп баалады.
Улуттук филармонияда өткөн Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдык мааракесине арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев армиянын акыркы абалына токтолду. Президент мурунку бийликтер тушунда жетиштүү көңүл бурулбай кыргыз армиясы чейрек кылым аралыгында өтө көп сыноого туш болгонун билдирди.
Өлкө башчысы акыркы жылдары аскер реформасы ийгиликтүү өтүп, армия өлкөнү коргоого жөндөмдүү болуп калганын белгиледи:
- Төрт жарым айдан кийин, 15-октябрда кыргыз эли өлкөнүн жаңы президентин шайлайт. Албетте мен да акыркы айларда өткөн-кеткенди эстеп, президент катары жасаган иштеримди талдап жаткан кезим. Айрым жетишкендиктерди азыр деле айтсак болот. Бул, албетте, биринчи кезекте өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук. Элибизде ойгонгон байыркы бабалардын руху, күч-кубаты. Жетишкендиктердин катарына мен азыркы Кыргыз армиясын дагы кошот элем. Дос мамлекеттердин жардамы менен армиябыз заманбап курал-жарак менен толук камсыздалды. Албетте, ал куралдар кол салуу үчүн эмес, коргонуу үчүн. Мисалы, бомбардировщиктер жок - биз бирөөгө кол салбайбыз. Бирок, чоочун учак кирип келсе - кайра соо кетпейт.
Президент өлкөнү башкарган жылдары армиянын абалына бушайман болуп келгенин, бирок акыркы убакта өзгөрүүлөргө канааттанып жатканын кошумчалады:
- Үч-төрт ай мурда Башкы штабдын башчысы генерал Дүйшөнбиев иш боюнча келип, эки-үч маселени айтып, анан мага карап: “Алмазбек Шаршенович! Эми накта армиябыз бар!” – деп толкунданып айтты. Бул сөздү укканда көзүмөн жаш чыгып кете жаздады, ушундай сүйүндүм! Абдан сүйүндүм! Анткени мен бул сөздү 2010-жылдын июнь каргашасынан бери күтүп жүргөм. Ошол каргашалуу июнда мага күч органдарынын башчылары: “Коңшулардын армиясы кирип келсе, туруштук бере албайбыз”, - деп ачык айтышкан. Бул сөз ошондо жүрөгүмө бычактай тийген. Бычак болуп, жүрөктө калган.
Президент өз сөзүнө далил катары акыркы жылдары аскер кызматкерлерине көрүлүп жаткан камкордуктарды атады. Маалыматка караганда, соңку кездери аскерлер үчүн 55 турак жай пайдаланууга берилди. Дагы 34 үй курулуп жатат жана 37 турак жай тургузуу пландалууда.
Атамбаев айтып жаткан Кыргызстандагы Аскердик доктрина 2013-жылы бекитилген эле. Доктрина дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен түзүлүп, аскер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатын көздөрү айтылган.
Анын алкагында бардык аскер бөлүктөрдү башкаруу борбордук орган катары Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлгөн. Ал эми Коргоо министрлиги комитет катары өзгөртүлүп, милдеттери бөлүштүрүлгөн.
Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Орозматовдун айтымында, учурда негизги максат армиянын курал-жарагын жаңылоого багытталууда:
- Негизги ишибиз биздин армиянын курал-жарагын жаңылап, заманбап техникалар менен камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин жашоо-шарттарын жакшыртууга басым жасалып жатат. Акыркы үч жыл ичинде 500дөн ашык аскер кызматкерине батир берилди. Ушул жылдын аягына чейин 340 батирди пайдаланууга беребиз. Өлкөнүн сырткы чектерине чек ара бөлүктөрү курулуп жатат. Эми мындан ары да ушул багыттагы иштерди улантабыз. Курал-жарагыбызды өнөктөш өлкөлөрдүн аскердик-техникалык жардамынын эле эсебинен эмес, бюджеттен акча бөлүп жаңы аскерий техника сатып алууну пландап жатабыз.
Реформа аздан башталат
Анткен менен бийлик башчынын белгилеген көрсөткүчтөр көз карандысыз талдоолор дал келет деп айтууга болбойт.
2016-жылы Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен аскер күчтөрүнүн абалы начар 110-орунду ээлеген эле.
Жергиликтүү аскер адистеринин кыйласы мындай тыянакта негиз бар деп эсептейт. Алардын бири - Улуттук Гвардиянын мурдагы кол башчысы Абдыгул Чотбаев:
- Армиянын сандык көрсөткүчтөрү көбөйдү, сапаты жогорулады деп айта албайм. Анткени армиянын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон Улуттук Гвардиянын түзүлүшүнүн башында туруп, аны 14 жыл башкарган адам катары төмөнкүдөй жыйынтыкка келип жатам. Ар бир бийлик келген сайын өзүн мактайт. Жаңы бийлик, жаңы өкмөт же жаңы министр келсе реформа жасайбыз деп айтышат. Ал эми бул реформалар бир эле нерсени: аскерлердин формасын өзгөртүү жана аскер бөлүктөрүн башкарууну биринен экинчисине өткөрүү менен чектелүүдө. Ал эми армиянын сапаты чынын айтканда жогорулаган жок.
Аскер кампасынан курал-жарак уурдалды
Аскер кампасынан курал-жарак уурдалды
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып, кармалганын ырастады.
Ошол эле кезде аскерлер арасындагы бири-бирине ыдык көрсөтүү, уставдык эмес мамилелер кыргыз армиясындагы курч маселелердин бири. Жыл сайын мындай мамилелерден улам бир нече жоокер каза болуп же майып болгон учурлар арбын.
Буга кошумча аскер кызматкерлериндеги мыйзамсыз курал-жарак сатуу боюнча бир нече жаңжал орун алган эле.
Былтыр Чек ара кызматынын аскер кызматкери көп сандагы курал-жаракты сатып жүргөнү аныкталып, кылмыш иш козголгон. Тергөөдө 2014-жылдан 2016-жылга чейин аскер бөлүктөгү бир нече кызматкер өз ара сүйлөшүп алып, кампада сакталган курал-жарактарды уурдап чыгып, сатып жүргөнү аныкталганы кабарланган. Анын жыйынтыгы менен 13 адамга Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылды. Алардын арасында мурдагы аскер жана милиция кызматкери менен кошо жөнөкөй жарандар бар.
Башкы штаб жетекчилиги болсо мындай терс көрүнүштөр болгонун моюнуна алып, бирок аны жоюу боюнча максаттуу иштер жүрүп жатканын айтышат.
Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков кыргыз армиясынын азыркы жана мындан 20 жыл мурдагы абалы, ийгилик-кемчиликтери тууралуу ой бөлүштү.