Министрдин бул пикири бала уурдоо, криминалдык топтордун тиреши өңдүү жүрөктүн үшүн алган кандуу окуялар катталган учурга туш келип, «өлкөдө кылмыштуулукка каршы күрөш жүрбөй жатат» деген сындарды күчөттү.
Депутат күтпөгөн жооп
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин баамында, «уюшкан кылмыштуу топтор бардык учурда болгон жана азыр да бар». Министрдин маалыматы боюнча, учурда кылмыштуу топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок.
«Уюшма кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылышат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи?»
Жунушалиев мындай пикирин 12-апрелде парламентте депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатканда айткан. Эл өкүлү министрден мындай жоопту күткөн эмес. Депутат «Азаттыкка» өлкөдө кылмыштуулук менен күрөшүүчү негизги органдын башчысынын жообуна нааразы болуп жатканын билдирди:
«Жөнөкөй адам «уюшкан кылмыштуу топтор болгон жана боло берет» деп айтып койсо мейли. Бул болсо жалпы өлкө боюнча укук коргоо системасын караган министрдин жообу болуп жатпайбы. Бул жооп мени канааттандырган жок. Ошондой эле социалдык тармактардын колдонуучуларынын пикирлерин окусам, алар да министрдин жообунан кийин кооптонуп жатышканын байкадым. «Алар болгон жана боло берет, бирок көзөмөлдө» дегенин кандай түшүнсө болот? Кожо көрсүн болсо да «бизде криминалдык топтордун мүчөлөрүнө кылмыш кылууга жол бербеш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар» деп койбойбу?»
Өткөн аптада Бишкекте эки киши мыкаачылык менен өлтүрүлүп, бул кылмышты талдоочулар уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалап жатышат. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Ага удаалаш эле 11-апрелде Кант шаарынан 12 жаштагы Даниил аттуу бала уурдалып, ошол күнү кечинде куткарылды.
Дагы караңыз Кылмыш дүйнөсүндө тиреш кызыдыКийинки убакта ар кандай уюшма топтор жанданып, түрмөлөрдө криминал түшүнүгү менен дин аралашкан радикал күчтөр пайда боло баштаганы тууралуу жоромолдор коомчулукта көбүрөөк айтыла баштады.
Коопсуздук жаатындагы серепчилер шайлоо жакындап, өлкөдө саясий күчтөрдүн тиреши курчуп бараткан учурду эске алганда, мындай көрүнүштөр опурталдуу экенин эскертишет. Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов буларды айтты:
«Уюшкан топторду, жөнөкөй кылмышкерлерди кошуп баарын жоюш керек. Ошол кылмышкерлердин ичинде радикалдар да жүрөт. Айрым мамлекеттердегидей жардыруу болуп калса «жардыруу да боло берет, чыдагыла» деген көз караш менен жашайлыбы? Андай болбойт. Мамлекет бар жерде «боло берет» деген болбошу керек. «Кылмышты жоюуга аракет кылып жатабыз, убакыт керек» десе түшүнүктүү. Ал эми көнүмүш адат катары караган такыр туура эмес».
Эксперттердин баамында, Кыргызстанда кылмыштуу топтордун катары жашарып, криминалдык чөйрөнүн турмушун пир туткан мектеп жашындагы балдар өсүп келатканы да байкалууда.
Социолог Самар Сыргабаевдин пикиринде, уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш мыйзам гана эмес, аларга каршы идеология аркылуу да жүрүшү керек.
«Азыр деле айрым жаштардын аң-сезиминде белгилүү кылмышкерлердин образы сиңип калган. Ар кандай кинолордогу, Интернеттеги криминалдарга окшош болууга аракет кылышат. Анан алар менен күрөшчү жогорку кызмат адамынын оозунан ушундай сөздөрдүн айтылышы алардын образын күчөтөт», - деди социолог.
Совет доорунан калган «уюшкан кылмыштуу топ» - бул өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары менен жүргөн криминалдык чөйрө. КМШнын айрым өлкөлөрүндө жарандын бул топко мүчө болгону аныкталса эле жазага тартылат. Ал эми Кыргызстанда ушуга окшош мыйзам долбоору парламенттен колдоо таппай келет.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кылмыштуу топторду бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев өңдүүлөр жетектешет. Алардын ичинен Камчы Көлбаев менен Алмазбек Бокушев Кыргызстанда эркиндикте жүрүшөт, ал эми Азиз Батукаевди кыргыз бийлик органдары «оорусу катуу» деген негизде түрмөдөн бошоткондон бери ал Чеченстанда экени айтылууда. Алардын «жолун жолдоочулар» деп саналган ондогон кишилер укук коргоо органдарынын атайын каттоосунда турат. Мындан сырткары аймактарда майда кылмышк топтору да бар.
Тасмада: Бандиттер байырлаган Ош
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.