Экс-мэрлердин соту: өкүм чыкты

Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-декабрда мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыкты.

Соттун өкүмүн судья Кубанычбек Касымбеков окуп берди.

Ошентип Албек Ибраимов 15 жылга кесилди, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, абактан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов ушул күнү акыркы сөзүн сүйлөп, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөшкөн.

Экс-мэрлердин иштерине байланыштуу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеев жана башка ондон ашуун адам айыпталган. Сот аларга да айыппул салып, сот залынан бошотту.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип, "мамлекеттик айыптоо адилеттик үчүн иштебей, атайын каралоо менен гана алек болгонун" белгиледи.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Ибраимов да акыркы сөзүндө иштин баары куру доомат экенин билдирди жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тааныш экенине, кызматташканына сыймыктанарын айтты.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​