COVID-19: өлүккананын короосунда окулган жаназа

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коронавируска байланыштуу кырдаал курчугандан бери республикалык өлүккананын алдында адамдар көбөйдү. COVID-19 илдетине чалдыгып, ооруканадан үзүлгөндөрдүн сөөгү өлүкканадан жуулуп, кепинделип, полиэтилен баштыкка оролуп жакындарына тапшырылып жатат. Аны ачып, кармап, кучактоого же өбүүгө тыюу салынат.