Бишкектеги көк бөрү оюнун көрүүгө келген күйөрмандар ат майданга батпай, улакчылар ойноочу аянтка чыгып кеткен көрүнүштөр социалдык түйүндөрдө да талкууга алынды. Ипподромду кеңейтүү демилгелери коомчулук гана эмес, депутаттар арасында да көтөрүлүп жатканы менен “Ак кула” ат майданындагы соттук териштирүү маселелери ишти ордунан жылдырбай турганы маалым болду.
Нооруз майрамында көрүүчүлөр ипподромго батпай, трибунанын жанындагы бак-дарак, атүгүл сахнанын төбөсүнө чейин чыгып кеткен көрүнүш Бишкек шаарында биринчи жолу катталып жаткан жок. Буга чейин парламенттеги бир катар депутаттар да, ипподромду кеңейтип, көбүрөөк адам бата тургандай кылып оңдоп-түздөө керектиги тууралуу демилгелерди айтышкан.
21-марттагы оюндар учурунда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бийлик инвесторлорду чакырып, ипподромду кеңейтүү жагын ойлонушу керектигин белгиледи:
- Мына Ысык-Көлдө бир гана Орто Азия эмес бүткүл мурдагы союз өлкөлөрүндө жок, заманбап ипподром салынды. Бул башталышы деп айтсак болот. Ушундай эле ипподромго бүгүн Бишкек дагы муктаж. Миңдеген адамдар келгиси келет, бирок көргөнгө мүмкүнчүлүк жок. Андыктан өкмөткө тапшырма берип, инвесторлорду чакырып өнүктүрүү керек.
Ипподром шаардык мэриянын карамагында...
Бирок айтылгандар оңой менен ишке ашчудай эмес. Ипподромдун инфраструктурасы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери өнүкпөй жатканына андагы соттошуу иштери таасир этүүдө. “Ак кула” ат майданынын имараты жеке колго өтүп кеткендиктен, шаардык мэрия акыркы жылдары соттошуунун үстүндө гана келет.
Ушул жылдын башында гана Бишкектин Ленин райондук соту ипподромду шаардык мэриянын балансына кайтарды. Бирок соттошуулар аны менен бүтүп калган жок. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчи орун басары Кулболду Исаев буларга токтолду:
- Соттошуу болуп жатат, азыр акыркы чечим чыга элек. Учурда сот ипподромду шаардык мэрияга алып берип койгон, бирок акционерлер кайра эле сотко берип иш уланууда. Мына ушу ипподромдун жери талаш болгондуктан, курулуш жүрбөй жатат. Эгерде мэрияга толук берсе, алар ат майданды жасоого даярдыгын билдирген болчу. Эгерде биздин дирекцияга ипподромду өткөрүп берсе, биз деле оңдоп-түзөөгө даярбыз. Ошондой эле ипподром боюнча мэрия менен соттошуп жаткан тарап дагы өз ыктыяры менен ипподромдун инфраструктурасын оңдоого ниети бар экендигин айтты. Тилекке каршы, азыр ат майдандын юридикалык статусу чечилбей жатат.
Акционерлердин талабы
Дал ушу соттошуу иштеринен улам, борбордук ипподромдун барган сайын көркү кетип, ал эми майрам күндөрү батпаган көрүүчүлөр ого бетер ат майданды бүлдүрүүдө.
Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциянын жетекчиси Алмаз Касеновдун айтуусунда, тараптардын соттошуусунан коомчулук гана утулуп жатат. Андыктан тынчтык келишими эки жакты тең канааттандырмак.
- Эгерде акционерлер менен тынчтык келишимге келсе, иш ордунан жылганы жатпайбы. Мамлекет менен жеке тараптын шериктиги тууралуу кызматташтык бар. Бул жерден акционерлер кандай салым кошот, ал эми мамлекет кандай кылып колдоо көрсөтөт деген сыяктуу пункттарды тактап алышса, менимче келечекте сот эки тарапты тең ынандырган чечим чыгарат болушу керек.
57 гектар аймакты ээлеген “Ак кула” ат майданы 1979-жылы курулган. 1995-жылы өкмөттүн токтому менен ипподром Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Эки жылдан кийин “Ак кула” акционердик коому деп түзүлүп, имараттын 80 пайыз үлүшү эмгек жамаатына, 20 пайызы Айыл чарба министрлигинде калган.
2013-жылы сот Айыл чарба министрлигинин агрардык жана жер реформасын мыйзамсыз деп тапкан, ал эми ушул жылдын январь айында Ленин райондук соту “Ак куланы” кайрадан шаардык мэрияга өткөрүп берди. Чечимге нааразы болгон акционелер азыркыга чейин ипподромго ээлик кылуу боюнча соттошуп келет.