Маянага байланган мамлекеттик адвокаттар

Ленин райондук сотунда адвокат Эльмира Чоноеванын иши каралууда. Ал өткөн жылы адвокаттык лицензиядан ажыраткан Адвокатура кеңешинин чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган.

Адвокатура кеңешинин этика комиссиясы Чоноеваны "жактоочулук ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде аткара алган эмес" деген жүйө менен ишмердүүлүгүн эки жылга токтотуу боюнча чечим чыгарган. Эксперттер бул иш мамлекет тарабынан берилген адвокаттарга ишеним жоктугун ачыкка чыгарганын айтышууда.

Мыйзамбы же соттун буйругубу?

Элмира Чоноева өткөн жылы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин кароого мамлекет тарабынан берилген адвокат. Бирок саясатчылар өздөрү жана алардын башка адвокаттары сотто эле Чоноеванын жактоочу катары иштеп беришине каршы чыгышкан. Ага карабай, Чоноева "саясатчылардын апелляциялык арызы тууралуу тогуз томдук иши менен тааныштым" деп адвокат катары кол коюп берген деген дооматын Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова "Азаттыкка" билдирди:

Таалайгүл Токтакунова

- Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралып жаткан кезде аларга экөөнө тең ушул адвокатты берип койгон. Текебаев менен Чотонов анын адвокаттык кылуусуна каршылык билдирип, залдан чыгып кетишкен. Адвокат катары ал да тигилер менен кошо чыгып кетүүгө тийиш болсо дагы кетпей койгон. Натыйжада сот жарыш сөзү жок эле, айыпталуучулардын акыркы сөзү да жок эле чечим чыгарып койгон. Мындан тышкары тогуз томдук ишти, 110 беттик апелляциялык арыздан эле 35 арыз болгон, ошонун баарын жарым күндө окуп, тааныштым деп кол коюп койгон. Чоноеванын бул кылганы адвокаттык мыйзамга да, этикага да жатпайт. Анткени, адвокат эң биринчи кезекте өзү коргоп жаткан тараптын кызыкчылыгын коргоого тийиш.

Бул окуядан кийин Таалайгүл Токтакунова Адвокатура кеңешинин этика комиссиясына Элмира Чоноеваны адвокаттык лицензиясынан ажыратууну өтүнүп, арыз менен кайрылган. 4-ноябрда Ленин шаардык соту адвокатура кеңешинин чечимин карап, тараптарды уккан.

- Сотто Чоноева өз оозу менен "Мен солдатмын. Мен үчүн мыйзамыңар буйрук эмес. Соттун токтому маанилүү" деп айтты. Анткени, сот токтом кылып, Чоноеваны алып келген. Ал болсо мыйзамды эмес, соттун токтомун жогору коюп, коргой турган адамдардын укугун сотто жактап берген жок.

Азырынча сот иши уланууда. Чоноеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Дагы караңыз Текебаевдин ишинде жаңы өңүт пайда болду

Адвокат тергөөчүгө көз карандыбы?

Мыйзам боюнча Кыргызстанда жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардам берилет. Мунун алкагында тергөө жана сот иштеринде мамлекет тарабынан атайын адвокат бөлүнөт. Адатта адвокатты ошол ишти тергеп жаткан тергөөчү чакырат. Адвокатка бул иши үчүн мамлекет тарабынан орто эсеп менен 500-1000 сом төлөнүп берилет. Ушул жагдайдан алып караганда мамлекет тарабынан берилген адвокат каралып жаткан иште тергөөчү менен кызматташканга кызыкдар болот жана ал келтирген жүйөлөргө макул болгон учурлары көп кездешет.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова адвокат менен тергөөчүнүн ортосундагы байланыштан улам тараптар келишимге барып жатышат деген пикирде:

Азиза Абдирасулова

- Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардам болуп жаткан соң, бул тескелүүгө тийиш. Тергөө муктаж болгон учурда адвокатты аныктап, жиберүү - адвокатура институтунун иши болушу керек. Мамлекет тарабынан укуктук жардамдын болгону жакшы, бирок адвокаттардын көз карандысыздыгын шарттай турган зарылчылык бар. Бул мыйзамды кайра карап чыгууга тийишпиз.

Жаңы кабыл алынган кодекстер боюнча тергөөчү каалаган адвокатын чакырууга укугу жок. Жаңы кодекстерге ылайык, тергөөчү Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардамдын негизинде катталып турган адвокаттарды гана чакырууга тийиш. Ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген адвокат айыпталуучунун же жабырлануучунун жактоочусу ооруп калып же узак убакытка жараянга катыша албаса, каза болуп калса же адвокат жалдоого акчасы жок болсо гана берилет. Бирок иш жүзүндө мындай жобо бузулган учурлар көп катталары айтылып келет.

Дагы караңыз Жарандардын даты, Жакупованын каты

Ушул тапта Ош шаардык соту Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун ишин карап жатат. Калыковдун эжеси Дарика Калыкованын айтымында, 4-ноябрда сотко шектүүнүн жактоочулары жүйөлүү себептери менен катыша албай калгандыктан сот мамлекеттик адвокат менен ишти уланткан:

Дарика Калыкова

- Сот Мелистин каршы болгонуна карабай, өзү адвокат чакырды. Каршылык кылганы үчүн Мелисти тартип бузду деп сот залынан чыгарып жиберди. Мелис жок эле сот уланды. "Соттук териштирүү бүттү, эртең өкүм чыгат" деди. Мелистин акыркы сөзүн да уккан жок.

Мелис Калыковдун адвокаттары мурунку жараянга катышпай калган себебин прокуратура өкүлдөрү "атайылап ишти создуктуруу аракети" деп баалашкан.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, адвокаттык ишмердүүлүк кылууга уруксат Юстиция министрлиги тарабынан мөөнөтсүз убакытка берилет. Адвокаттын ишмердүүлүгүнө нааразы тараптын арызы Адвокатура кеңешинин этика комиссиясына берилет. Аталган комиссия анын ишмердүүлүгүн убактылуу же биротоло токтотуу тууралуу чечим чыгарганга укуктуу.

Эксперттер белгилегендей кийинки убакта Кыргызстанда күчтүү адвокаттардын мууну өсүп келе жатат. Алардын арасында саясий куугунтукка кабылгандардын, журналисттердин укуктарын коргогондор, экономикалык кылмышка байланыштуу иштерде жактоочулук кылгандар көбөйдү. Бирок ошол эле учурда адам укуктары, экстремизм, терроризмге шектелип айыпталгандардын, маңзат пайдалангандардын укуктарын коргогон адвокаттар тартыш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.