Суроо жараткан сот чечимдери

Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Альбина Жээнбекова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы арызды жарым-жартылай канааттандырып, аны 300 миң сомго доого жыкты.

Ушул эле судья 2017-жылы ошол кездеги президент Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо боюнча башкы прокурордун арызын карап, журналист Нарын Айыпты 3 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 28-февралда Алмазбек Атамбаевди саясатчылар Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошондой эле «Апрель» телеканалына карата материалдык доону канааттандыруудан баш тартты.

Үч саясатчы «кадыр-баркыбызга шек келтирди» деп Атамбаев менен «Апрелден» жалпысынан 18 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Ишти райондук соттун судьясы Альбина Жээнбекова карады.

Жээнбекова 2017-жылы ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында берген доо арызын да караган. Анда ал журналист Нарын Айыпты 3 миллион сом материалдык доого жыккан.

Нарын Айып судья Жээнбекованын окшош эле иш боюнча материалдык чыгымды ар түрдүү аныктаганына төмөнкүдөй комментарий берди:

Нарын Айып.

- Судьялардын бирөө Октябрь райондук сотунун төрагасына барып «3 миллион сом деген көп. Мен аны азайтып 500 миң, 200 миң сом кылып берейин» десе «канча сурап жатса ошону канааттандырып бересиң» деп кууп чыгыптыр деп уккам. Азыр Атамбаевге 18 миллион сом доо коюлса, аны 300 миң сомго түшүрдү. Экинчиден, «Апрель» каналына коюлган 9 миллион сомдук доону такыр эле алып салды. Демек азыркы соттор калыс иштей баштады же сотторго президенттик аппараттан «сумманы азайткыла» деген тапшырма келген. Кайсы бир чечимди чыгарганы үчүн эч ким сотту күнөөлөй албайт экен. «Менин түшүнүгүм ушундай. Мен ушул чечимди калыс деп эсептейм» дейт экен. Кийин бир нерсе болсо «ошол учурда мыйзамды ушундай түшүнгөм. Азыр башкача» деп коёт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр май айында Нарын Айыпка карата материалдык доосунан баш тарткан. Бирок бул иш боюнча бардык инстанциянын чечими чыгып калгандыктан чечимдин өзү күчүндө калган.

Жарандык коом буга чейин «бийликтин көрсөтмөсүн аткарат» деген соттордун «кара тизмесин» түзүп, аларга каршы нааразылык акцияларын уюштурушкан. Аталган тизмеге райондук соттун судьясы Альбина Жээнбекованын да аты киргизилген.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Өмүрбек Текебаев баш болгон «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын ишин караган Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулуна да доомат көп айтылып келет.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова соттордун жоопкерчилиги тууралуу буларга токтолду:

Клара Сооронкулова.

- Сотторду жоопкерчиликке тартуу кыйын. Ошондуктан сотторго сөзсүз түрдө люстрация керек. Мисалы, ошол эле аты айтылып жаткан Эрнис уулу Айбек, Кымбат Архарова дегендер мурдагы бийликтин тушунда деле ар кандай буюртмаларды аткарып келишкен. Азыр деле аткарып жатышат. Андыктан саясий буюртма аткарган сотторго каршы люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алып, аларды тазалаш керек.

Өткөн аптада эле Алмазбек Атамбаев «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доо боюнча иш кайра Октябрь райондук сотуна жиберилди.

Акыркы учурлардагы коомчулуктун көңүл борборундагы иштер боюнча чечимдер өлкөдөгү соттук реформага байланыштуу маселени козгоду. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «кийинки убактагы иштер соттор дагы эле көз каранды экендигинен кабар берет» деген пикирде.

Чолпон Жакупова.

- Азыр көп кишилер «судьялар оңолуп калышты» деп сүйүнүп жатышат, - деди ал. - Бирок мен антип ойлобойм. Азыр судьялар бир кишиден эле көз каранды, ошонун гана көзүн карап отурушат. Мурда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Ошол эле соттор бир эле иш боюнча эки башка чечим чыгарып жатышат. Эгер эртең бийлик алмашып, бийликке Атамбаевдин командасынан киши келип калса, ушул эле судьялар башкача иштей баштайт. Бизде системалуу иш жок. Мыйзам сотторго өз алдынчалыкты берген. Бирок алар аны колдонууга эрки жетпей жатат.

5-мартта президент Сооронбай Жээнбеков сотторду кесиптик майрамы менен куттуктап, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алды. Анда өлкө башчы соттук реформа тууралуу сөз кылганын президенттик аппарат кабарлады.

- Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында судьялар корпусу коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын иш жүргүзүп, жарандардын калыс сотко ишенимин кайтарышы керек. Сот системасынын жаңыланышы улуттук стратегиянын кыска жана узак мөөнөттүү багыттарынын алкагында өлкөнүн өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш, - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева эл өкүлдөрүнө кайрылгандардын көбү сотторго нааразы экенин билдирди:

Айнуру Алтыбаева.

- Соттун чечиминде эки тарап бар. Анын бирөө сот чечимине ыраазы болсо, бирөө нааразы болот. Негизи депутаттарга жарандардын көбү соттордун ишине байланыштуу, сот реформасына нааразы болуп кайрылышат. Мен да эл катары сот реформасы тезирээк ишке ашса экен деп каалайм. Бирок мындай болбойт экен.

Президент 5-мартта мамлекет кийинки жылдары сот системасын реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга көңүл буруп жатканын да айткан.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Кыргызстандагы соттук реформа боюнча ою менен бөлүштү:

- Сот реформасы канчадан бери эле болуп келатат. Бийлик алмашкан сайын эле өздөрү каалагандай реформа кылып жатышат. «Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» дегендей болуп жатышат. Ал эми «материалдык-техникалык базаны чыңдоо деген» бул соттук реформага кирбейт. Реформанын негизги максаты - адам укуктарынын корголушун жакшыртуу. Карапайым эл «сотко барып адилеттик таптым» дегенде гана реформа болот.

Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо тууралуу айтылып келет.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген, бирок Жээнбеков кызматка барганы бул тармакта көп иштер жасала элек экенин билдирген.

Буга чейин айтылгандай, сот реформасын толук ишке ашырууга 2022-жылга чейин 17 миллиард сом керектелет. Бул каражат бюджеттен жана эл аралык донорлордон алынат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.