20-июлда Бишкектин Алматы жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде “Аю курулуш” компаниясына таандык турак жай комплексинде үстүңкү кабаттан 17-18 жаштагы эки улан кулап кетип мерт болгон, дагы бирөө ооруканага түшкөн. Бул окуя курулуштардагы коопсуздукка байланыштуу доомат-сынга жем таштады.
Адам өлүмү менен аяктаган окуя “Аю крулуш” компаниясына таандык көп кабаттуу үйлөрдөн турган “Сары-Челек” турак-жай комплексинде болгон. Бул компаниянын юристи Ырысбек Күлчороевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, жалданып иштеген ишканалардын биринин жумушчулары кырсыкка кабылган:
- Ал жерде онго жакын подрядчы компания бар. Биз алар менен келишим түзгөнбүз, аларга акчасын гана төлөп беребиз. Алар болсо келишимде көрсөтүлгөн жумуштардын баарын аткарат. Ошондой келишим менен иштеп жаткан бир компаниянын жумушчулары эле. Бул компанияга коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр берилген, журналдар толтурулган, ата-энесинин уруксаты алынган деп айтып жатат. Ал балдардын жанында болгон жумушчулар болсо көтөрө турган механизмди туура эмес иштетип алды деп жатат. Эми бул кырсык, балдар кайтыш болуп калды. Биз акчасын төлөп беребиз, калганына ошол компания өзү жооп берет. Бирок биз аларды силер күнөөлүүсүңөр деп таштап койгон жокпуз, жардам берип жатабыз.
Бул кырсыкты милиция кызматкерлери менен кошо Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция иликтей баштады. Инспекциянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн өкүлү Турусбек Жумалиев эки жуманын аралыгында кырсыктын себеп-жагдайлары иликтенерин айтып берди:
- Иликтеп, себебин таап чыгышыбыз керек. Балким жумушчу өзү күнөөлүү болуп калгандыр. Курду тагынбай койгондур же куру үзүлүп кеткендир. Жыртык-тешиктер жабылбай калып, ошого түшүп кулап кетиштиби? Эгер андай болсо ошол компания күнөөлүү болот. Анткени жыртык-тешиктин баарын бүтөп, коопсуздук чараларын көргөндөн кийин, шарттардын түзүп берген соң гана жумушчуларды коё бериши керек. Бул жерде ар бир нерсени териштирип чыгыш керек. Ошол жумушчуларга коопсуздук техникасын үйрөткөнбү же көчөдөн алып келип эле иштетип жатканбы? Анткени азыр ушундай фактылар көп катталып жатат.
Анткен менен курулуштагы мындай кандуу окуяларга байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өзүнө да доомат көп.
Жарандык активист Калича Умуралиеванын баамында, коопсуздукка байланышкан көп жагдайга көз жумду мамиле жасалып жатат:
- Көп учурда жаш балдар каза болуп жатат. Өткөндө курулуп жаткан 9 кабат үйдөн 16 жаштагы бала кулап өлүп калган. Бул Экотехинспекция коопсуздук техникасы кандай болуп жатат, эмгек келишими ким менен, кантип түзүлүп жатат дегенди жакшылап карап чыгыш керек. Айрым бир курулуш компаниялар көчөдө турган арзан жалданма жумушчуларды алып келип иштетип жатат. Жаш балдар болсо коопсуздук техникасын билбейт. Мурун коопсуздук техникасы боюнча инженер деген болчу. Акчаны үнөмдөөнүн айла-амалынан ушундайга барып жатышат. Негизи курулушка 16-17 жаштагы балдарды албаш керек. Акчаны үнөмдөйбүз деп эрежени бузуп жатат. Мындай окуялар Экотехинспекция начар иштерин көрсөтөт.
“ЖИА” бизнес биримдигинин курулуш комитетинин жетекчиси Нарбек Абдуллаевдин пикиринде, соңку жылдары коопсуздук чаралары аздап жакшырып келатканы менен негизги кемчиликтер жоюла элек:
Эми бул кырсык, балдар кайтыш болуп калды. Биз акчасын төлөп беребиз, калганына ошол компания өзү жооп берет.
- Бул коопсуздук техникасы боюнча инженерден сырткары прораб, бригадирлердин да жумушу. Андан сырткары бул жерде адамдык фактор да бар. Жумушчуларда кайдыгер мамиле жасабаш керек деген менталитети өөрчүй элек. Мисалы, башыңа, бутуңа атайын кийимдерди кий деп эскерткени менен ошого маани бербей, бир күн кийип, экинчи күнү эле чечип салгандар болот. Ошондой нерселердин баарын күндө айтып туруш керек. Менин Орусияда, Түркияда курулуш тармагында иштеген тажрыйбам бар. Биз алардын деңгээлине жете элекпиз, тилекке каршы. Бирок беш-он жыл мурдагыга караганда бир аз жылыш бар. Анткен менен кемчиликтер да азая элек.
Бишкекте ушул тушта миңге чукул ар кандай объект курулуп жатат жана басымдуу бөлүгүндө коопсуздук эрежелери сакталбайт. Байкоочулардын баамында, адам өлүмү менен аяктаган кырсык болгондо адатта курулуш компаниялар ар кандай айла-амал менен жоопкерчиликтен качканга аракет кылат.