Энергетиктерге камкордук, компьютердин зыяны

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 219-беренесине ылайык, жумуштун саламаттыкка зыяны бар болсо, ишкана сүт жана ден соолукту чыңдоочу тамак-аш берип турушу керек.

Улуттук энергохолдинг компаниясы компьютерде отуруп иштеген жумушчуларына 2017-жылы 3 миллион 700 миң сом кенемте төлөгөнү талкууга түштү.

Бул төлөм Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган. Улуттук энергохолдинг мында мыйзам бузуу жоктугун, кенемте өкмөттүн 2015-жылы чыгарган токтомунун негизинде төлөнгөнүн айтууда.

Бирок өкмөттүн аталган токтомунда компьютерде иштеген кызматкерлерге кенемте төлөнсүн деген өзүнчө жобо жок. Ага карабай, адистер электрондук жабдуулардын зыяндуу экенин эске алуу менен кызматкерлерге камкордук көрүлүшү керек деп эсептешет.

Компьютерсиз жумушту элестетүү кыйын болуп турган азыркы заманда Кыргызстанда жумушчуларга кандай тартипте кошумча акы берилиши керек?

Өкмөттүн токтому бар

Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы компьютерде иштеген жумушчуларга төлөнгөн кенемте өкмөттүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомунун негизинде ишке ашканын айтууда.

- Акы төлөнгөн ар бир орун үчүн санэпидкөзөмөл станциясынын тийиштүү аныктамасынын негизинде аттестация өткөрүлгөн. Компьютер адамдын ден соолугуна зыян келтирген учурлар аныкталгандан соң кенемте берилген. Баары мыйзамдуу. Биз токтомду артка кайтарууга акыбыз жок, бирок аткарбай койсок болот. Учурда бул эрежени кайрадан карап жатабыз, мындан ары кенемте төлөнбөйт, – деп айтылат компаниянын маалыматында.

Өкмөттүн токтому «Oop жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин бекитүү жөнүндө» деп аталат.

Энергохолдингдин кызматкерлерине төлөнгөн кошумча акыдан улам Кыргызстандагы мекеме-ишканаларда компьютерде иштегендерге кенемте төлөөнүн чоо-жайын тактаганга аракет кылдык.

Иллюстрация.

Өкмөттүн төрт тиркеме жана 92 пункттан турган 2015-жылкы токтомунда компьютерде иштегендерге кошумча акы төлөө өзүнчө жазылган эмес. Кенемте негизинен тоо-кен тармагында, химиялык цехтерде, боёк көп иштетилген жерлерде эмгектенгендерге жана нур көп колдонулган мекемелердин кызматкерлерине таандык.

Мындай эреже 1997-жылы жазылып, андан соң бир канча өзгөртүү кирген. Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун маалыматына караганда, кенчилер такай болбосо да кошумча акы алып жүрүшөт.

Компьютер үчүн кенемте

Токтомдун биринчи тиркемесиндеги эрежеге ылайык, кооптуу иште эмгектенгендерге жылына бир жолу маянасынын 30 пайызынан аз эмес, зыяндуу жумушта иштегендерге жылына айлыгынын 15 пайызынан кем эмес кенемте берилиши керек.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын Техникалык инспекция бөлүмүнүн адиси Догдурбай Тыныбековдун айтымында, ошол пункттун "зыяндуу" деген аныктамасына компьютерде иштегендердин жумушун кошсо болот. Муну ал компьютердин саламаттыкка терс таасир тийгизери тууралуу окумуштуулардын изилдөөлөрү бар экени менен негиздеди:

- Ошол токтомдун башында “Жумуш орундун аттестациясынын негизинде” деген сөз бар. Аны санэпидкөзөмөл ишканасы аныктап берет. Компьютерде көп иштегенде зыяндуу нурлар чыгып, саламаттыкка зыян тийгизет.

Тыныбеков токтом ар бир ишканада, менчиктин түрүнө карабай аткарылышы керектигин белгилейт.

Дагы караңыз Телефондон чыккан нур баланын көзүн оорутат

Электрондук буюмдар боюнча адис Канат Карымшаковдун айтымында, компьютер жаңы-эскилигине карабай адамдын саламаттыгына зыяндуу:

- Электрондук жабдуулардын баары иштете баштагандан тарта нур бөлүп чыгарат жана ден соолукка зыян. Жаңы-эскисине карабайт. Азыр компьютердин заманы болгондуктан, андан кача албайбыз. Болгону эрежени сактап, эки саат сайын таза абага чыгып турушубуз зарыл. Компьютердин артында дубал болгону жакшы.

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 219-беренесине ылайык, жумуштун саламаттыкка зыяны бар болсо, ишкана сүт жана ден соолукту чыңдоочу тамак-аш берип турушу керек. Кесиптик кошуундар федерациясынын адистери мындай эрежени ишканалардын кызматкерлери гана эмес, жетекчилер да көп биле бербестигин белгилешет. Алардын айтымында, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин укуктарынын корголушу үчүн ишканадагы кесиптик кошуундардын төрагасы милдеттүү.

Биз сурамжылаган бир катар мекемелердин ичинен Коомдук телерадиокорпорациясында кызматкерлерине кошумча төлөмдөр бар экенин, “Демирбанк” кассирлерине акча кагаздарынын зыяны үчүн дайыма айран берип турарын билдик.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.