Мэрия үшүгөндөр үчүн чатыр тикти

Алардын баары мейманканаларга, мектептерге жайгаштырылып, ысык тамак, жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ысык чай берген 40тай жылуу чатырларды орнотту.

Чатырларга жолдо бараткан жөө жүргүнчүлөр жана жумушчулар жылынуу үчүн кайрылып жатышат. 

Баш калкалоочу жайлардын бардыгында жана кээ бир муниципалдык ишканаларда кайрылгандар үчүн ысык тамак уюштурулуп, түнөөчү жайлар иштөөдө. Мындай жайлар шаардын бардык райондорунда уюштурулду.

Ушул күндөрү Кыргызстанда суук күчүндө. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн -23...-25, күндүз -16...-18 градус болууда. Мындай аба ырайы 29-январга чейин сакталат.

26-январда Бишкек Жылуулук борборунда болгон кырсыктан кийин көп кабаттуу үйдөгү батареядагы суунун температурасы төмөндөгөн. 

Бишкек шаарында ызгаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.