“Үркүн” кыргыз-орус алакасын бузабы?

"Үркүн" тасмасын тартуу учуру.

"Саякбай" жана “Куткелди” коомдук фонддору тарабынан тартылып бүткөн Үркүн тууралуу тасманы көрсөтүүгө уруксат берилбей жатат.

Авторлор муну кыргыз-орус мамилелерине байланышкан саясий себептерден улам деп божомолдошууда. Ал эми Мамлекеттик кинофонд аталган тасма учурда атайын комиссиянын сынына коюла электигин, эгер тасма кино боюнча мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берсе, кийинки жумада бет ачары өтөт деп ишендирди.

Эки саатка жакын созулган тасмада 1916-жылкы кандуу окуядан улам Кытайга качкан бир үй-бүлөнүн тарыхы чагылдырылган. Окуянын жүрүшүндө жай турмуштун ырахатына балкып турган карапайым журтчулуктун баскынчылардан кантип жапа чеккени, Үркүн окуясы эмнеден улап келип чыкканы сүрөттөлөт.

Куралдуу аскерлерге туруштук бере албай Кытайды көздөй качкан көч ашуу ашып, бел ашып баратып ар кандай кырсыктарга туш болот. Тасмада ок жаңылып онтоп жаткандар, ашууда көк жалтаң муздан тайгаланып жаракага түшүп кеткендер, карышкырга жем болгондор, суукка тоңуп калгандар бар.

Авторлор бул тасманы ушул жылдын башында тартууга киришип, көрүүчүлөргө 31-август - Эгемендик күнүнө карата тартуулоону максат кылышкан. Бирок сценарийдин автору, тасманын продюсери Мухтар Атаналиевдин айтымында, эмнегедир белгиленген убакытта тасманы көрсөтүүгө тиешелүү мекемеден уруксат берилбей калды:

- Мен так ушул адам биздин тасманы көрсөтүүгө уруксат бербей жатат деп айта албайм. Баары эле тасманы элге чыгарууга кызыкдар болуп жаткандай. Бирок уруксат берүү жоопкерчилигин эч ким моюнуна алгысы келбегени көрүнүп турат. Баары эле “уруксат беребиз” деп жатат. Бирок чындыгында азырынча тиешелүү мекемелер расмий уруксат бере элек.

"Үркүн" тасмасын тартуу учурунда.

Атаналиев уруксаттын кечеңдешинин артында кыргыз-орус мамилесине көлөкө түшүп калабы деген кооптонуу бар деп болжойт:

- Биз билген бир себеби: айрымдар “биз орус эли менен учурда жакшы мамиледе болуп келе жатпайбызбы, силердин тасманы көргөндөн кийин алар менен касташып калбайбызбы” деп кооптонушат. Кээде мен тааныбагандар чалып алып: “Мухтар байке, эмне эле болуп жатасыз, силер убара болуп тарткан киноңор текчеде жатып калбайбы” деген да сөздөр болду. Өзүбүздүн эле жаныбызда жүргөндөрдөн: “Эй, жалгыз жүрбөсөңчү, бул деген чоң саясат, аны түшүнбөйсүң” деген коркутуулар да болду. Ошол эле учурда элдин алдындагы жоопкерчиликтен да коркобуз. Аталган тасманы коомчулукка сунуштоо керек.

Тасманын режиссеру Медин Учукеевдин айтымында, кинонун сценарийи тартылганга чейин Үркүн темасын изилдеген тарыхчылар, адабиятчылар, окумуштуулар тарабынан такталып, Кино департаменти, мурдагы Маданият министри Алтынбек Максүтов менен макулдашылган:

- Тартып бүтүп жыйынтыктап койгондо кинону көрсөтө турган күндүн такталбай жатканы өкүнүчтүү болуп турат. Себеби ар кайсы жерлерден уруксат алыш керек экен. Биз тиги жакка барсак, бул жакка жумшайт, бул жагы дагы башка жакка жумшап азыркыга чейин аны көрсөтүүгө уруксат ала элекпиз. Менимче, мында кайсы бир улутка шек келтирүү жок. Биздин кинобузда болгону бир эле айылдагы элдин окуясы камтылган.

"Үркүн" тасмасын тартуу учурунда.

Мамлекеттик кинофондун жетекчиси Урмат Айталиев аталган тасма тууралуу расмий кайрылуу жаңы эле келип түштү, бир жума аралыгында атайын комиссиянын кароосуна коюлат деп ишендирди:

- Биз айына он, жыйырма чакты тасманы карайбыз. Комиссия отуруп көрөт да. Ар биринин өзүнүн убактысы бар. Бир жума каралышы керек. Менин колума азыр келди. Бул кинону элге жеткиргенге биз өзүбүз кызыкдарбыз. Кошо иштешели деп жатабыз. Азыр кинонун ээлери келген экен чогуу иштешели, биз да аракет кылалы дедим. Жанагы уруксат берүүчү кагазды сурап келиптир, аны мен чечпейм, комиссия чечет да. Комиссияга эртеңкиге коем го.

Комиссия уруксат берсе тасма кийинки жумада көрүүчүлөрдүн сынына коюлчудай.

Кино жаратуучулар бул көркөм тасмага кесипкөй актерлер тартылганын жана ага 100 миң доллардан ашык каражат сарпталганын айтып жатышат. Үркүн тууралуу бул тасманын башкы демөөрчүлөрү "Саякбай" жана “Куткелди” коомдук фонддору.