Чоң-Алай: кырсыктан кийинки жашоо

Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик 6 баллга жеткен катары менен болгон жер титирөөдө Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үйгө зыян тийген.

Жабыркагандарга кыргыз өкмөтү жеңилдетилген баада курулуш материалдарын берген.

Чоң-Алайда башка аймактарга салыштырмалуу суук эрте түштү. Айрым жерлерине кар жааган. Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары жаан-чачынга карабай үй куруп жатышат.

Жабыркагандарга эл аралык Кызыл Ай жана Кызыл чырым уюму гуманитардык жардам жеткирген.

Жуунучу жай.

Дээрлик ар бир үйдө Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясынын белгиси түшүрүлгөн чатырлар тигилген. Аны жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген.

Жабыркагандарга РСК жана Айыл банктарынан 50 миң сомго чейин күрөөсүз насыя бериле баштаган. Агахан фонду да көмөк көрсөттү.

Катуу суук түшкөнгө чейин үйдү бүтүрүп алуу аракетин көрүп жаткан Абдужалил Гаимов.

Жалгыз бой эне, 52 жаштагы Майрам Үмөталиева демөөрчүнүн жардамында жаңы үй тургузуп алды.

Кыргызстандык жарандар жардам катары 25 миллион сомдой каражат чогултуп, ал жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 39098 сомдон бөлүндү.

Жаңыланган үйлөрдүн бири.

Чоң-Алайдагы көчөлөрдүн бири.

Чоң-Алайда жазында жер титирөөдөн жабыркаган турак жай ээлеринин айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалоодо.