Ак-Башат: "Жундага" берилген жердин чыры

“Жунда” заводуна жердин берилишине каршы демилгелүү топтун өкүлү Искендер Бейшенбаев президенттин алдындагы “Мурас” фондуна кайрылган. Анда аталган фонд кыргыз өкмөтүнүн чечимин мыйзамсыз деп тапкан жана "тарыхый-маданий мурастарды сактоо максатында бул жер берилбеши керек" деген бүтүм  чыгарган. 

Бул жерде мындан 2,5 миң жыл илгерки Сак дооруна таандык тарыхый коргондор жайгашкан. 

Кыргыз өкмөтү “Жунда” заводунун артындагы 217 гектар жерди  аталган заводго “өндүрүштү кеңейтүү максатында” деген жүйөө менен 49 жылга ижарага берген. 

Кыргыз өкмөтүнүн токтому.

Кытайлык "Жунда" мунай заводуна жер берүүгө каршы демилгелүү топтун өкүлү, Ак-Башат айылынын тургуну Искендер Бейшенбаев.

Бул дөңсөөлөр байыркы Сак дооруна таандык коргондор. Жалпысынан каз катар болуп эки кылкада тизилген 25 коргон бар.

Ак-Башат айылдык кеңеши жер боюнча өкмөттүн токтому чыкканда эле айыл депутаттары чукул жыйынга чогулган. Анда келишим түзүүнү токтотуу, Жогорку Кеңеш менен премьер-министрге кайрылуу жолдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Айылдык кеңештин депутаты Мейдан Шавкетов талаптарынан кайтпай турганын айтууда.

Кытайлык компания айылдык кеңештин жер берүүнү токтотуу тууралуу чечими боюнча сотко кайрылган. Сот “Жунданын” пайдасына чечим чыгарган.

Ак-Башат айылдык кеңеш жер боюнча өкмөттүн токтому чыкканда эле чукул жыйынга чогулган. Анда келишим түзүүнү токтотуу, Жогорку Кеңеш менен премьер-министрге кайрылуу жолдоо тууралуу чечим кабыл алынган.