Чек араны бузуп киргендер качкындарбы?

Кыргыз-кытай чек арасы толугу менен такталган.

Ошто кыргыз-кытай чек арасын бузуп өткөн деген шек менен тогуз кытай жараны кармалды.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева окуя 14-майда Ошто Эркеч-Там чек ара тозотуна караштуу аймакта болгонун айтып берди. Кармалган тогуз кытай жаранынын жанында документ болгон эмес жана жөө жүрүшкөн:

- Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган чет өлкөлүк жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусунун Алай райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Чек ара кызматы кармалгандардын улутун тактаган жок.

Ушул жылдын башында, 7-январда да чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген шек менен үч кытай жараны кармалган. Кармалгандар Окуя Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагында болгон.

Чек арачылар машыгуу маалында

Колго түшкөндөрдүн экөө кыргыз, экөө тең 21 жашта, ал эми үчүнчүсү 17 жаштагы уйгур улутундагы жаран экени аныкталган. Алар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургундары экени айтылган. Кыргыз бийликтери кармалгандарды тез эле Кытайга өткөрүп берген. Башында Кытайдагы кысымдан улам качып келди делген шинжаңдык үч жигиттин тез эле кайра артка кайтарылып берилиши сынга кабылган.

Алмазбек Козубаев “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин өкүлү. Ал чек араны мыйзамсыз өттү деп кармалган чет өлкөлүк жарандар боюнча укуктук жол-жобону түшүндүрүп берди. Ага ылайык эң оболу чек арачылар мыйзамсыз өткөнүн так далилдеп бериши керек:

- Чек арачыларда кытай тараптан мыйзамсыз өттү деген божомол болгон болсо алар жетиштүү далилдерди чогултушу керек. Себеби, бул Кылмыш-жаза кодексинде жазылган кылмыш болуп эсептелет да. Ошол кылмыш далидениши керек. Алар Кыргызстандын аймагында жүрүп ошол жакка барып калышканбы, же тигил тараптан мыйзамсыз өтүп келгенби деген жагдайлар такталышы керек.

Чек арачылар

Алмазбек Козубаев чек арадан качкындар да өтүп келишерине токтолду. Эгер чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен кармалгандар башпаанек сурай турган болсо мыйзамга ылайык, арызын алып Миграция кызматына кабарлоо керек:

- Кайсы бир чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагына келип, ушул өлкөнүн коргоосуна муктаждыгын билдирсе, качкын экенин айтышса чек арачылардын аны кайтарып жибергенге акысы жок. Алар кылмышкер да болуп калышы ыктымал. Ошондуктан жагдайлардын баары текшерилгенче алар атайын жайда кармалат. Арызы болсо миграция кызматына өткөрүлүп берилет. Миграция кызматы болсо алардын чындап эле качкын экенин тактайт. Чечим чыкканга чейин “башпаанек издөөчү” деген макамы бар күбөлүк берет. Кармалгандар качкын экенин далидеши керек, качып келген себептерин айтып бериши керек.

Буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстан өзүнөн алда канча кубаттуу Кытай өңдүү коңшусунан тайсалдап, качкындар маселесинде эл аралык укук нормаларын бузган, адам укугуна шек келтирген кадамдарга барган учурлары болгонун айтып келишкен.

Кыргыз-кытай чек арасында кандуу окуялар да катталган. Мындан эки жыл мурун, 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Шыйрак чек ара тилкесинен Кытайдан 11 адамдан турган топ өтүп келип, аңчылык чарбанын башчысы Александр Барыкинди мууздап кетишкен. Алардын баары тең каршылык көрсөттү деген жүйө менен атып өлтүрүлгөн. Кийинчирээк алар Кытайдагы экстремист-террорчул уюмдун мүчөлөрү болгон деп кабарланган.